"Номад ТВ": Орусия пропагандасынын Кыргызстандагы жаңы жылмакай жүзүбү?

"Номад ТВ" Орусия менен терең байланышы бар Кыргызстандагы телеканал

Сүрөттүн булагы, NOMAD TV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Номад ТВ" Орусия менен терең байланышы бар Кыргызстандагы телеканал
    • Author, Брин Виндзор
    • Role, BBC Monitoring

BBC Monitoring иликтөөсүндө аныкталгандай, өзүн "жергиликтүү медиа" компания деп атаган Кыргызстандагы жаңы телеканалдын Орусия менен терең байланышы бар. Телеканал атактуу молдовалык олигархка тиешелүү делген орусиячыл маданий долбоордун бөлүгү экени айтылууда. Жаңы жылмакай телеканалдын Кыргызстандагы парламенттик шайлоого бир апта калганда ачылышын айрымдар Кремлдин аймактагы жумшак күчүн жандантуу аракети катары баалашууда. Телеканал калктын кеңири катмарына Москванын геосаясий көз карашын жайылтуу үчүн жергиликтүү медиа менен тилдерди колдонуп жатканы айтылат.

Москва акцентиндеги "Номад ТВ"

23-ноябрда Кыргызстандын улуттук опера жана балет театрында кооз гала-концерт болуп өттү.

Жергиликтүү симфоникалык оркестрдин коштоосунда коктейлдерден ырахат алгандардын арасында Бишкектеги жогорку мансаптуу инсандардан тышкары бир нече орусиялык белгилүү өкүлдөр да жүрдү. Мисалы, Орусиянын тышкы иштер министринин расмий өкүлү Мария Захарова менен Путиндин стратегиялык кызматташтык боюнча өкүлү Вадим Титов.

Мындай салтанаттын себеби "Номад ТВнын" ачылышы болду. Бул жаңы телеканал кыргыз жана орус тилдеринде маалыматтык жана көңүл ачуучу берүүлөрдү чыгарат. Иш-чаранын эртеси телеканал өлкө боюнча берүүлөрүн обого алып чыга баштады. Телеканал Кыргызстандагы 30-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого бир апта калганда ишин баштап отурат.

Телеканалдын ачылышында сүйлөп жатып Министрлер Кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов "Номад ТВны" "кыргыз жашоосун" чагылдырган жана "кыргыз мыйзамдары менен" иштеген "жергиликтүү медиа компания" деп сүрөттөдү.

Телеканалдын башкы кеңсеси Бишкекте жайгашкан жана өлкө аймактарында кабарчылары бар. Күнүнө үч жолу жаңылыктарды чыгарып турат. Ошондой эле, өздөрүнүн даректүү тасмаларын, баарлашууларды жана ток-шоулорду алып чыгарын билдирген.

Жергиликтүү медиа компания катары каттоодон өткөн болсо да "Номад ТВ" менен Кыргызстандын түндүк тараптагы кошунасынын ортосундагы байланышты көрбөй коюу кыйынчылык туудурбайт.

"Номад ТВ" Орусиянын мамлекеттик НТВсы менен биргеликте түз обого чыгып, өз берүүлөрүнүн арасында НТВнын кабарларын көрсөтүп турат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусиянын масс медиасы "Номад ТВны" ачык эле "кыргыз-орус" долбоору деп атаган.

Телеканалдын вебсайты Санкт-Петербургда катталган.

"Азаттык" үналгысынын иликтөөсүнө ылайык, телеканалдын көпчүлүк журналисттери Орусия менен байланышы бар.

"Номад ТВнын" продюсери Анна Абакумова Кремлдин эл аралык "Орусия бүгүн" (Russia Today, RT) медиа компаниясынын башкы продюсери болгон.

2022-жылы Абакумова Украинадагы Орусия басып алган фронт чектеринен RT каналына репортаж чыгарып жүргөн. Өз иши үчүн ал Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин тарабынан сыйлыкка ээ болгон.

"Номад ТВнын" башкы редактору Эркин Алымбеков Орусиянын мамлекеттик "Спутник" маалымат агенттигинин кыргыз кызматынын мурдагы редактору.

Кыргыз улуттук УТРКнын белгилүү теле алып баруучусу Мирбек Молдакунов да "Номад ТВга" кирген.

Молдакунов мурда "Газпром Кыргызстандын" басма сөз кызматын жетектеп, октябрь айында Орусияда "Калыс көз караш" аттуу журналисттердин сынагында 300 миң рублга ($3,800) ээ болгон.

Молдакунов коомдук желеде Евгений Попов жана Ольга Скабеева менен түшкөн сүрөттөрүн чыгарган. Попов менен Скабеева орусиялык белгилүү журналисттер, "Орусиячыл пропаганданы таратканы" үчүн аларга каршы Батышта санкция киргизилген.

