Грузия: миллиардердин өлүмүнө байланыштуу Саакашвилинин ысымы аталды

Грузиянын прокуратурасы миллиардер Бадри Патаркацишвилини өлтүрүү планы боюнча ишти ачканын билдирди. Ал 2008-жылдын 12-февралында Лондондун чет жакасында каза тапкан.

Михаил Саакашвили

Сүрөттүн булагы, Reuters

Патаркацишвилини өлтүрүүгө даярдык көргөн деп, ИИМдин мурдагы жогорку даражадагы үч чиновнигине айып тагылды.

"Бул өлүмдү ишке ашыруу тууралуу эмес, адам өлтүрүүнү пландаганы тууралуу иш",-деп түшүндүрдү журналисттерге прокуратуранын өкүлү Како Кацитадзе.

Прокуратуранын билдирүүсүндө, Грузиянын ИИМнин конституциялык коопсуздук боюнча департаментинин мурунку кызматкерлери 52 жаштагы бизнесмен жана мурунку бийликтин оппоненти Бадри Патаркацишвилинин өлүмүн 2007-жылы пландаган деп айтылат.

Шаршембиде прокуратура аудио жазуулардын бирин дагы ачыкка чыгарды. Анда шектүүлөрдүн бири миллиардерди өлтүрүүгө даярдык ошол кездеги Грузиянын президенти Михаил Саакашвили тарабынан санкцияланган деп айтып берген.

"Бир нече күндөн кийин шайлоо. Жарандар үчүн эч нерсе кыла албаган бул режим жанталашууда. Бул кишилер [айыпталгандар] түрмөдө олтурат. Азыр аларга айтып берип, кандай гана жазууну болбосун жаздырып алса болот. Кандай айырмасы бар. Грузияда буга эч ким ишенбейт, эч ким. Менин ал жерде такыр тиешем жок. Алар эмнени кааласа, ошону айтып берип жаздырышкан",-деди Михаил Саакашвили Би-би-сиге берген маегинде.

Бозгундагы бизнесмен

Бадри Патаркацишвили

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бадри Патаркацишвили 2008-жылдын 12-февралында Лондондун чет жакасында каза тапкан.

52 жаштагы бизнесмен жана Борис Березовскийдин бизнестеги өнөктөшү Бадри Патаркацишвили 2008-жылдын 12-февралында Лондондун чет жакасында каза тапкан. Анын күтүүсүз өлүмү шектүү пикирлерди жараткан. Бирок расмий тыянакта анын жүрөгү кармап каза тапканы айтылган.

Патаркацишвилинин ошол учурдагы Грузия бийлиги менен мамилеси татаал болгон. Ошондой эле активдүү бизнесин жүргүзгөн Орусияда дагы бийлик менен салкын мамиледе эле.

Орусияда Патаркацишвили ОРТ жана ТВ-6 телеканалында жетекчилик кызматтарды аркалап турган. Бирок 2001-жылы Орусиянын Башкы прокуратурасы аны "Аэрофлоттун" мурунку жетекчи орун басары Николай Глушковдун укук коргоо органдарынан качып кетүүсүнө көмөк көрсөткөн деп айыптаган.

2002-жылы октябрда ага карата "ири суммадагы акчага көз боемочулук кылган" деген дагы бир айыптоо тагылды.

Патаркацишвили Грузияга кетип калат. Андан кийин орус бийлиги ага эл аралык издөө жарыялаган. Орусия аны кармай алган эмес. Патаркацишвили Грузиядан Улуу Британияга жана Израилге ээн-эркин каттап турган.

Грузияда "Имеди" деген телеканал негиздеген. 2007-жылдан тарта анын бийлик менен мамилеси курчуп кетти. Ал ачык эле президент Михаил Саакашвилини бийликтен кулатуу үчүн каражатын аябай турганын айткан.

Ушул эле жылдын ноябрь айында Тбилисинин борборундагы өкмөткө каршы митингди таратып, "Имеди" телекомпаниясынын эфири өчүрүлөт. Патаркацишвилиге зомбулук менен бийликти кулатууга чакырык кылган деген кылмыш иши козголот.

Грузиянын прокуратурасы ага экинчи жолу айыпты 2008-жылы президенттик шайлоодон кийин такты. Бул жолу бийликти кулатууга кутум уюштурган, саясий кызматтагы кишилерге кол салуу жана теракт уюштурууга даярдык көргөн деген айыптоолор тагылган. Патаркацишвили бул айыптоолорду абсурд деп атаган эле.

Грузияда бийлик алмашкандан кийин 2012-жылы Патаркацишвилинин жакындарына "Имеди" телеканалы кайра кайтарылган. Борис Березовский менен дагы мамилеси начарлап кеткен. Березовский аны ишти ак ниети менен жүргүзбөй жатат деп айыптаган.

____________________________________________________________________

Патаркацишвилини өлтүрүүнү пландаган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптоо Грузиянын ИИМнин конституциялык коопсуздук боюнча департаментинин мурунку үч кызматкерине тагылды. Алар Реваз Шиукашвили, Леван Кардава жана Георгий Меребашвили.

Далил катары алынган аудио жазуулардын биринде шектүүлөр Патаркацишвилини өлтүрүү тууралуу болжолдуу планды талкуулап жатат. Аудио жазуулардын биринде ошол кездеги президент өзү санкциялаганы тууралуу айтылат.

Прокуратуранын маалыматында, аудио жазуулар шектүүлөрдүн биринин үйүн тинткен учурда табылган.

Айыпталгандар күнөөсүн четке какты. Алардын адвокаттары бул иш боюнча далилдер жок экенин айтып жатат.

Айыптоолордун негизги далили болгон аудио жазууларга 2016-жылы эле экспертиза жүргүзүлгөн экен. "Андай болсо эмне үчүн айыптоолор ошондо айтылбай, азыр айтылып жатат",-деди адвокаттардын бири Кети Мирианашвили.

Муну президенттик шайлоо алдындагы саясий иш катары дагы карагандар болуп жатат. (AbA)