Европага таанылган биринчи кыргыз сүрөтчү

Папан Дүйшөнбаев, жазуучу, Бишкек

Туман Жумабаев

Сүрөттүн булагы, Википедия

Ынтаа-ыклас болуп, маанай ылайык келе калганда кеңири белгилүү сүрөтчүлөрдүн китептердеги репродукцияларын караштырып турам. Ар чоң сүрөтчүнүн өзүнө гана мүнөздүү жагы бар. Леонардо да Винчи-гармония, Рубенс - адамдын денесинин жана вулкандай оргуп турган негизги инстинкттеринин ырчысы, адамдардын көздөрүн чагылдырууда Ренуарга эч ким жетпейт, Шишкин - орус токоюнун жарчысы, Сарьян-жарыктын жана түстөрдүн музасы ж.б.у.с.

Туман Жумабаевдин чыгармалары менен алгач таанышканымда анын сүрөттөрүндө жогорку деңгээлдеги искусствого мүнөздүү өзгөчө сапаттар бар экенин дароо сезгем, анын сүрөттөрү бир көргөндөн кийин көпкө чейин оюңдан кетпейт, кайра-кайра карагың келе берет. Оюңда ар кандай ассоциациялар, элестер жаралган менен, атайын билим жана даярдык, анын үстүнө бул жаатта көндүм да болбогон соң, аларды так кынаптап, жеткире айтып берүү кыйын. Андан көрө ал маселе боюнча билими, даярдыгы бар адистерге эле кайрылган оң.

Т. Жумабаев 1962-жылы 10-мартта Аксы районундагы Жеңижоктун мекени Кара-Суу айылында туулган. Быйыл анын жарык дүйнөгө келгенине 62 жыл, ал эми дүйнөдөн кайткандыгына 4 жыл болот. Мына ушуга байланыштуу кыргыз сүрөтчүлөрүнүн арасынан биринчи болуп Европаненын деңгээлине чыккан, эл аралык “Маковая прерия” (Париж) сынагынын эки жолку жеңүүчүсү, АКШнын портретчилер ассоциациясынын мүчөсү, чыныгы эл аралык таанууга жетишип, дүйнөнүн эң абройлуу жайларында 90дон ашык жеке көргөзмөсүн тартуулаган жердешибиз жөнүндө убагында россиялык көрүнүктүү искусство таануу жазган макаланын котормосуна көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Талант жана тайбаган өжөрдүк

Жумабаев Туман

Сүрөттүн булагы, bogemnyipeterburg.narod.ru

Михаил Герман, Гуманитардык илимдер Академиясынын академиги, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык көркөм өнөр сынчылар ассоциациясынын мүчөсү, Мамлекеттик орус музейинин башкы илимий кызматкери

Туман чет өлкөлөрдөгү жана Россиядагы мамлекеттик Эрмитаж, Гуанчджоудагы (Кытай) Азыркы искусство музейи, Москвадагы сүрөтчүлөрдүн борбордук үйү жана Союздар үйү, Самарадагы облустук көркөм музей сыяктуу бир катар ири жана абройлуу экспозициялык аянттардагы жана галереялардагы көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Анын сүрөттөрү эларалык Affordable Art Fair фестивалдарында Сингапурда, Сеулда жана Стокгольмдо көрсөтүлүп, мыкты бааларга арзыган.

Туман жыл сайын жер шарынын ар кайсыл жерлеринде көргөзмөлөрдү уюштуруп өткөргөн Эл аралык спорттук “СпортАккорд” конвенциясынын расмий живописчиси болуп саналат.

