Ипотека, карыз, мигранттар, абак жайлары. Президент курултайдагы суроолорго жооп берди

Курултай

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курултай
    • Author, Жаңыртылууда

26-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан IV Элдик курултайдын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров делегаттардын айрым суроолоруна жооп берди.

Тышкы карыз

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун курултайда айтканына караганда, тышкы карыз 2035-жылга чейин толук жабылат. Ал тышкы карызды төлөөгө жыл сайын канча акча жумшалып жатканын санады.

"2022-жылы 392 млн, 2023-жылы 595 млн, 2024-жылы 688 млн, ал эми 2025-жылдын эсебинен тышкы карыздын 857 млн доллары төлөнгөнүн айтты. Ал ошондой эле келерки жылы 1 млрд 48 млн, 2027-жылы 1 млрд 277 млн, ал эми 2028-жылы 1 млрд 326 млн сом" деди президент.

Тергөө абагы - курорт эмес

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайдын жүрүшүндө абактардагы адам укуктары жана шарттар боюнча берилген суроолорго жооп берип жатып, жабык жайлардагы тартип тууралуу өз пикирин билдирди.

"Тергөө абактары курорт эмес да, ошон үчүн тергөө абактары. Жылыткычтарга уруксат жок. Ал жерде светке акча төлөбөйт. Аны күнү-түнү дебей саят, свет кетет, аны мамлекеттин эсебинен биз төлөйбүз. Ал силердин чөнтөгүңөрдөн чыга турган акча. Анын ичиндеги өзүнүн жылуулугу жетет. Мен деле бир эмес эки жолу камалып чыктым, биринде тогуз ай, экинчисинде 3,5 жыл жаттым. Бирөөгө арыздандымбы? Арызданган жокмун. Чыдадым. Анткени СИЗО деген СИЗО, түзөтүү колония деген түзөтүү колония. Ал жерден адамдар түзөлүп чыгат. Мурда бузулуп чыкчу, азыр эми мындан ары түзөлүп чыгат. Интернеттен көрүп жатасыздарбы, азыр режим кирип, түрмө тартипке келип калганын. Баарын тартипке келтиргенбиз". Мурда үй-бүлөсүнөн тамак киргиздирип жатчу эмес беле. Азыр тескерисинче иштеп үйүнө акча берет. Ичинде завод-фабрикалар, тигүү цехтери, тоок фермалар бар", -деди Жапаров.

Курултайдын биринчи күнүндө Ош шаарынан келген делегат, адвокат Айсалкын Карабаева жабык жайларда кармалып тургандардын укуктары бузулуп жатканын айткан.

Мигранттар ипотека маселесин көтөрүштү

Италиядан келген делегат Таалайгүл Рысалиева Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында мигранттар үчүн атайын статус берүү сунушун киргизди. Анын айтымында, мекендештер чет өлкөгө негизинен үй-жайлуу болуу максатында кетип, балдары ата-эне мээриминен алыс өсүүдө.

"Мен сыртта, чет мамлекетте иштеп жүргөн мекендештердин үнүн жеткирейин деген максатта Италия мамлекетинен келип отурам. Биздин эң биринчи маселе бул – Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында мигранттардын статусун өзүнчө бөлүп бериңиздер деп суранабыз. Мигрант, биринчи кезекте, үй-жай алайын деп үй-бүлөсүн, өзгөчө кичинекей балдарын таштап чет жакка кетип жатат. Алардын балдары ата-энесинен алыс өсүп жатышат. Ошондуктан ипотекалык программада мигранттар үчүн өзүнчө статус түзүүнү суранабыз",- деди Таалайгүл Рысалиева.

Анын айтымында, мигранттар үчүн турак жай алууда кезекте артыкчылык берүүнү, ошондой эле жеңилдетилген шарттарды — төмөндөтүлгөн пайыздык чендерди жана баштапкы төлөмдүн жоктугун караштыруу зарыл.

