"Шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолууда": Мырзакматов президентке кайрылды

"Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов

"Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов Ош шаардык кеңешине шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын айтып, президентке кайрылды.

"Ош шаардык кеңешиндеги шайлоо жараянына байкоо салып олтуруп, өлкөбүздүн тагдырына жана келечегине кайдыгер карабаган жаран катары Конституциянын гаранты болгон сизге түз кайрылууну чечтим",-деген М.Мырзакматов.

"Тилекке каршы, менин байкоом боюнча 2021-жылдын 11-апрелинде саат 14: 00гө чейин Ош шаарында шайлоо өлкө мыйзамдарын одоно бузуу менен өтүүдө. Социалдык тармактар административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу фактылары жөнүндө фактыларга, ЖМКлар тарабынан жарыяланган, фото жана видео материалдарга толду. Учурдагы кырдаал 2020-жылы 4-октябрдагы бийлик алмашуу үчүн детонатор болуп калган "бандиттик шайлоону" эске салат. Жергиликтүү бийлик бул мыйзам бузууларга чара көрө албай жатат. Ош шаардык Аймактык шайлоо комиссиясы көз карандысыз статусуна карабастан, жергиликтүү бийликтин жана кайсыл бир кишилердин таасири алдында калган",-деп айтылды кайрылууда.

Instagram баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Instagram мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

Instagram посттун аягы

Ош шаарынын мэриясы жана анын структуралык бөлүмдөрү кандайдыр бир шылтоо менен бир партиянын кызыкчылыгын көздөп, бийликти максаттуу түрдө сактап калууга аракет кылууда деп белгилеген. Президентке буга карата чара көрүүнү суранды.

Ош шаардык мэриясы административдик ресурс тууралуу дооматтарды четке кагууда.

"Үгүт иштеринде бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү",-деди эрте менен добуш берүү жайына келген Оштун мэри Т.Сарыбашов.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча "добуштарды сатып алуу" боюнча 16 факты териштирилүүдө. Оштогу шаардык кеңешке шайлоодо тогуз партия ат салышып, өлкө боюнча эң курч атаандаштыкта өтүүдө. Өлкөнүн экинчи ири калаасында 78 шайлоо участкасы иштеп жатат, жалпы 151 миңден ашуун шайлоочу бар.

"Ушул сааттарга өлкө боюнча мыйзам бузуулар тууралуу43 билдирүү келип түштү, башка дагы кайрылуулар келип жатат",-деди БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун өкүлү Тынчтык Шайназаров брифингде:

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Ош шаарынын мурдакы мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстандын саясий айдыңында таанымал саясатчы. 2015-жылы Ош шаардык соту мурдагы мэр М.Мырзакматовго "кызмат абалынан пайдаланган" деген берене менен сыртынан өкүм чыгарып, жети жылга эркинен ажыраткан эле. Башкы прокуратура Оштогу көпүрөнүн курулушу боюнча 2013-жылы эки жолу тендер мыйзамсыз өткөрүлүп, келишимдер түзүлүп, анын жүрүшүндө мамлекетке ири суммада 29 млн сом зыян келген деп тапкан. Ал Кыргызстандан чыгып кетип, ага расмий издөө салынган. Мырзакматов өзүнө тагылган айыптарды саясий негизде деп, четке кагып келди.

2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан соң бозгунда жүргөн Мелис Мырзакматов Түркиядан Кыргызстанга келген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоору боюнча референдумга карата кайрылуусун бул жерден окуңуз: ""Кыргызстан 30 жыл бою өз жолун таппай чайналды": президент Жапаровдун кайрылуусу