Саакашвили Грузиянын премьер-министри болушу мүмкүнбү?

Михаил Саакашвили

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Грузиянын "Күч биримдикте аталган" оппозициялык коалициясы 31-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону утуп чыкса, премьер-министрликке Михаил Саакашвилини алып келе турганын билдирди.

Бирок оппозициянын өзүндө буга каршы болгондор бар. Грузиянын экс-президенти өлкөгө келе албайт жана сыртынан соттолгон. Аны 2015-жылы украин паспорту бар деген негизде грузин жарандыгынан ажыратышкан. Саакашвили учурда Киевде жашап, Украинанын Реформа боюнча улуттук кеңешин жетектейт. Грузияда өзүнө тагылган айыптоолорду саясий негизде деп четке кагып келүүдө.

Эксперттер Саакашвилини өкмөт башына алып келүү чакырыгы оппозицияга жардам деле болбошу мүмкүн деген пикирде. Анткени башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы коронавирус пандемиясы менен ийгиликтүү күрөшкөндөн кийин эл арасында колдоого ээ болду.

Август айында өткөрүлгөн социологиялык сурамжылоодо грузиндердин 33 пайызы башкаруучу партияны колдой турганын билдирген. Ал эми "Күч биримдикте" аталган оппозициялык коалицияны колдогондор 16 гана пайыз болгон. Башка партияларга бирден беш пайызга чейин артыкчылык беришти.

Украина же Грузия

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили өлкөсүн 2013-жылы таштап чыгып кеткен. Бирок иш жүзүндө партиясы "Бирдиктүү улуттук кыймылга" көзөмөлүн жоготкон эмес. Аталган партия өлкөдөгү башкаруучу партияга негизги оппозиция болуп жүрөт.

Май айында Украина президенти Владимир Зеленский аны Реформа боюнча улуттук кеңештин жетекчиси кылып дайындаган эле. Саакашвили Киевде жаңы кызматка барган маалында дагы коомдук сайттар аркылуу грузин бийлигине сын айтып турду.

Саакашвили өз өлкөсүндө аны премьер-министр кылуу демилгеси болуп жатканын кубаттады. "Грузин элимдин кризистен чыгышына жардам бергим келет",-деди ал.

Михаил Саакашвили мекенине кайтып барса камалышы мүмкүн

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Саакашвили мекенине кайтып барса камалышы мүмкүн

"Мен эки өлкө ортосунда тандоо жасабайм. Менин күрөшүм эки жакта тең улана берет",-дейт Саакашвили.

Бирок ал чет жерлик жаран катары шайлоо алдындагы үгүт иштерине дагы катыша албайт. "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып менен Грузияда эки кылмыш иши боюнча соттолгон. Дагы бир нече кылмыш ишинде фигурант болуп жүрөт. Грузиянын өкмөтү ал кайтып келери менен камакка алынат деп эскертүүдө.

Presentational grey line

Анализ

Нина Ахметели, Би-Би-Синин Тбилисидеги кабарчысы

27-августта Грузиянын мамлекеттик туусунун фонунда туруп видео кайрылуу жасаган экс-президент Михаил Саакашвили: "Мен кайтып барам!",-деп билдирди. Ал 2013-жылы өзүнүн президенттик экинчи мөөнөтү бүтөрү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери анын Грузияга кайтып келиши тууралуу жарыялар өлкөдөгү негизги маалымат каражаттарынын башкы темасы бойдон кала берүүдө. Экс-президент Грузияда жети жылдан бери жашабайт. Бирок ошондой болсо дагы өзгөчө шайлоолордун алдында анын билдирүүлөрү курч талкууларды жаратып келүүдө. Грузияда анын тарапташтары бар. Алар Саакашвилинин мекенге кайтуу туралуу кезектеги кайрылуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. Бирок Саакашвили кайтып келе турган күнүн так айткан жок. Болгону мекенине кайтып келүү убадасын гана берди. Башкаруучу партия болсо анын билдирүүсүнө ишенбеген көз карашта турат. Оппозициянын өзүндө Саакашвилинин билдирүүсүн олуттуу кабыл албагандар болду. Айрымдар мындай убадалар кайра бийликтин пайдасына иштеп кетиши мүмкүн деп эсептейт.

Саакашвилини болочок премьер катары кароодо көптөгөн суроолор бар. Өкмөт башына келүү үчүн мыйзам боюнча грузин жараны болушу керек. Анан калса ага бир нече кылмыш иши козголуп, сыртынан соттолгон. Эгерде шайлоону оппозиция утуп чыкса, кырдаал кескин өзгөрөт. Бирок ошондо дагы Саакашвилиге жапырт колдоо болбойт. Оппозициянын катарында аны өкмөт башына алып келүүгө каршы болгондор бар. (AbA)