Мындан тышкары, ал мигранттар иштеп тапкан каражаттарды натыйжалуу пайдалануу маселесин көтөрдү.

"Биздин мигранттар өлкөгө жөнөтүп жаткан акчалар күнүмдүк муктаждыктарга жана той-топурларга гана коротулуп жатат. Эгер мамлекет инвестиция үчүн мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзсө, мисалы, диаспоралык облигацияларды же инвестициялык фонддорду ачса — бул каражаттар экономикага көбүрөөк пайда алып келмек. Ошондой эле мигранттар алдамчылык схемалардын тузагына түшүп калышмак эмес", - деди делегат.

Кубанычбек Осмонбеков миграциялык режим маселесин көтөрдү

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Кубанычбек Осмонбеков да ипотекалык шарттарды жумшартуу маселесин көтөрүп, учурдагы 50% баштапкы төлөм мекендештер үчүн жеткиликтүү эмес экенин белгиледи. Ал бул төлөмдү 10–20%га чейин түшүрүүнү сунуштады.

"Мамлекеттик ипотекалык компания жакшы шарттарды түзүп берди. Мекендештерге өзгөчө жеңилдиктерди сурайбыз. 50 пайыз өлчөмүндөгү баштапкы төлөм бир дагы мекендешибиздин чамасына чак келбейт. «Элдик банк» менен депозит шарты туура келбейт. Ошондуктан мекендештерге 10–20 пайыз өлчөмүндө баштапкы төлөмүн төлөп туруп, Кыргызстандан үйлүү болууга шарт түзүп берсеңиздер", - деди Кубанычбек Осмонбеков.

Ал ошондой эле "1+1" долбоорун ишке ашырууну инвесторлор үчүн Баткен облусу менен гана чектебестен, өлкөнүн башка аймактарына да кеңейтүү, ошондой эле тажрыйбалуу мекендештерди мамлекеттик кызматка тартуунун механизмдерин түзүүнү сунуштады.

Ошондой эле диаспора өкүлү Орусиядагы миграциялык режим маселесине өзүнчө токтолду.

Ал Орусияда "Визаран" системасы колдонулуп жатканын эске салды. Бул система боюнча ишкерлер өлкө аймагында жыл ичинде 90 күндөн ашык боло алышпайт. Орусия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш экенин эске алуу менен, Осмонбеков мекендештер үчүн аталган системаны жокко чыгаруу маселеси боюнча орус тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Кыргызстан өнүгүп жатат, келгиле деп чакырып жатышат, бирок келейин десең шарт жок.

Мындан улам Кубанычбек Осмонбеков ошондой эле вакансиялардын бирдиктүү колл-борборун түзүүнү сунуштады.

«Бул мекендештерге жеткиликтүү жумуш орундары тууралуу маалымат алып, өздөрү жашаган аймактарда ишке орношуусуна шарт түзөт», - деп түшүндүрдү Осмонбеков.

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания мигранттарга өзүнчө кезек бөлөрүн айтты

Президент Садыр Жапаров Кубанычбек Осмонбековдун "мигранттар Кыргызстанга кайтып келүүнү каалашат, бирок шарт жок" деген сөзүнө комментарий берди.

"Жумушчу күчү жетишпей жатат. Жумушчу күчү жетишпегендиктен Индия, Пакистан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстандан келип иштеп жаткандар бар. Ошондо дагы жетишпей жатат. Сиздерде болгону үй маселеси бар болчу. Бул маселе боюнча мен Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) жана Президенттин Иш башкармалыгына тапшырма бердим — алар мигранттарга, ошондой эле майыптыгы бар жарандарга турак жай алуу үчүн өзүнчө кезек бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо боюнча. Азыр жалпы республика боюнча 70 миңден ашык үй салынып жатат", - деди президент.

IV Элдик курултайга өлкөнүн жети дубанынан, Бишкек жана Ош шаарларынан, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарынан шайланган 690 делегат катышууда. Эки күндүк жыйындын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынып, ал мамлекеттик органдарга иштөө үчүн жөнөтүлөт.