"Кыргызстан 30 жыл бою өз жолун таппай чайналды": президент Жапаровдун кайрылуусу

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, official

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоору боюнча референдумга карата кайрылуу жасады.

"Кыргызстан отуз жыл бою өз жолун таппай чайналды. Бир нече ирет толкундоолор болду. Мунун баары - багытыбыздын, ниетибиздин түз эместигинин кесепети",-деди президент Жапаров.

"Былтыркы октябрь айындагы окуялар мындан ары өз жолубузду тандоону, журтубузда жоопкерчилик менен тартиптин орношун талап кылды. Ал окуялар - тарыхыбыздагы эң ыплас, таза эмес шайлоонун натыйжасы. Бийлик элдин үнүн уккан жок. Бийликтин ушундай жоопкерчиликсиздигинен, адилетсиздигинен, өзүм билемдигинен тажаган эл системалуу өзгөрүүлөрдүн болушун талап кылды. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн тарыхында элге биринчи жолу өлкөнүн башкаруу формасын тандоо укугу берилди. Сиздерге белгилүү болгондой, 10-январда кыргыз эли өз жолун тандап, президенттик башкарууну колдоду. Ушундан улам, Баш мыйзамды өзгөртүү зарылдыгы бышып жетилди. Илимий чөйрөнүн, коомчулуктун активдүү жана көрүнүктүү өкүлдөрүнүн катышуусу менен Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыкты. Мындан аркы алган багытыбыз кандай болору сиздердин бүгүнкү чечимиңиздер менен тыгыз байланыштуу",-деп айтылат президенттин кайырлуусунда.

митинг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандагы 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоо саясий кризиске алып келип, күтүүсүз жерден бийлик алмашты

Президент Садыр Жапаров "мамлекеттик башкарууда жоопкерчиликти ыйык тутуп, мыйзамдуулуктун бекем сакталышына багыт алсак гана эл алдында жүзүбүз жарык болуп, келечекке карай үмүтүн арттырабыз" деп белгиледи. Ошондой эле ал кыргызстандыктарды өлкө келечегине кайдыгер карабоого чакырды.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум административдик ресурстар колдонулбастан, адилеттүү, калыс өткөрүлүшү керек деди мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди

Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайлоо өтүүдө. Ошондой эле президенттик башкарууга ылайыкталган Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы референдумда добуш берүүгө укуктуу шайлоочулар саны үч жарым миллион ашуун (3 606 201) экенин кабарлаган. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жалпы шайлоочулардын 30% катышканда референдум өттү деп саналат.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум башынан бери катуу талаш-тартыш менен коштолууда. Каршы тарап баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу башынан эле одоно мыйзам бузуу менен өтүп жатат деп сындап, анын шайлоо менен бир учурда өтүп жатканы референдумга элди алып келүү максаты деп айтууда.

Шайлоо өнөктүгү пандемия жакадан алып турган убакта жана экономикалык кризис шартында өтүп жатат. Ага кошумча негизги азык-түлүктүн жана мунайдын баасы кымбаттап турган учурга туш келди. (AbA)