Түрмөлөрдүн түрмөсү болгон Алькатрас. Трамп аны кайра ачкысы келет

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Валерия Перассо, BBC News Mundo
Бул аралда XIX кылымда АКШнын батыш жээгинде биринчи жолу маяк курулган. Адегенде бул мунара тынч океанындагы кемелерге жол көрсөтүп туруу үчүн тургузулган эле.
Ошол эле учурда ага жүздөгөн замбирек орноткудай фортун кошо курушкан. Муну менен Калифорнияны деңиз тараптан боло турган чабуулдардан коргоону көздөшкөн.
Бирок Түндүк Калифорниядагы Сан-Франциско бухтасынан бакыйып көрүнүп турган Алькатрас АКШнын эң эле ашынган кылмышкерлери үчүн күчөтүлгөн режимдеги түрмө болуп турганда атагы чыкты.
1934-1963-жылдары бул түрмөнү "Аска" деп атап келишти. Бул жабык жайга материктеги башка түрмөлөр үчүн өтө эле коркунучтуу деп эсептелген кылмышкерлерди которушкан.
1962-жылы бул жерден качып чыккандардын окуясы уу-дуу түшүргөн көрүнүш болгон. Ага катышкан үч киши тууралуу ошондон кийин эч кимдин кабары жок. Түрмөнү мындан 63 жыл мурун жабышкан. Бирок ага байланышкан легендалар ошондой окуяга күбө болгондордун жана голливуддун тасмалары аркылуу азыркыга чейин уланып келе жатат.
АКШ президенти Дональд Трамп чуулуу окуялар менен таанылган Алькатрасты кайрадан ачып, аны кеңейтип, "АКШнын эң эле коркунучтуу, ашынган кылмышкерлерин" ал жерге камоо боюнча тапшырма берди.
Бүт дүйнөгө дүңгүрөгөн түрмө болгону менен Алькатрас тууралуу сиз буга чейин биле элек фактылар да болушу мүмкүн.
Үлгүлүү түрмөбү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жалама зоолуу аралдагы форт (замбиректер үчүн) 1859-жылы курулган.
Кийинчерээк бул жерди аскердик түрмө кылып жабдып чыгышкан. Бийлик суунун күчтүү агымы жана Сан-Франциско бухтасындагы какшаган муздак суудан улам бул жерден качып чыгуу мүмкүн эмес деп эсептешкен.
1912-жылы бул жерде темир, бетондон курулган дүйнөдөгү эң эле чоң имарат турган.
1933-жылы Алькатрас "түрмөлөрдүн түрмөсү" катары белгилүү болуп, ашынган кылмышкерлерди кармоочу жай болгон. Ал АКШнын Түзөтүү мекемелеринин бюросуна караштуу эле.
Иш жүзүндө бул жер жеткен кежир, баш бербестердин ордосу, аларды башка түрмөлөрдө кармаганга болбойт дегенди туюндурчу.
Бул жерде ал тургай кармоонун 1×3 деген системасын дагы байкап көрүшкөн. Бул дегени абактагы ар бир үч кишиге бирден күзөтчү дегенди түшүндүрөт. Кийинчерээк бул ыкма федералдык башка түрмөлөргө дагы жайылтылган.
Түрмөнүн биринчи жетекчиси Жемс Жонстон деген киши болгон. Ал түрмөгө түшкөндөр үчүн реабилитация жана социалдык жактан реинтегрвация болсун дегенди эмес, зымга тизгендей тартип орносун дегенди жактагандардан эле.
Анын эрежелерине ылайык ар бир киши бирден камерада жалгыз кармалышы керек болчу. Мунусу абактагыларга ыңгайлуу шарт түзүлсүн дегенден эмес, жалгыз камалган кишинин качып чыгышы кыйын, кутум уюштурганга чамасы дагы жетпей калат деген ыкмасы эле.
Камалгандардын тажрыйбасына караганда, киргизилген эрежелердин ичинен эң эле катаалы чымындын учканы угулгудай мемиреген тынчтык болсун деген тартип эле. Камактагыларга дем алыш күндөрү эс алуу учурунда гана сүйлөшүүгө уруксат берилген.
Кимде ким бул эрежени буза турган болсо "зынданга" салынган. Бул жер алдындагы камерада апталап кармоо ыкмасы.
Саналуу эле, бирок "атагы таш жаргандар"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын түрмөлөр боюнча бюросунун маалыматтарына таянсак, Алькатраста ар дайым мекеменин максималдуу сыйымдуулугунан аз сандагы киши кармалып келген.
Орто эсеп менен алганда Алькатраста 260тан 275ке чейин киши кармалган. Бул федералдык түрмөлөргө камалгандардын жалпы санынын бир пайызга жетпеген бөлүгүн гана түзөт. Камалгандардын саны чакан эле болгонуна карабай бул жерде түрмөдө жаткандардын ысымы уу-дуу кыла турган кылмышкерлер эле. Алардын басымдуусу Улуу депрессия мезгилиндеги уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү болушкан.
Алардын ичинен "атагы таш жарганы" контрабандист жана гангстер, Чикагодо кан какшаткан жагынан таанымал Аль Капоне экени күмөн жаратпайт.
Аль Капоне бийликтегилердин пикирине караганда, Атлантадагы түрмөдө жатып алып дагы кылмыштуу ишмердикти жетектей бергенден улам Алькатраска айдалган.
Ал аталган түрмөдө төрт жылдан ашыгыраак жаткан. Качан гана андан сифилис оорусу аныкталганда гана башка мекемеге которушкан.
Даңкы далайга кетип, эбак эле түрмөдөн сырткаркы дүйногө чейин таанылгандаордын дагы бири Роберт Страуд эле. Ал киши өлтүрүүгө айыпталып, камалган.