"Номад ТВнын" алып баруучусу Мирбек Молдакунов санкцияга түшкөн орусиялык теле алып баруучуларды "укмуштуу" деп атаган

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK/MIRBEK MOLDAKUNOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Номад ТВнын" алып баруучусу Мирбек Молдакунов санкцияга түшкөн орусиялык теле алып баруучуларды "укмуштуу" деп атаган

"Азаттыктын" маалыматына ылайык, "Номад ТВ" жергиликтүү айлык акыдан эки эсе көп маяна сунуштап, Кыргызстандагы алдыңкы журналисттердин көбүн тартып кеткен.

"Алар Кыргызстанда иш алып барган чет элдик медиа компаниялардан да көп кызмат акы сунуштап жатканын уктук", — деди "Азаттыктын" журналисти Эрнист Нурматов BBC Monitoring менен болгон маегинде.

"Алар айлыгың канча деп сурашат. Сен 50 миң сом деп жооп берсең, алар 100 миң сунушташат", — деп айткан "Азаттыкка" жергиликтүү телеканалдардын жетекчилеринин бири "Номад ТВнын" кызматка алуу жараяны туурасында айтып берип жатып.

"Көп уюлдуу дүйнөнү" бирге түзүү

"Номад ТВ" көпчүлүк кыргыз телеканалдарынан айырмаланып турат.

"Технологиялык жактан алганда, алар эң заманбап түзмөктөр менен жабдылган. Мисалы, жогорку сапаттагы камералар менен студиялар. Кимдир бирөө аябай инвестиция кылганы көрүнүп турат", — дейт Нурматов.

"Номад ТВнын" башкы редактору Наталья Кролевич билдиргендей, телеканал салттуу болуп калган столдун артындагы алып баруучулук форматтан баш тарткан. Анын ордуна алып баруучулар "3D эффекттердин" жардамы менен инфографикаларды көрсөткөн "виртуалдык студияда" басып жүрүшөт.

"Номад ТВнын" студиясы жергиликтүү телеканалдарга салыштырмалуу жогорку сапаттагы технология менен жабдылган

Сүрөттүн булагы, NOMAD TV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Номад ТВнын" студиясы жергиликтүү телеканалдарга салыштырмалуу жогорку сапаттагы технология менен жабдылган

"Номад ТВ" телеканалдын жашыл түсү менен жасалгаланган убактылуу студиясын Бишкектин Ала-Тоо аянтында орноткон. Телеканалдын түсү Орусиянын RT жана НТВ медиа компанияларынын өңдөрү менен түспөлдөш.

Азырынча телеканалдын берүүлөрү жергиликтүү жаңылыктарга басым жасап жатат, бирок айрым берүүлөрү "Номад ТВнын" геосаясий багытына да ишарат жасагандай.

23-ноябрда чыгарылган "Кыргызстан жана Орусия бирге" аттуу жарнамалык видеосунда "Номад ТВнын" алып баруучусу эки өлкөнүн "орток тарыхын" даңазалап, биргелешкен долбоорлорун мактаган. Мисалы, Советтик Кыргызстан учурундагы ири Чүй каналы менен Токтогул суу сактагычы айтылган.

Видеодо Орусия жана Кыргызстан "улуу өнөр жана маданияттын жалпы мейкиндиги" экени, Бишкек менен Москва эми Орусия көп кайталаган "көп уюлдуу дүйнөнү" түзүү үчүн бирге иштеп жатканы кошумчаланат.

25-ноябрда Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова менен болгон маек "Номад ТВдан" чыкты. Захарова санкциялардан улам экономикалык жактан обочолонгон Орусияга жардам берип жатканы үчүн Кыргызстанды мактап, орустар менен кыргыздар Экинчи дүйнөлүк согушта "фашизмди жеңүү үчүн бир сапта согушканын" эскерет.

Ал тургай 27-ноябрда телеканал Путиндин Бишкекке болгон сапарынан "эксклюзивдик маектешүүнү" жаздырып чыгарды. Бул ачылганына бир апта дагы боло элек телеканалдын тарыхында болуп көрбөгөндөй сенсация болуп калды.

"Номад ТВ" ачылганына бир апта өтө элек Путин телеканалга эксклюзивдик маек берди

Сүрөттүн булагы, NOMAD TV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Номад ТВ" ачылганына бир апта өтө элек Путин телеканалга эксклюзивдик маек берди

Орусиянын бейөкмөт уюму

"Номад ТВ" телеканалын ким каржылап жатканы так анык эмес.

Алдыдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу үчүн аккредитациядан өткөн медиа компаниялардын тизмесине ылайык, "Номад ТВ" ОсОО "Дамвидео" аттуу юридикалык жакка катталган. Ээси катары анча белгилүү эмес продюссер Ангелина Капралова көрсөтүлгөн.

Бирок жергиликтүү журналисттер телеканал Бобор Азиядагы Кремлдин жумшак күчүнүн бир бөлүгү болуп-болбогону боюнча суроо салышкан.

Орусия парламентинин мүчөсү жана Орусиянын "Евразия" бейөкмөт уюмунун төрайымы Алена Аршинова жакында эле "Номад ТВнын" маанилүү конокторунун бири болгон.

