Акыйкатчы абактагы аялдардын абалы менен таанышты

Сүрөттүн булагы, ombudsman.kg
Омбудсмен Жамиля Жаманбаева Чүйдүн Степное айылындагы №2 мекемесиндеги соттолгон аялдардын укуктарынын сакталышына жана кармоо шарттарына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалымат таратты.
Расмий маалыматка ылайык, жалпысынан мында 17 жаштан 78 жашка чейинки 292 аял бар. Алардын ичинен: 248и - жалпы режимде, 22си - катуу шарттарда жана 34ү - катуу режимде кармалууда.
Аталган абакта 18 чет элдик жаран (Казакстан, Индия, Өзбекстан, Тажикстан жана башка) жаза мөөнөтүн өтөөдө. Алар Акыйкатчыга өз өлкөлөрүнө экстрадициялоо маселеси менен кайрылышты.
Жамиля Жаманбаева мекеменин бардык корпустарын кыдырып чыгып, соттолгон аялдар менен баарлашты. Соттолгондор иштөө шарттарына нааразычылыгын билдиришкен жок жана жакында эле эмгек акылары көтөрүлгөнүн белгилешти. Абактын аймагында тигүү цехи жана наабайкана иштеп, анда аялдар эмгектенишет. Андан сырткары соттолгондор ашканага, чач тарачка жана дүкөнгө ишке тартылган.
Мониторингдин жүрүшүндө Акыйкатчы аны менен жеке сүйлөшүүнү каалаган кыркка жакын аял менен маектешти. Аларга укуктук кеңештер берилип, арыздары кабыл алынды.
Кайрылгандардын көпчүлүгү шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көмөк көрсөтүүнү суранышкан. Айрымдары пробация, мунапыс алуудагы кыйынчылыктарга, соттордун негизсиз чечимдерине нааразычылыгын билдиришкен. Бул себептүү Акыйкатчыга юридикалык жардам жана мамлекеттик акысыз жактоочу алууга көмөк сурап кайрылышты.
Эки аял советтик үлгүдөгү паспортторун жаңыртып берүүнү өтүндү.
Алдамчылык беренеси менен соттолгондор келтирилген зыяндын 75% төлөнмөйүнчө аларга карата пробация жана шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулбай жатканына нааразычылыгын билдиришти.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Аялдардын айтымында, гигиеналык каражаттардан негизинен кир самын гана берилет, калган күнүмдүк турмушта керектелүүчү каражаттарды кээде эле алышат.
Ошону менен катары эле мекеменин аймагында балдар үйү да бар. Учурда ал жерде беш эне үч жашка чейинки балдары менен чогуу жашайт. Эң кичүүсүү эки жумалык ымыркай. Энелер бардык зарыл каражаттар менен камсыз экенин билдиришти.
Жазасын өтөп жаткан аялдар дары-дармектердин жетишсиздигин да даттанышкан.
Учурда абактын медициналык пункттунда жети аял дарыланып жатат. Алардын бири 69 жаштагы соттолгон аялдан рак илдетинин үчүнчү стадиясы аныкталган. Ал Акыйкатчыдан ден-соолугуна байланыштуу абактан бошотууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.
Жамиля Жаманбаева экстремизм беренеси боюнча соттолгон эки жашы жете элек кыз менен да баарлашты. Акыйкатчыга түшкөн кайрылуулар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт. Бул мониторингдин жыйынтыгы боюнча сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.
Акыйкатчы менен абакты кыдырууга Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Чыңгыз Кожошев да катышты.








