Грузияны толкуткан парламенттик шайлоо

Сүрөттүн булагы, ZURAB KURTSIKIDZE/EPA
31-октябрда өткөн Грузиядагы парламенттик шайлоонун аягы каршылык жүрүштөрү менен коштолду. Расмий маалыматтар боюнча шайлоодо бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы жеңишке жетти. Бирок оппозиция шайлоо тыянагын тааныбай турганын жарыялап, тарапташтарын каршылык акциясына чыгууга үндөдү.
Жекшембиде Тбилисинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан парламент имаратынын алдында оппозициянын митинги өттү. Оппозиция шайлоо тыянагына ишенбей турганын айтууда. Ал эми башкаруучу партия бул шайлоону демократияны чыңдоо үчүн жасалган дагы бир кадам катары баалады.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария пандемияга карабай келип, шайлоого көз салган эл аралык байкоочуларга ыраазычылык билдирди. Өзүнүн "Фейсбук" баракчасына ушундай оор шартка карабай Грузия ачык жана атаандаштык толук камсыздалган шайлоо өткөрө алганын жазды.

Сүрөттүн булагы, ZURAB KURTSIKIDZE/EPA
Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала тыянактары боюнча "Грузин кыялы - демократиялык Грузия" партиясы добуштардын 48,15% алды. Анын артынан эле "Бирдиктүү улуттук кыймыл - Күч биримдикте" оппозициялык блогу 27,14% добушка ээ болгон.
Андан сырткары башкаруучу партиянын мажоритардык талапкерлеринин он төртү биринчи айлампада эле утуп чыккан. 16 округда экинчи айлампа өтөт. 31-октябрда өткөн шайлоого 48 партия жана эки блок катышты.
Ишембидеги шайлоо биринчи жолу жаңы системада өттү. Шайлоочулар мурдагы 77 депутаттын ордуна 120 депутатты пропорционалдык система менен тандап алды. Ал эми мажоритардык жол менен шайланып келген 73 депутаттын ордуна 30ун шайлашты. Андан сырткары бул жолку шайлоодо пайыздык чек беш пайыздан бир пайызга азайтылган эле. Бул болсо анчалык чоң эмес партиялардын парламентке келишине мүмкүндүк берет.