Ал канатууларды жанындай жакшы көргөнүнөн улам "Алькартастагы орнитолог" деген каймана ат да коюп алышкан. Ал буга чейинки кармалган Канзастагы түрмөдө бир нече канатууну багып келген. Алькатраста андайга тыюу салынгандыктан ал орнитологияны китеп аркылуу өздөштүрүүгө мажбур болгон.
Элвин Карпис аттуу гангстердин "Коркунучтуу" деген каймана аты болгон. Ал ФБРдин тизмеси боюнча 1930-жылдары "№1- эл душманы" эле. Ал Алькатрастын эң узак жашоочусу дагы болгон. Ал өмүрүнүн 25 жыл 1 айын ушул түрмөдө өткөргөн.
Бул камералар аркылуу гангстер Жорж "Пулемет Келли" Барнс жана пуэрторикалык улутчул партиясынын мүчөсү, 1950-жылдары Капитолийге куралдуу кол салууга аралашкандардын бири Рафаэль Кансель Миранда дагы болгон.

Сүрөттүн булагы, Algatraz_Bettmann/Getty Images
Көңүл калуу жана ойго келбеген качуулар
Архитекторлор Алькатрасты түрмө катары качып чыгууга мүмкүн болбогудай, чычкан мурду жойлогус кылып курушкан. Электр тогу коё берилген дубалдар, тилип кете турган тикенек зым тосмолору, мунаралар, куралдуу күзөт жана муздактыгы сөөктөн өтүп, чучукка жете тургандай океандын суусу менен курчалган эле.
Бирок бул дагы түрмөгө түшкөн ондогон кишинин качып чыгуу аракетине тоскоолдук кыла алган эмес. Расмий маалыматтар боюнча, дээрлик отуз жылга жакын мезгилде 14 жолу качууга аракет болуп, ага жалпысынан 36 киши катышкан. Түрмөлөр боюнча федералдык бюронун маалыматына караганда, качып бара жаткан учурда алардын жыйырма үчү колго түшүп, алтоо атылган, дагы экөө чөгүп өлгөн.
Бирок алардын бешөө такыр эле таптырбай кеткен. Бийлик аларды жайынсыз жоголгондор деп санайт. Ошого карабай айрымдар качып кетүүгө үлгүрүшкөн деп эсептешет.
Качууга биринчи аракет 1936-жылы болгон. Анда түрмөнүн ачылганына эки эле жыл болгон. Жо Бауэрс аттуу киши түрмөнүн дубалынан ашып өтмөкчү болгондо күзөтчү атып өлтүргөн. Кайтарып тургандар байкап калып, дубалдан түш деп буйрук бергени менен андан жыйынтык чыккан эмес.
Ошондон он жылдай убакыт өтүп, кыйла терең ойлонуштурулган качуу аракети жасалган.
1945-жылы Жон Жайлс качууга аракет кылып, аз эле жерден кутулуп кете жаздаган. Ал уурдалган аскер кийими жана жасалма документ менен аскердик кемеге чейин кирип, ал тургай материкке чейин жете барган. Бирок аны байкап калышкан. Буга анын формасынын бакшалардыкынан айырмаланып турганы себеп болуп калган. Себеби анын формасынын көрүнүшү башкалардыкынан айырмаланып турган. Ошондон улам кармалып, кайрадан камакка түшкөн.
1946-жылы түрмөнүн тарыхындагы укмуштуудай качуу аракети токтотулган. Бул окуяны "Алькатрас үчүн салгылашуу" деп аташкан. Камактагы алты киши эки күзөтчүнү өлтүрүп, 18 кишини жарадар кылып, алты куралды тартып алышкан. Бирок алар качып кете алган эмес.
Соңку эки аракет 1962-жылы болуп өткөн жана түрмө катары Алькатрастын тагдырын өзгөрткөн. Фрэнк Моррис, бир тууган Кларенстер жана Жон Энглиндер качып чыгып, такыр эле издерин таптырбай кетишкен. Кийинчерээк айрым бир буюм-тайымдары коңшу аралдан табылган. Отчетто аларды "чөгүп кетишкен болушу мүмкүн" деп катташкан.
Андан соң Жон Скот жана Дарл Паркер жер төлөдөгү ашкана аркылуу качып чыгышкан. Бирок аларды аралга жакын суудан кармап алышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Голливудда даярдалган
Элдин элестетүүсүндө Алькатрас түрмөсү голливуд тарктан тасмалардын негизинде түзүлүп калган. Андай фильмдердин көбү негизинен тарыхчылардын жана документалисттердин тактап жазгандарына таянбастан тартылып калган.
"Алькатрас" көптөгөн фильмдерде жана китептерде чагылдырылгандай АКШдагы "каргышка калган" түрмө эмес. Иш жүзүндө анда камалган далай киши ошол жерде жашоого шарт табышкан. Андагы айрым бир камералар федералдык башка түрмөлөргө караганда шарты жакшы болчу",- дейт Түрмөлөр боюнча федералдык бюронун басма сөз катчысы.
"Аска" тууралуу эң белгилүү фильм – "Алькатрастан качуу" десе болот. Бул фильм 1979-жылы тартылган. Башкы ролду Клинт Исвуд аткарып, анда Фрэнк Моррис жана бир тууган Энклиндердин качып чыгуу аракетин баяндап берген.
Фильмдин сюжети алар качып кутулуп кете алышкан деп болжойт. Деген менен алардын материкке чейин сүзүп барып, кутулуп кетишкени тууралуу эч кандай далилдер жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images