Сүрөтчүнүн картиналары Москвадагы, Петербургдагы мыкты үйлөрдүн ардактуу төрлөрүндө, анын чыгармаларын коллекция кылган россиялыктардын арасында –Владимир Путин, Елена Образцова, Алиса Фрейндлих, Николай Расторгуев сыяктуу ж.б. бар.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Санкт-Петербургдун маданиятынын Кытайдагы күндөрүнүн” алкагында Санкт-Петербургдун Маданият боюнча комитети жеке көргөзмөсүн өткөрүү үчүн андагы 4,5 миңден ашык живописчинин арасынан эң чыгаан жана таланттуу катары Туман Жумабаевди тандаган. Живопистин Россиядагы мектебинин мыкты үлгүлөрүн көрсөтө турган көргөзмө Гуанчджоу шаарынын Азыркы искусство музейинде өткөрүлгөн.

Туман кистисин холстко сүрткөндө таң каларлык гүлдөрдү, торчолорду түшүрүп, алар бириккенде абадай жеңил обологондой таасир калтырган пейзаждарга, ажайып натюрмортторго, элестүүлүгү өзүнө тарткан портреттерге айланган Импрессионисттик стилде иштейт. Ал эл аралык таанууга ээ болуп, дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндө 90дон ашык көргөзмөсүн тартуулады.

Живописте Туман Жумабаев азыр сейрек кездешкен- күчтүү темпераментин холсттогу аярлыкка, сыпаа маданиятка айкалыштырган ыкмада иштейт. Омоктуу кесиптик даярдыкты тайманбай жаңычылдыкка айкалыштыруу - ийгиликтин жана кайталангыстыктын ишенимдүү негизи болуп саналат.

Ал омоктуу кесиптик мектептен чыккан. Ал сүрөт тартууну сүйөт жана аны мыкты өздөштүргөн.1980-жылдардын башталышында сүрөтчүлүктү мыкты үйрөткөн В.Серов атындагы окуу жайдан билим алып, 1991-жылы Көркөм Академиянын Репин атындагы институтун аяктаган.

Бир караганга Туман Жумабаевдин тарткандары жөнөкөй жана назик сыяктанган менен, алардын артында өзгөчө эмгекчилдик жана аракетчилдик жатат. Кыргызстандан Ленинградка келгенден кийин ал кыска убакыттын ичинде орус тилин гана мыкты өздөштүрбөстөн, Европанын азыркы искусствосунун мейкиндигине эркин кирип кетти.

Биздин маданият кардиналдуу өзгөрүп жатканда өз кесибине жана салтына берилүүнү бекем сактап, өз алдынча бойдон калуу кыйын. Мезгил чыныгы искусствону эмес, моданы жана жеңил оокаттарды сүйгөндөрдү сүрөөдө.

Диссиденттиктин кадыры кетти, кесипкөйлүк унутулуп, баары “main-streamга” жетүүгө ашыгышууда. Мурдагы баалуулуктар жана идеалдар кыйраган. Батыштык искусство сүйүүчүлөрдүн жана сатып алуучулардын кызыгууларынын азаюсу- жөндөмдүү жаш сүрөтчүлөрдү абдыратып, апатияга, кайдыгерликке дуушар кылууда. Анын үстүнө мурдараакта батылдыгы жагынан таң калтырган айрым картиналардын көркөмдүк сапаттарынын начардыгы билине баштады. Мына ушул убакта Жумабаев жогору баалаган кесипкөйлүк жана өз алдынчалык эркиндиги- анын чыгармачылыгында чечүүчү роль ойноду.

Декоративдүүлүктү чыныгы драмага айкалыштырган “Качкындар” деген так ритмдүү, кыскалыкты, масштабдуулукту жана мейкиндикти сезүүнү сактоону бир эпизодго батырган эмгеги анын дипломдук иши (жетекчиси Ю.М.Непринцева) болгон. Азыр Жумабаев универсалдык маанидеги сүрөтчү. Ал өзүн: портрет, пейзаж, натюрморт деген классикалык триада менен чектөөдө. Бирок, ал бул жанрларда ушунчалык эркин иштегендиктен майда-чүйдөсүнө чейин жеткире иштелген салттуу турмуштук сүрөттөрдү тартып, дээрлик предметсиз метафорага жакындоодо.

