Пропаганда же эскертүүбү? Тайванда Кытайдын ыктымал чабуулу жөнүндө сериал тартылды

"Нөлүнчү күндүн чабуулунда" тайвандык жоокерлер Дадан аралын коргошууда

Сүрөттүн булагы, Zeroday Cultural and Creative

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Нөлүнчү күндүн чабуулунда" тайвандык жоокерлер Дадан аралын коргошууда
    • Author, Тесса Вонг
    • Role, Би-Би-Си

Кытайдын согуштук учагы Тайван жээгиндеги сууга кулап, кытай аскер кемелери "издөө-куткаруу иштеринин" шылтоосу менен аралды курчоого алат.

Ошол маалда Кытайга өтө эле жакын, жээктен бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан Дадан аралын кайтарган тайвандык аскерлер түшүнүксүз жагдайда дайынсыз жоголо баштайт.

Бир түнү Дадан аралына балыкчылардын кайыгы келип токтойт. Асманга атылган ракетанын жарыгы кайыктан жаңы түшүп, жээкте топтолуп турган кытайлык аскерлерди даана көрсөтүп коет.

Бул тайвандык Zero Day Attack ("Нөлүнчү күндүн чабуулу") аттуу телешоунун баштапкы сценарийи.

"Нөлүнчү күндүн чабуулу" — бул компьютердик термин, ал программалык же техникалык жабдуудагы мүчүлүштүктү пайдаланып жасалган киберчабуулду билдирет. Теле-шоу Кытайдын Тайванга басып киргени тууралуу ойдон чыгарылган окуяга негизделген. Бээжин көптөн бери Тайванды Кытайдын ажырагыс бөлүгү деп эсептеп, бир күнү аны "кайрадан бириктирүүгө" убада берип келет. Муну ишке ашыруу үчүн күч колдонуу ыктымалдыгын да четке какпайт.

Өткөн дем алышта биринчи бөлүмү көрсөтүлгөн бул сериалды Тайвандын өкмөтү жарым-жартылай каржылаган.

Анын максаты Кытайдан келчү коркунучка коомчулуктун көңүлүн буруу.

Бирок сериал Тайванда саясий кырдаал өтө чыңалып турган учурда эфирге чыгып, айрымдар муну коомдо ашыкча коркунучту пайда кылууда деп сынга алышууда.

Zero Day Attack коомдун ар түрдүү катмарлары — президенттен тарта айыл тургундарына чейин баскынчылыкка кандайча каршылык көрсөткөнүн баяндайт.

Сериал кол салуунун бир нече сценарийине негизделген. Тасманы жаратуучулар бул сценарийлерди коргонуу тармагындагы адистер менен кеңешип түзгөн.

Алардын арасында Тайвандын байланыш тармагындагы үзгүлтүктөр, Бээжин жүргүзгөн жалган маалымат кампаниялары, башаламандыктарга шыкакчы болгон жана Кытайга жан тарткан "бешинчи колонна", ошондой эле душман тарапка өтүп кеткен аскерлердин аралга каршы уюштурган кутуму бар.

Сериалдын продюсери Чен Син-мэй Би-Би-Сиге мындай деп айтты:

"Мен бул сериал аркылуу тайвандыктарды согуш чындап жакындап келатканы тууралуу эскертким келди".

Ал Кытай акыркы убакта жалган маалымат таратууну жана "боз аймактагы" аскерий аракеттерди күчөтүп, коомду баш аламандыкка түртүп, улуттук иденттүүлүккө болгон ишенимди солгундатып жатканын белгиледи.

Сериал Тайванда баш аламандыкка жана зордук-зомбулукка үндөгөн кытай тарапкерлеринин "бешинчи колоннасын" көрсөтөт

Сүрөттүн булагы, Zeroday Cultural and Creative

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сериал Тайванда баш аламандыкка жана зордук-зомбулукка үндөгөн кытай тарапкерлеринин "бешинчи колоннасын" көрсөтөт

Кытайдын опузасы жөнүндө эскертип, аралдын коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө чакырган Zero Day Attack сериалындагы негизги идея азыркы бийликтеги Демократиялык прогрессивдүү партиянын жана анын лидери, президент Уильям Лайдын риторикасы менен үндөш.

