Саакашвилиге Украина өкмөтүндө чоң кызмат берген жатышат

Михаил Саакашвили

Сүрөттүн булагы, ARKHIP VERESHCHAGIN/TASS

Грузиянын мурунку президенти, Одесса областынын мурунку губернатору Михаил Саакашвили ага президент Зеленский вице-премьер кызматын сунуш кылганын билдирди. Анын талапкерлиги чынында эле каралып жатканын «Эл кызматчысы» фракциясы да ырастады.

4-мартта Жогорку Рада Алексей Гончаруктун жарым жыл гана иштеген өкмөтүн отставкага кетирип, Денис Шмыгаль башында турган жаңы министрлер кабинетин түзгөн. Марттын аягында дагы эки министр - финансы менен саламаттык сактоонун башындагылар кызматынан алынган.

«Украинанын реформалар боюнча вице-премьери болуп иштөө жөнүндө президент Зеленскийден сунуш алуу мен үчүн чоң сыймык. Мен премьер-министр Шмыгаль менен дагы мазмундуу жана пайдалуу аңгемелешүү болду. Анда биз мен өкмөттө иштеп калсам, аткара турган ишиме байланыштуу маселелерди талкууладык»,-деп жазды Саакашвили Фейсбукта.

Саакашвилинин сөзүнө караганда, ал сунушту кабыл алды.

"Мен бул сунушка жана өзүмдүн чечимиме өтө чоң жоопкерчилик менен карап жатам, анткени азыр өлкө үчүн өтө татаал учур. Алдыда абдан кыйын мезгил, экономикада эле эмес бүт өлкөдөгү жашоодо. Азыр биз чечим кабыл алууда жана реформаларды жүргүзүүдө абдан чечкиндүү болушубуз керек»,-деп жазды ал.

Саакашвили чынында эле реформалар боюнча вице-премьер кызматына талапкер болуп каралып жатканын УНИАН агенттигине Жогорку Раданын депутаты Александр Качура кабарлады.

"Эл кызматчысы" фракциясынын жыйынына Саакашвилинин талапкер катары чакырылганын фракция башчысынын орун басары Евгения Кравчук ырастады.

"Ырас, чынында эле Саакашвилинин талапкерлиги реформалар боюнча вице-премьер кызматына каралып жатат»,-деп айтты ал Интерфакс-Украина агенттигине, - Саакашвилини президент колдоп жатат, азыр биз да маалымат чогултуп жатабыз, депутаттар колдойт бекен деп».

Украина президентинин басма сөз кызматы Би-Би-Синин тийиштүү суроосуна жооп кылып, Зеленский Саакашвили менен жолукканын, анда «Украинанын өнүгүшүнө жардам берүү жөнүндө анын көз карашын сүйлөшүп», ошондой эле «анын көз карашы менен сунуштарын Украинанын өкмөтү жана парламенти менен бөлүшүү» тууралуу сунуш болгонун кабарлады.

Саакашвилиге Зеленский реформалар боюнча вице-премьер кызматына сунуш кылганы жөнүндө маалымат айтышкан жок. (КС)