Шайлоо 2021: Эрежелер өзгөрдү, эми ээнбаш саясат өзгөрөбү?

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда ноябрдын аягында өтө турган парламенттик шайлоодо биринчи жолу преференциалдык добуш берүү болот. Өткөн күздөгү парламенттик шайлоо чырга айланып, жараксыз болуп, бийликтин алмашуусуна алып келди. Ошол себептүү парламенттик шайлоо бир жыл кеч өткөнү жатат. Саясий кризистен алсыраган өлкөдө шайлоонун таза жана тартиптүү өтөрүнө байкоочулардын азырынча көзү жетпей турат.

Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда шайлоодо чыккан нааразылык курчуп кеткенде, ал бийликтин кулашына алып келет.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларга шайлоо эрежелерин түшүндүргөн семинар өткөрүп баштады. Бул жолку шайлоодо биринчи жолу преференциалдык добуш берүү болот.

“Бир партияга жана бир талапкерге гана добуш берүү каралды. Преференциалдык добуш берүүнүн айырмасы да, өзгөчөлүгү да ушул. Башкача айтканда, шайлоочу партияга добуш берет жана анын тизмесиндеги өзү тандаган талапкерге добуш берет”,-деди Би-Би-Сиге БШКнын эксперти Жыргалбек Турдукожоев.

Партиялык тизме менен чыккандар бир мандаттуу округдан талапкерлигин кое албайт.

Мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматта тургандар (президент менен депутаттардан сырткары) мурдакыдай убактылуу өргүү алып, шайлоого талапкер болуп катыша албайт. Шайлоого талапкер болуп катталса, биротоло кызматын жыйыштырып кетет. Бул чектөө шайлоодо административдик ресурсту колдонууну азайтат дешет.

Жогорку Кеңеш

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Партиялык тизме менен шайланган парламент көп жаманатты болду

Өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамы боюнча Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны 120дан токсонго кыскарды. Ал гана эмес, партиялык тизме менен шайланчу депутаттардын да саны азайды. Депутаттардын 36 бир мандаттуу округдардан шайланмай болду. Бирок бир мандаттуу округдардагы шайлоонун дагы урууларга бөлүнүү, добуш сатып алуу сыяктуу көп кемчиликтери бар эмеспи.

“Партиялык тизме деген аймактардын кызыкчылыгын эске албай калат экен. Кимдин акчасы болсо, таасири болсо, ошолор келет экен. Ошондой болбос үчүн бир мандаттуу округдардын артыкчылыгы бар. Парламент деген биринчи кезекте өкүлчүлүк, андай болгондон кийин аймактардан өкүл болуш керек да. Бир мандаттуу округдардын эки артыкчылыгы бар, биринчи аймактардан өкүл болот. Мисалы, Аксыдан же Өзгөндөн бирөө койсо, ошолор өтөт. Аймактардын кызыкчылыгы сакталат. Экинчи жакшы жагы, эмне деген менен парттизмеге караганда, бир мандаттуу округдарда талапкер эл менен көп жолугушат, элдин элегинен өтөт. Акчасы барлар өтөт деген да туура, бирок жылаңач баатырлар өтүп кетет”,-дейт публицист Папан Дүйшөнбаев.

"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун бул шайлоонун алдында саясий жылдызы түшүп турат.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шайлоо алдындагы партиялык комбинациялар

Шайлоого катышары жөнүндө БШКга 75 партия билдирген. Эми алардын ортосунда биригүү, жакындашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, көп түрлүү комбинациялык жүрүштөр болуп жаткан убак.

Өткөн шайлоодо топ жарган “Мекенчил”, “Республика”, "Бир Бол" партиялары шайлоого өз алдынча барбай турган болду. Садыр Жапаров өзүнө таандык партиянын бийликтин партиясы катары шайлоого катышпай турганын мурда эле билдирген. Бирок бийликке жамынган башка күчтөр турганын, алар жер-жерлерде административдик ресурсту азыр эле тымызын колдонуп жатканы айтылууда.

Ал эми “Республиканын” лидеринин саясий жылдызы түшүп турган убак, анын активдүү мүчөлөрү ар башка партияга жармашкандан башка аргасы калбады окшойт.

"Бир Бол" дагы башка партия менен биригип баруунун жолун издеп жаткандай. Анын лидери Би-Би-Сиге берген маегинде бул шайлоодо менменсинген партиялар ара жолдо калып, эч ким билбеген партиялар, лидерлер келиши мүмкүн деген божомолун бөлүштү.

Оппозициялык маанайдагы "Ата Мекен" менен "Реформа" партиялары өткөн шайлоодо жети пайыздык чекти өтө албай калган, ошондуктан биригип чыгууга бел байлап жатышкан өңдүү.

Партиялар үчүн босого чек мурдакы жети пайыздан беш пайызга түшүрүлдү. Бирок ошондо деле бул чекти багынтуу оңой болбойт.

“75 партиянын ичинен реалдуу түрдө добуш алганга төрт-беш партиянын гана мүмкүнчүлүгү бар. Биринчи кезекте бийликтин административдик ресурстарын колдонуу менен келе турган партиялар. Булардан сырткары "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидеринин жеке электораты бар, ар бир шайлоодо алып жүргөн. Ошондой эле Атамбаевдин айланасындагы күчтөр биригип, бир чыга турган болсо, буларда дагы беш пайыздык босогону өткөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Калган партиялар үчүн, былтыркы эле шайлоо көрсөткөндөй, беш пайыздык чекти өтүү чоң проблема”,-дейт саясий эксперт Айданбек Акмат уулу.

shailoo

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда шайлоодо чыккан нааразылык курчуп кеткенде ал бийликтин кулашына же алмашуусуна алып келет. 2005-жылы Акаевдин бийлиги, 2020-жылы Жээнбековдун бийлиги ушинтип кулаган. Ошондуктан шайлоодогу нааразылык көп болбошуна, анын чырга айланып кетпешине бийлик биринчи кезекте кызыкдар болушу керек.

октябрь тополоң окуялары

Сүрөттүн булагы, Getty Images