Зеленский Лондондо европалык өнөктөштөрү менен жолугат

Украина

Сүрөттүн булагы, Reuters

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер дүйшөмбүдө Лондондо Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушат. Жолугушуу Украинадагы согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрдөн жылыш болбой жаткан шартта өтүп жатат.

Зеленский Дауннинг-стриттеги сүйлөшүүлөргө Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен бирге катышат.

Министр Пэт МакФадден жекшемби күнү Лондондогу лидерлердин сүйлөшүүлөрүнүн "алдынкы планында" Украинанын коопсуздук маселеси болорун билдирди. Ал АКШ жетектеген сүйлөшүүлөр "чындыгында чечүүчү кадамда" турганын белгиледи.

Майамиде өткөн үч күндүк талкуудан кийин АКШ президенти Дональд Трамптын мөөнөтү бүтүп бараткан Украина боюнча атайын чабарманы согушту токтотуу боюнча келишим "өткө жакын" экенин, бирок ал Орусия менен кызматташуудан көз каранды болуп жатканын билдирди.

Москва менен болгон жаңжал аяктагандан кийин Украина армиясынын саны жана Орусиянын Донбассты көзөмөлдөөсү сыяктуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөр токтоп калды.

"Эгерде биз бул эки маселени чечсек, калганынын баары жакшы болот деп ойлойм. Биз абдан жакындап калдык", - деди АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогг Reuters агенттигине.

Дүйшөмбүдөгү бетме-бет сүйлөшүүлөр европалык союздаштардын Украинада тынчтык орнотуу боюнча кезектеги аракети болуп калат.

Дауннинг-стрит жекшембиде жолугушууну ырастап, лидерлер "уланып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жана кийинки кадамдарга" көңүл бурушарын билдирди, бирок кеңири маалымат берген жок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ак үй Киев менен Москваны согушту токтотуу боюнча көп пункттуу планга макул болууга көндүрүүгө аракет кылып жатат. Бирок эки тарап тең жараянга катышып жатканына карабай, олуттуу жылыш боло элек.

АКШ менен Украинанын соңку сүйлөшүүлөрү өткөн дем алыш күндөрү аяктады. Зеленский Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен сүйлөшкөндөн кийин АКШ менен кызматташууну улантууга "чечкиндүүлүгүн" билдирди.

Европалык лидерлер АКШнын тынчтык планынын алгачкы варианттарына каршы чыгышкан. Киeв менен союздаштары бул планды Орусиянын талаптарына өтө эле ыңгайлуу деп сынга алышкан. Кийин план кайра каралып, бир катар пункттар өзгөртүлгөн.

Европа өлкөлөрү өз сунуштарын айтып, Украинадагы тынчтык келишимин көзөмөлдөө үчүн европалык коопсуздук күчтөрүн түзүү идеясын көтөрүгөн. Бирок Москва бул сунушту дароо четке каккан.

АКШнын баштапкы планы НАТО боюнча чектөөлөр, Украинанын армиясын кыскартуу жана Донбастын Орусиянын көзөмөлүндө калышы сыяктуу Москванын талаптарын кабыл алгандыгы үчүн сынга алынган.

Орусиянын президенти Владимир Путин өз кезегинде бул өзгөртүүлөрдү четке каккан.

Орусиянын экономикасына сокку урулганына жана согуш талаасындагы чоң жоготууларга карабастан, Путин негизги пункттар боюнча компромисске барууга даяр эмес.

Ал Украина Донбассты тынчтык жолу менен бербесе, Орусия аны күч менен алаарын дагы бир жолу кайталады. Учурда аймактын 85 пайызы Орусиянын көзөмөлүндө.

"Же биз бул аймактарды күч менен бошотобуз, же украин аскерлери чыгып кетет", - деди Путин India Today басылмасына берген маегинде.

Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, жекшембиге оогон түнү Орусия Украинага дагы ири аба соккусун жасады.

Мурунку күнү Орусия Украинага 653 дрон жана 51 ракета учуруп, мындан улам өлкө боюнча абадан эскертүү берди.

Макрон бул чабуулдарга жооп катары Украина менен "толук тилектештигин" билдирген жана тынчтыкты камсыз кылуу үчүн "америкалыктар менен биргелешкен аракеттерди улантаарын" айткан европалык лидерлердин бири болду.

Ошол эле учурда, өткөн аптада сунушталган АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясы Орусияны Европага коркунуч деп эсептебейт.

Москва бул стратегия өздөрүнүн көз карашына шайкеш келерин айтып, аны "оң кадам" деп мүнөздөдү.

Андан аркы дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн алдында Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү АКШны эки континенттин ортосундагы тарыхый байланыштарды сактоого чакырды.

"Бул биздин жалпы коопсуздугубуз үчүн бирден-бир акылга сыя турган стратегия", - деп жооп берди Польшанын премьер-министри Дональд Туск.