"Башка тийген баягы эле тырмоок...": Кыргызстан президентти жана саясий системаны тандоодо

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Наргиза Рыскулова
- Role, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстан бийлик алмашкандан үч айдан кийин кайрадан президентти тандап жатат. Бир эле учурда мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүүдө. Андагы негизги суроо президенттик, парламенттик башкаруу формасы жөнүндө.
Байкоочулардын көпчүлүгү президенттик шайлоону 52 жаштагы Садыр Жапаров жеңип кетиши мүмкүн деген пикирде. Жапаров октябрдагы тополоң учурунда абактан бошотулган. Анын популярдуулугу кескин өсүп, күтүүсүз жерден каршылык кыймылдарынын лидерине айланды. Парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризис жана бийлик алмашуу маалында Жапаров премьер-министр болуп келди. Кийин президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетүүгө аргасыз кылып, президенттин милдетин да аткарып калды.
Күздөгү парламенттик шайлоонун тыянагы жараксыз деп жарыяланып, мурда шайланган парламент ишин улантууда. Жапаровдун негизги демилгелеринин бири конституциялык реформа болду. Ал бул жол аркылуу президенттик башкаруу формасына кайтууну көздөдү.
Референдумга аралаш башкаруу системасы коюлган жок. Кыргызстандыктар президенттик жана парламенттик башкаруу формасынын бирөөсүн тандашы керек же экөөнө тең каршы добуш бере алат.
Жапаровдун командасы он жыл ичинде парламентаризм жана партиялык система өзүн жаманатты кылды деген пикирди жүйө тартууда. "Партиялык система кландык схеманы жаратып, элди байлар жана жакырлар деп бөлүп, коррупциянын гүлдөшүнө алып келди",-деди Жапаров жарандар менен жолугушууда.

Сүрөттүн булагы, EPA
Эгерде шайлоочулар президенттик башкаруу үчүн добуш берсе, конституциялык реформанын чегинде депутаттар саны кыскарат (120дан 90го), парламент депутаттары мажоритардык жана пропорционалдык жол менен шайланмакчы. Президент өкмөт башчыны, министрлерди жана орун басарларын дайындайт, ошондой эле кызматтан кетире алат. Мыйзам долбоорлорун сунуштап же кайра кароого жөнөтөт. Конституциялык жана Жогорку Соттун судялыгына талапкерлерди парламентке сунуштайт. Айрым саясат таануучулар муну башкаруунун суперпрезиденттик формасы катары мүнөздөп, Борбор Азиядагы демократия аралы саналган өлкө авторитаризмге ыктап, артка кетүүдө деп сынга алууда.
"Буга чейин Кыргызстанда президенттик башкаруу формасы өзүнүн тескери натыйжасын берип, бийлик бир кишинин колуна топтолуп калганы тууралуу Акаевдин, Бакиевдин мисалдары бар. Алар бийликти узурпациялап, коррупцияга батып, эч кандай жоопкерчилик тартпастан өлкөдөн качып кеткен. Президенттик башкаруу формасына кайтуу - эски тырмоочту кайра тебелөө деген эле кеп",-дейт саясий журналист Рустам Халимов.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кыргызстандын эгемендик тарыхында Баш мыйзам тогузунчу жолу кайра жазылып жатат. Айрым юристтер Жапаровдун конституциялык реформасы жана референдум мыйзамсыз деп экенин айтууда. Венециялык комиссия бийликтин парламенттик шайлоодон мурда референдум жана конституциялык реформа өткөрүп жатканын сынга алган.
Конституциялык реформага каршы чыгып жаткандар мурда коррупцияга каршы жүрүштөрдү өткөрүп келген жаштар кыймылдары болууда. Бир нече айдан бери алар ар жекшембиде референдумга жана конституциялык өзгөртүүлөргө каршы жүрүштөрдү өткөрүп келди. Жакында аларга президенттик шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлер дагы кошулган эле.
Башында президенттик жарышка 65 киши катышуу ниетин билдирип, бирок аягында 17 талапкер калды. Алардын арасында бир гана аял бар - юрист жана оппозициялык "Реформа". партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова.
Садыр Жапаровдун негизги атаандашы катары Адахан Мадумаров айтылып жатат. Жапаров бир нече оор көйгөйлөрдү чечүүгө убада берди, атаандаштары болсо муну популисттик чакырык катары сындап жатат. Маселен, мигранттарга жумуш орундарын тузүп, мекенине кайтаруу, кен байлыктарды улутташтыруу сыяктуу чакырыктары бар.
"Жапаров бийлик дискредитацияланып, бардык саясатчыларга, бийликке нааразылык өтө күчөп турган маалда келди. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, бийликке болгон нааразылык 2010-жылдын Апрель окуяларынын алдында ушундай курч болгон. Жапаров нааразылык күчөп турганда абакта болуп, нейтралдуу саясатчы катары (элдин көзүнө) алынып кетти",-дейт "Контекст" саясий программасынын автору Азим Азимов.

Сүрөттүн булагы, AFP
Жапаров жеңип чыгышы мүмкүн деген жоромолдор анын башка талапкерлерге караганда көп каражат жумшаганына байланыштуу да айтылууда. Жапаров өзүнүн шайлоо фондуна келген акчалардын үчтөн бири элден жыйналганын айтты. Бирок демөөрчүлөрдүн арасында бизнесмендер, мурдагы саясатчылардын балдары бар.
Эгерде Жапаров шайлоону утуп, конституциялык реформаны өткөрө алса, эбегейсиз бийлик менен бирге эле терең кризиске баткан өлкөнү колго алат. Пандемия, карантин жана бийлик алмашуу Кыргызстандын экономикасын оор абалга кептеди. Бир жылда өлкөнүн ИДПсы 8,1% кыскарган. Ошол эле маалда сырткы карыздары дагы кыйнап турат. Анын ичинде Кытайга болгон карыздар.
Кыязы, Садыр Жапаровду өзүнүн тагдыры деле тынчсыздандырса керек. Кыргызстандын эгемен тарыхында бир жарым жылдай президенттик кызматта турган Роза Отунбаева гана тынч жол менен бийликти өткөрүп берди. Жакында эле отставкага кеткен Сооронбай Жээнбековдон мурунку мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев азыр абакта. Ал эми мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев өлкөдөн качып, бири Орусияда, экинчиси Беларуста баш калкалап жүрөт. (AbA)