Сериалды Тайвандын Маданият министрлиги жарым-жартылай каржылаган. Ал эми аскерлер тартуу жана өндүрүш иштеринде жардам көрсөтүшкөн. Өлкөдөгү өкмөттүк үлүшү бар эң ири телекоммуникациялык компания Chunghwa Telecom да долбоорду каржылоого катышкан.

Мындан тышкары Тайвандын көз карандысыздыгын жактаган белгилүү миллиардер Роберт Цао да каражат берген. Ал мындан мурда да жарандык коргонуу боюнча ар кандай программаларды каржылап келген.

Чен Би-Би-Сиге берген маегинде бийлик эч качан анын командасына басым жасабаганын билдирди. Ошондой эле ал бир дагы саясий партияга мүчө эместигин айтты.

Бирок Zero Day Attack сериалынын биринчи эпизоду эфирге чыга электе саясий чуу жаратты.

"Кургатылган манго сатуу"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өткөн жылы жарыяланган 17 мүнөттүк трейлер кыска убакытта эле жүз миңдеген көрүүлөрдү жана комментарийлерди топтоого жетишкен.

Айрымдар сериал аркылуу берилип жаткан коңгуроого муюганы менен, башкалар шоу коркунучту ашыкча күчөтүп, Кытай менен мамилени бузат деп сындашууда.

Сериалдын премьерасы өткөн соң талкуу мындан да күчөдү. Продюсердик компаниянын маалыматына караганда, ишемби күнү ал бир нече платформаларда эң көп көрүлгөн шоуго айланды.

Жакында оппозициядагы "Гоминьдан" партиясынын көрүнүктүү депутаты Ван Хунвэй Zero Day Attack сериалын "кургатылган манго сатуу" деп сындады.

Тайванда бул сөз өлкө кыйрайт деген ашыкча коркуу сезимин жараткан эвфемизмди түшүндүрөт.

Сериалды өкмөт каржылаганын эске салган Ван Демократиялык прогрессивдүү партияны "мамлекеттик аппаратты өзүнүн саясий максаттары үчүн колдонуп жатат" деп айыптады.

Тайван эл аралык стратегиялык изилдөөлөр коомунун өкүлү Ван Куни сериалды "Тайванды эч качан тынчтык болбой турган жерге айлантууга түртүп жатат" деп айыптады.

Анын пикиринде, Лайдын өкмөтү согуш коркунучун тутандыруу үчүн дагы бир жолу мүмкүн болгон бардык каналдарды колдонуп жатат.

Оппозиция да, Бээжин да Демократиялык прогрессивдүү партия менен Лайды көп учурда Тайвандын көз карандысыздыгын талап кылып жатат деп айыпташат. Ушундай мазмундагы расмий билдирүүнү Бээжин согуш жарыялоо катары кабыл алышы мүмкүн.

Мурда Лай өзүн "Тайвандын көз карандысыздыгы үчүн прагматикалык күрөшчү" деп атаганы менен, ал Тайван расмий түрдө көз карандысыздыгын жарыялоого муктаж эместигин, анткени өлкө буга чейин эле эгемен мамлекет экенин белгилеп келген.

Тайвандын президенти Уильям Лай жакында аскердик базага барган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайвандын президенти Уильям Лай жакында аскердик базага барган

Zero Day Attack сериалы жакшы пикирлерге да ээ болду. Коомдук PTS телеканалы жарыялаган материалда сериал "тайвандыктардын кооптонуу жана тынчсызданууларын чындыкка абдан жакын жана негиздүү чагылдырган" деп бааланган.

"Бул сериалды сөзсүз көрүү керек. Тайвандыктар муну азыркы абалыбыз менен байланыштыра алышат. Кытайдын Коммунисттик партиясына каршы туруш керек, анткени анын тактикасы ачыкка чыкты", — деп жазды фейсбук колдонуучуларынын бири.

Кээ бирлери өзгөчө биринчи бөлүмдү жогору баалашты. Анда баскынчылык президенттик шайлоо учурунда, зомбулук жана саясий күрөш жүрүп жаткан маалда байкалбай башталып жатканы көрсөтүлгөн.

