УКМК уюлдук операторлордон эмне күтөт? Жаңы мыйзам долбоорун түшүндүрөбүз

Сүрөт-иллюстрация

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) куралдуу кагылышуу же өзгөчө кырдаал шартында айрым мобилдик каражаттарды өчүрүүнү жана абоненттер тууралуу маалымат алууну караган жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. Ага ылайык, улуттук коопсуздукка коркунуч жаралган учурларда шек жараткан телефон, планшет же башка байланыш каражаттарын тейлөө токтотулат. Бул уюлдук операторлор жана карапайым адамдар үчүн эмнени билдирет?

Комитеттин басма сөз кызматы бул жаңы өзгөртүүлөрдүн маңызы тууралуу Би-би-сиге төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

УКМК жалпы төрт документке өзгөртүү-толуктоо киргизип жатат.

  • Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси;
  • "Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө" мыйзамы;
  • "Контрчалгындоо иши жөнүндө" мыйзамы;
  • "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамы

Булардын ичинен маанилүүсү - "Контрчалгындоо иши жөнүндө" мыйзамына кирип жаткан жаңы өзгөртүү жана толуктоолор. Эмнеге?

Эмне өзгөрөт?

УКМК өлкөдөгү байланыш операторлорун абоненттери тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирип, алардын маалымат базасына, санариптик технологиялык тутумдарына көзөмөлдү өзүнө алгысы келет.

"Контрчалгындоо иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип жатабыз. Бул мыйзам долбоорунун жаңылыгы эле бул аппараттык программалык комплекстин ээси комитет (ред. УКМК) болот деген кирип атат. СТС (ред. маалыматты алуу үчүн колдонулуучу жабдыктар) көзөмөлүн да комитет өзүнө алат. Ушул эки эле норма жаңылык болуп кирип атат", -деп түшүндүрдү Би-би-сиге УКМКнын өкүлү.

Атайын кызмат жаңы мыйзам долбоору менен согуш маалында же өзгөчө кырдаалдарда мобилдик телефондорду жеринен убактылуу өчүрүү укугун дагы алгысы келип жатат.

"Уюлдук операторлордун системалары аркылуу биз тааныш эмес IMEI коду бар аппараттарды өчүрө алабыз. Элге туура түшүндүрүш керек. Мында коопсуздук маселеси болуп жатат жана да соңку кезде көз боёмочулар да көбөйүп кетпедиби. Телефон аркылуу алдангандар көп болуп жатат. Чет элдик жарандар биздин сим-карталарды сатып алып, шылуундук кылып атпайбы. Бул чара так ошого да стратегия", - деди УКМКнын өкүлү.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Документтин авторлору абоненттерди өчүрүү буга чейин деле "Электр байланышы жөнүндө" мыйзамы менен мүмкүн болуп келгенин, болгону анда мобилдик байланышты дүңүнөн өчүрүү гана мүмкүн болчу дешет. Ал мыйзам азыр күчүн жоготкон, ал эми жаңы мыйзам менен эми бутага алынган гана аппараттарды байланыштан чектесе болот.

"Электрдик байланыш жөнүндө" мыйзамын карасаңыз базалык станцияларды өчүрө алат деп жазылган. Бирок биз базалык станцияларды өчүрсөк элдин да телефондору өчүп калганы жатпайбы. Эми болсо кимдики өчүрүш керек болсо, ошонуку гана өчөт. Мисалы, террористтик объект бир имаратты басып алса, ал имаратта канча аппарат бар алардын мындай IMEI коддору бар деп, анан таамай өчүрө алабыз", - деди ал. - "Кечээ эле көрдүңүздөр Тажистан менен болгон кагылышууда баарын өчүрүп коелу десек, ал жерде милиция, ӨКМ кызматкерлери бар болду. Эл деле бир туугандары менен байланышка чыга албай калат. Ошол эле дрондорду алалы, алар GSM менен иштейт да. Биз ал система аныктоону жөнгө салдык. Мисалы бул дронго, бул болсо мобилдик телефонго, а мунусу планшетке таандык экен деп ажырата алабыз".

УКМК жаңы мыйзам долбоору өтүп кетсе, саясий курал катары колдонулбайбы деген тынчсызданууларды четке какты.

Мыйзам долбоордун негиздемесинде бул сыяктуу ыйгарым укуктар АКШнын (Patriot Act), Израилдин, Индиянын жана ЕБ өлкөлөрүнүн ченемдик актыларында бекитилгени белгиленет.

Кандай тобокелчилик бар?

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мындай ыйгарым укуктарга жетүү аракетин 2015-жылдан баштаган деген пикири менен бөлүштү.

Токтакунов атайын кызмат бул максатта буга чейин деле айрым укуктук актыларды кабыл алып, ар бир уюлдук байланыш операторун өз каражатына атайын аңдуучу аппарат алууга милдеттендиргенин айтып жатат.

"Ар бир ошол аппаратка атайын кызмат өкүлүн бекитип койгон. Ошондой ченемдик акт, инструкцияларды кабыл алган. 2015-жылы мен Конституциялык сотко бул боюнча кайрылгам. Байланыш операторлору бизди ошондо эле саткан. Алар өз кардарларын коргойбуз деп акырына чейин турушпады. Эл дагы буга анча көңүл бурбады. Де-факто биздин маалыматтарды эбак эле сатышкан. Азыр ошол нерсе эле де-юре болгону жатат".

Укук коргоочу УКМК сунуштап жаткан жаңы мыйзам долбоору кабыл алынса, жарандардын жеке жашоосу тууралуу маалымат тартип органдары үчүн ачык болуп калат деп кабатырланууда.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Укук коргоочу Нурбек Токтакунов

"Керек болсо каалаган убагында чыгарып алышат. Биздин телефон сүйлөшүүлөрдү укпаган күндө да чалуулардын алгоритми аркылуу эле көп нерсени билип алат. Атайын СОРМ деген аналитикалык система бар. Биздин жеке жашообуздун купуялуулугу сакталбай калат. Өзгөчө кырдаалдар деген жүйө келтире беришет. Бирок андай кырдаалдарда андайга бөгөт деле жок болот. Сот аркылуу деле кылмышкердин маалыматын сурап, ачса болот. Ал үчүн милиция иштеш керек, кайсы бир жаранды тыңшоо керектигин далилдеш керек. Алар болсо оңой жол менен, операторлорду маалымат берүүгө милдеттүү кылып, баарын оңой жасаганды жакшы көрүшөт".

Атайын кызмат коомдук талкууга койгон мыйзам долбоору менен Санарип кодексине ылайык документтердеги терминдерди да жаңылап алгысы келип жатат.

Былтыр Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталган. Юстиция министрлиги мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Ага ылайык, Мамлекеттик идентификация системасында катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.