Үмүт менен үшкүрүгү аралаш үгүт өнөктүгү

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO
Кыргызстанда президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүнө беш күн калды. Шайлоо менен бир эле күнү мамлекеттик башкаруу түрүн тандоо боюнча референдум өтөт. Шайлоо күнү жакындаган сайын талапкерлердин ортосунда курч билдирүүлөр чыга баштады. Байкоочулар өз кезегинде административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу, коркутуп-үркүтүү сыяктуу мыйзам бузуулар болуп жатканын айтууда.
Шайлоодо негизги талапкер катары аталып жаткан Садыр Жапаров бүт республиканы кыдырып, үгүт өнөктүгүн эң активдүү жүргүзүүдө. Үгүт иштерине да эң көп акча жумшады. БШКнын маалыматына караганда, шайлоодо жумшалган жүз миллиондон ашуун сомдун теңинен көбү да ушул талапкердики.
"Жапайычылыкка каршы бириктик"

Ошол эле убакта калган он жети талапкердин төртөө өзүнчө биригип, үгүт өнөктүгүн чогуу жүргүзө баштады. Алар Садыр Жапаровго каршы бириккенин жарыялашып, анын өзүн диктатордун бийлигин - "ханституцияны" орнотууну максат кылган реваншисттердин долбоору деп аташууда.
Бүгүн алар Бишкекте эски аянтта өткөргөн митингде бир топ курч билдирүүлөр болду.
"Бүгүн биз шаарыбызды ыш баскан, мамлекетибизди коррупция баскан, бийликти баскынчылар баскан замандап жашап атабыз. Биз төртөөбүздүн баш кошконубуз - жапайычылыкка, мыйзамсыздыкка каршы бириктик, акыйкаттык үчүн бириктик",-деди ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев.
Бир күн мурда президенттин милдетин аткаруучунун өкүлү административдик кысым, мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү төгүндөп, айрым күчтөр Кыргызстандагы кырдаалды чайпалтууга аракет кылууда деп билдирген.
Ошол эле убакта административдик ресурсту колдонуу, кысым көрсөтүү, сатып алуу, коркутуп-үркүтүү фактылары орун алып жатканын узак мөөнөттүү байкоочулар да белгилешүүдө. "Жалпы иш" коомдук фондусунун байкоочуларынын айтымында, эң көп мыйзам бузуулар Садыр Жапаров тараптан болуп жатат.
"Шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча мыйзам бузуулар болуп жатат. Андан тышкары, басым көрсөтүү фактылары жөнүндө бизге арыздар түшүүдө. Биздин байкоочулардын ою боюнча агитацияны Садыр Жапаров аябай активдүү жүргүзүп жатат. Анткен менен ага да арыздар түшүп жатат. Бирок бир эле Садыр Жапаровго түшүп жатат деп айтыш туура эмес",-дейт коомдук фонддун координатору Арсланбек Өмүрзаков.
"Ханституция"

Кыргызстанда кезексиз шайлоо бир жагынан пандемия жакадан алып, экинчи жагынан саясий жана экономикалык кризис курчуган убакта өтүп жатат. Мамлекет казынасында каражат каат болуп, социалдык төлөмдөрдү аткаруу үчүн Орусиядан 20 млн доллар жардам алынганы жарыяланды.
Октябрда парламенттик шайлоодо одоно мыйзам бузуулардан чыр чыгып, массалык тополоңго айланып, президент менен өкмөт алмашкан. Бийликке келген күчтөр парламенттик шайлоону жазга которуп, биринчи кезекте президенттик шайлоону жарыялашты. Бир эле убакта конституциялык реформа өткөрмөк болуп, баш мыйзамдын жаңы долбоорун алып чыгып, талкууга коюшту.
Коомчулук президенттин чексиз бийлигин орноткон "ханституция" болуп калыптыр деп нааразы болгондо, анда мамлекеттик башкаруу формасын эл өзү тандасын деп референдумга алып чыгышууда. Бирок референдумга каршы болгондор, бул иштер толтура мыйзам бузуу менен өтүп жатат, эл алданып жатат деп сынга алып, утур-утур жүрүшкө чыгууда.
2010-жылы Кыргызстанда революциялык жол менен бийлик алмашканда бийликке келген саясий күчтөр өлкөнүн парламенттик башкаруу жолун тандаганын жарыялашкан. Бирок андан бери өткөн он жыл ичинде бул башкаруудан элдин көңүлү калды деп атышат. Анын башкы себеби партиялык шайлоонун тизмеси менен өңчөй капчыгы калыңдар келип, парламентте көпчүлүк болуп, президенттин айтканын кыңк дебей аткарып, нотариус, олиграх, тактеке парламент атка конду.
Ошол эле убакта экс-президент Роза Отунбаева жана башка саясий күчтөр парламенттик башкаруу жолунан кайтуу өлкөнүн отуз жыл артка алып кетерин, президенттик башкаруу Кыргызстандын шартында кайрадан бир адамдын чексиз бийлигине диктатурасына алып барат деп эскертүүдө.