"Евразия" уюму "пост-советтик мейкиндикте интеграция жараянын бекемдөө" максаты менен 2024-жылы негизделген жана Кыргызстанда аябай жигердүү иш алып барып келет.

Аталган бейөкмөт уюм Бишкекте Орусиянын маданий борборун ачып, жергиликтүү мектептерге автобустарды белекке берип, социалдык дүкөндөрдүн тармагын да ачкан. Ал тургай Орусия менен Кыргызстандын орток "салттуу баалуулуктарын" чагылдырары айтылган акысыз көңүл ачуучу паркты ачууга жетишкен.

"Евразиянын" Кыргызстандагы долбоорлоруна "салттуу баалуулуктарга" арналган көңүл ачуучу парк да кирет

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Евразиянын" Кыргызстандагы долбоорлоруна "салттуу баалуулуктарга" арналган көңүл ачуучу парк да кирет

Бейөкмөт уюмдун башкаруу кеңешине Орусия мамдумасынын спикери Вячеслав Володин жана RT компаниясынын башкы редактору Маргарита Симоньян кирет. Бирок уюмдун демөөрчүсү учурда Орусияда иштеген жана санкцияга туш болгон молдовалык олигарх Илан Шор экени айтылып жүрөт.

"Евразиянын" башкаруу кеңешинин мүчөсү Шор Молдова бийлиги тарабынан каражаттарды орунсуз сарптоого байланышкан ири жаңжалга тиешеси бар делип 2023-жылы сыртынан соттолгон. Британия өкмөтү аны өлкөдөгү шайлоого кийлигишүүгө байланыштырган.

"Азаттыктын" булактары "Номад ТВ" менен "Евразиянын" биргелешкен долбоорлору жөнүндө айтып беришкен. Алардын арасында телеканалдын Кыргызстандагы жана Орусиядагы журналисттерине медиа тренингдерди өткөрүү да бар.

Коомдук желедеги маалыматтар "Номад ТВнын" алып баруучусу Светлана Акматалиева телеканалга киргенге чейин, мурдараак "Евразиянын" атынан журналисттерге тренинг өткөргөнүнө ишарат кылып турат.

Каржылык жагы боюнча коомчулукта ачык маалыматтар жок болгону менен "Евразиянын" иш аракеттери "Номад ТВнын" көңүлүн бура алган.

Өзүнүн алгачкы чыгарылыштарында "Номад ТВ" бейөкмөт уюмдарга арналган берүүсүн көрсөтүп, анда "Евразия" каржылаган Бишкектеги Орусиянын маданий борборунун ачылышы жана "Евразиянын" башчысы Алена Аршинова менен 23-ноябрда болгон маегин чыгарды.

"Номад ТВ" жана "Евразия" Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген жок.

Пропаганданын жаңы жүзүбү?

"Номад ТВнын" түптөлүшү менен Орусиянын маалыматтык согушунда жаңы барак ачылды. Мында кеңири катмарга маалымат жеткирүү үчүн жана Москванын көз карашын жайылтуу үчүн жергиликтүү медиалар менен жергиликтүү тилдер колдонулууда.

Орусиянын телеканалдары Кыргызстан үчүн жаңылык эмес. Орусиянын мамлекеттик телеканалдары өлкөдө көрсөтүлөт жана популярдуулугун жоготкон эмес. Өлкө калкынын 80% орус тилинде сүйлөй алат.

"Номад ТВнын" өзгөчөлүгү — "жергиликтүү медиа компания" катары сүрөттөлгөнүндө дейт Бишкекте иштеген изилдөөчү Алишер Хамидов BBC Monitoring менен болгон маегинде.

"Орусиянын марионеткасы катары көрүнүп калбаш үчүн телеканал жергиликтүү шарттарга бекем негизделип жатат", — дейт ал. "Кыргыз өкмөтү дагы ошондой болушун артык көрөт, себеби алар жергиликтүү калк телеканалды Кремлдин түз куралы катары кабыл алып калышын түшүнүп турат".

Өлкөдө Орусия артында турган жана кыргыз тилинде маалымат тараткан медиалар да бар. Мисалы, "Спутник Кыргызстанды" айтууга болот. Бирок "Номад ТВ" толук кандуу кыргыз тилинде иш алып барган алгачкы телеканал болуп калды.

"Facebook, Instagram, YouTube орусиянын медиа каналдарын бөгөттөгөн. Орусиянын Rutube жана Вконтакте сыяктуу платформалары бул жакта популярдуу деле эмес", — дейт "Азаттыктын" журналисти Эрнист Нурматов BBC Monitoring менен болгон маегинде. "Орусия өз таасирин жоготкусу келбейт, ошондуктан бул жаңы телеканал көбүрөөк адамга маалымат жеткирүүнүн жана күн тартибин аныктоонун бир жолу болуп калды".

"Бул убактылуу эмес, узак мөөнөттүү медиа долбоор экени түшүнүктүү. "Номад ТВ" ар кайсы жактан алганда Орусия пропагандасынын жаңы жүзү", — деп кошумчалайт Нурматов.