Кадрдык өзгөрүүлөр: башкы прокурордун орун басарлары алмашты

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын бийлик бутактарында кадрдык өзгөрүүлөр уланууда. Президент Садыр Жапаров 14-февралда кол койгон жарлыктарга ылайык, башкы прокурордун биринчи орун басары болуп иштеп келген Баймурза Маатов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Малик Бектурганов дайындалды. Ал эми Залкарбек Акназаров башкы прокурордун дагы бир орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин кадрдык олуттуу өзгөрүүлөр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилигинде да болгон. Президент Садыр Жапаров 10-февралда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевди жана анын орун басарларын кызматтан алып, жаңы адамдарды дайындаган.
Парламенттин 12-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы да алмашып, Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна депутат Марлен Маматалиев спикер болуп шайланган.
Ошондой эле 13-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Алмасбек Абытов өзүнүн берген арызына байланыштуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Анын ордуна Бектур Зулпиев дайындалды. Зулпиев буга чейин президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген.




























