Саакашили украин бийлигине кайтып келди. Ал реформалар кеңешинин аткаруу комитетин башкарат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Михаил Саакашвили Украинада Реформалар боюнча улуттук кеңештин аткаруу комитетинин башчысы болуп дайындалды. Президент Зеленскийдин тийиштүү жарлыгы бейшембиде жарыяланды.
«Михеил Николозовичти жаңы жооптуу сыноосу менен чын жүрөктөн куттуктайм,-деп айтылат Зеленскийдин расмий сайттагы куттуктоосунда. - Ал Реформалар боюнча улуттук кеңешке дем берип, өлкөнүн турмушунда маанилүү жаңыланууларды ишке ашырууга жардам берерине ишенем».
Бул кеңешти 2014-жылы Украинанын мурунку президенти Петр Порошенко түзгөн, ал реформалардын мамлекеттик саясатын стратегиялык пландаштырууда кеңеш берүүчү орган. Кеңештин башчысы Украинанын президенти, анын курамын ал өзү түзөт.
Реформалар боюнча улуттук кеңештин ишмердиги украин коомчулугунда анчалык чоң резонанс жараткан жок. Анын эң белгилүү жыйыны 2015-жылы декабрда болгон, анда Одессанын мурунку губернатору Михаил Саакашвили менен ички иштер министри Арсен Аваков уруша кетип, эл көзүнчө бири-бирине стакандан суу чачышкан. Бул эки саясатчы азыр да кеңеште чогуу иштей турган болуп турат.

Сүрөттүн булагы, Facebook Arsen Avakov
Ишке ашпаган дайындоо
22-апрелде Саакашвили президент Зеленский сунуштаган реформалар боюнча вице-премьер-министр кызматына макул болгонун билдирген. Саакашвилинин өзүнүн айтымында, Зеленский ага Киев менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы сүйлөшүүлөрдү координация кылуу милдетин жүктөгөн жаткан, ошондой эле салык саясаты менен чакан жана орто бизнестин дерегуляция процессине кураторлук кылмак.
Владимир Зеленский өз кезегинде Саакашвилинин билдирүүсүнө эчтеке деп айткан жок. Украинанын мыйзамы боюнча президент өкмөттөгү кызматтарга дайындоого бийлиги чектелүү, вице-премьер кызматын өзү бирөөнө сунуш кылууга укугу жок, бул өкмөт башчысынын иши.
Саакашвили өзүнүн өкмөттөгү аткара турган ишин премьер-министр Денис Шмыгаль менен дагы сүйлөшкөнүн айткан. Бирок өкмөт башчысы да жолугушуу жөнүндө комментарий берген жок.
Кандай болгон күндө да Грузиянын мурдакы президенти Украина өкмөтүнүн мүчөсү болбой калды, аны дайындоого парламентте жетиштүү добуш жок болуп чыкты.
Жогорку Радада формалдуу алганда Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы көпчүлүктү түзөт. Бирок 24-апрелде Саакашвилинин депутаттар менен болгон жолугушуусу аны колдоп берүүгө президенттин саясий бирикмесине кирген парламентарийлердин баары эле макул эмес экенин көрсөттү.
«Башка формат»
Бул дайындоо Саакашвилинин украин бийлигине экинчи жолку кириши. Ал биринчи жолу 2014-жылы Украинага ошол убактагы президент Порошенконун чакыруусу менен келип, анын жарлыгы менен жарандык алган. Саакашвили дароо эле олигархтар менен коррупцияга каршы өчөшкөн күрөшкер экенин көрсөтүп, ошол убактагы премьер-министр Арсений Яценюкка каршы чыккан. Аны болсо Порошенко кызматтан ала албай жаткан учур эле.

Саакашвили андан кийин Одесса облусунун губернатору кызматына отуруп, бир топ убакыт өткөндөн кийин Порошенконун өзүнүн иштерин сынга ала баштады. Порошенко аны карап отурмак беле, көп эркелетпей эле кызматтан алып салды. Саакашвили жөн калбай, президентке импичмент жарыялоону талап кылып, каршылык жыйындарын уюштура баштады. Акыры Порошенконун жарлыгы менен Саакашвилиден украин жарандыгы алынып, ал өлкөдөн чыгарылып жиберилген.
Владимир Зеленский Саакашвилиге украин паспортун кайтарып берди. Саакашвили буга чейин көбүнчө Одессада жашап, украин жана грузин саясатына көз салып, өзүнүн көз карашын маал-маалы менен билдирип келаткан. (КС)