Алар бул эпизод Тайван саясатындагы чыңалууну канчалык так чагылдырганына таң калышты. Июль айында аралда Кытайга өтө дос мамиледе деп айыпталган "Гоминьдан" партиясынын депутаттарын артка чакыртып алуу боюнча талаштуу жана ийгиликсиз добуш берүү болуп өттү. Кийинки айлампа августтун аягында болот.

Бул сериал добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү үчүн атайылап тартылганбы деген суроолорду жаратты.

Чен Би-Би-Сиге сериалды тартуу иши депутаттарды кайра чакыртып алуу өнөктүгүнө чейин эле башталганын айтты.

Акыркы жылдары Тайван "кытай баскынчылыгынан" коргонуу үчүн машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүп келет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акыркы жылдары Тайван "кытай баскынчылыгынан" коргонуу үчүн машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүп келет

Бул шоу Кытайдын басып кирүү коркунучу канчалык реалдуу деген суроону козгоду.

Кытайда 1949-жылы жарандык согуш аяктагандан бери Тайван өз алдынча өкмөткө ээ. Андан кийинки ондогон жылда арал негизинен тынч жашап, Кытай менен экономикалык байланыштарды түзүп келген.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, тайвандыктардын көпчүлүгү Бээжин жакын арада кол салат дегенге ишенишпейт жана Тайвандын Кытай менен болгон мамилесинде статус-квонун сакталышын жактырышат. Башкача айтканда, Бээжин менен биригүүнү да, расмий түрдө эгемендикти жарыялоону да каалашпайт.

Бирок акыркы жылдары Кытайдын басып кирүү маселеси кыйла курчуп, бул жагдай саясатташып кетти. Бээжиндин "боз зонадагы" аракеттери — кытай аскердик учактары менен кемелеринин Тайвандын аба мейкиндигине жана сууларына кайра-кайра кирип келиши жаңжал чыгышы мүмкүн деген кооптонууларды жаратууда.

Быйыл АКШ Кытайды Тайван үчүн "түздөн-түз коркунуч" катары баалады.

Америкалык чиновниктер Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 2027-жылга чейин Тайванга басып кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн аскердик кубаттуулугун арттырып жатканын бир нече ирет билдиришкен. Бээжин бул датаны эч качан ырастаган эмес. Бирок Лай бул эскертүүнү олуттуу кабыл алууда.

Ал Тайвандын аскердик чыгымдарын көбөйтүүгө убада берип, анын өкмөтү армияда реформаларды жүргүзгөн. Ал эми июль айында Тайван өз тарыхындагы эң ири жана эң узакка созулган "Хань Куан" машыгууларын өткөрүп, анда мүмкүн болчу кытай чабуулуна каршы коргонуу ыкмалары иштелип чыкты.

Лай бул аракеттер Тайвандын коопсуздугун сактоого багытталганын, согушту тутантуу максатын көздөбөгөнүн баса белгиледи. Бирок анын саясий атаандаштары ал Бээжинди Тайванга каршы тукуруп, аралды Кытай менен толук кандуу жаңжалга алып баратат деп айыпташууда.

Бээжин бир нече жолу Тайван менен "тынч жол аркылуу кайра биригүүгө" умтуларын белгилеп келет. Ал Тайвандын эгемендигин жактагандар элди мобилизациялоо үчүн баскынчылыкты шылтоо катары колдонуп жатат деп эсептейт.

Zero Day Attack телесериалы ушундай чагымдын бири катары каралууда. Өткөн жумада Кытайдын Коргоо министрлигинин өкүлү Чжан Сяоган Тайван өкмөтү бул шоуну "коркуу сезимин күчөтүү жана согуш чыгарууга аракет кылуу" үчүн колдонуп жатат деп айыптады.

Анын айтымында, Zero Day Attack "Тайванды согуштун оту менен курчап, тайвандыктарды "көз карандысыздык" үчүн курмандык катары пайдаланып жатат.

Бирок Чен өзүнүн шоуcу Кытайды жамандык катары сүрөттөбөй турганын белгилейт:

"Биз согуш жөнүндө, тайвандыктар кантип согушуп, ага кандайча жооп кайтарары тууралуу айтып жатабыз. Анткени үрөй учурган согуш дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун эч качан токтогон эмес". (АА)

Материалды Жойс Линин катышуусу менен Би-Би-Си Кытай кызматы даярдады

Материалдын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окусаңыз болот