Туман Жумабаев

Сүрөттүн булагы, leningradcenter.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Елена Образцованын портрети

Туман Жумабаевдин искусствосунун күчтүү жагы - холстто зергердик деңгээлдеги табитте иштөө болуп саналат. Анын полотнодогу - бирде коюу пастадай болсо, бирде булуттардай жеңил, ачык, кристаллдай кылдат, түстүк жана тоналдык жактан өзгөчө гармониядагы көркөм сүртүмдөрүн дыкат караган адам А.Ивановдун жана импрессионисттердин сабактарын көрөт. Сабак деген - тууроо эмес. Жумабаевдин кистисинен салттуулугу, өзүнө гана мүнөздүү интонациясы байкалып турат. Анын үстүнө, дагы бир жолу кайталайм, айрым пейзаждары жана натюрморттору материалдык конкреттүүлүктү сактоо менен мотивине көз каранды болбогон өзүнчө толук көркөмдүк баалуулукка айланган.

Ошону менен бирге анын картиналары; негизин жогорку деңгээлдеги искусство түзгөн, “живопистин материалынын” тереңинде жаткан,картинага өзгөчө тактык берген өзүнө гана мүнөздүү музыкалык логиканы жана сымбаттуулукту сактап турат. Анын сүрөттөрүндө жөн эле окшоштурулгандар жок, баары поэзиялуу тактыкка негизделген, бул сүрөтчүнүн чоң артыкчылыгы болуп саналат. Так табит жана кылдат колорит аркылуу аябагандай поэтикалык жана кызыктуу сюжеттер да жөнөкөйлүктөрүн, поэзиясын жоготпойт. Ал натуралык этюддардын (анын ичинде портреттерди дагы) тупадан тууралыгын сактап, композициялык архитектоникага кошумча таасирлерди кошпогон сүрөттөрдү тарта алат. Ошону менен бирге живопистик үстүңкү бекем “катмар” (Сезанн ХХ кылымда калтыргандар) Жумабаевдин бир караганга акварелдик- тунук, жеңил, майрамдык деген картиналарына да мүнөздүү болуп саналат.

Азыр сүрөтчү- өткөндөгүлөр менен келечектин ортосунда. Бул мезгилде көптү билет, көп нерселер колунан келет, бирок аткаргандарынын кемчиликтерин да көрөт. Сандык жактан гана эмес, сапаттык жактан да Жумабаев көптү аткарды. Жакшы иштөө үчүн көп иштеш керек. Чыныгы чебердин жолу таштак, сүрөтчүдө андан ташыркабай өткөнгө “така” жок. Бирок, Туман Жумабаевде талант жана өз жолунан тайбаган өжөрдүк бар.

Туман Жумабаев. "Чумкугучтар"

Сүрөттүн булагы, spb.rakovgallery.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Туман Жумабаев. "Чумкугучтар"

Соңку сөз

Санкт-Петербург Россиянын маданий борбору. Туман ал шаарга 1979-жылы барып, негизинен чыгармачылыгын ага арнады, сөөгү да ошол өзү сүйгөн шаарда калды. Ал “Манаска” кызыгып жүргөн кезинде: “Манасты китепте кандай жазылса, ошондой тартпастан, өзүмдүн пикиримди берейин дедим эле. Кыргыздардын, Айчүрөктүн кийимдерин өзүм ойлоп таап тартам, 50-60 сүрөттөн турган бир серия тартсам дейм” деп жүрсө, ал максатын аткара албай кетти.

Россиялык искусство таануучулар Т.Жумабаевдин чыгармачылыгы жөнүндө дайыма: “ өзгөчө...”, “палитрасы бай жана сулуулукту, кооздукту майда деталдарына чейин көрө билет” дегендей маанилерде жазышкан. Ооба, ал өзгөчө таланттуу, жарыкчылыкка сейрек келчү кайталангыс чоң сүрөтчү болчу. Туман Жумабаевдин улуу көркөм дүйнөсү жөнүндөгү сөздөрдүн баары алдыда деп ойлойбуз. (КС)