Дмитриевкадагы чуу: талкаланган мүлктү ким төлөйт?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Чүйдүн Дмитриевка айылында террорчулукка шектүүнү кармоо учурунда жай тургундардын жеке менчик мүлкү да жабыркады.

Контр-террордук операция маалында жабыркаган турак жайлар

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Контр-террордук операция маалында жабыркаган турак жайлар

65 жаштагы Рабия Валиеванын айтымында, контр-террордук операция маалында анын Дмитриевкадагы жер тамы толугу менен күйүп кетти:

"Үй толугу менен күйүп кетти, эчтекеси калган жок. Күлү эле калды. Бир эмес, эки тамыбыз бир күндө жок болуп калды. Эми эмне кылабыз? Акчасын чыгарып беришсин же бир жерден бизге там алып беришсин да. Үйдүн ээси менин неберем эле, ал үч баласы менен Россиядан Кыргызстанга мына-мына келем деп жаткан, эми ал кайда келет? ".

Рабия Валиеванын айтымына террорист делип жаткан жаран, үйдү ижарага берерде, эч шек туудурган эмес. Ал адам "Оштон келдим" деп, ижарага алып аткан бөлмөдө үй-бүлөсү менен жашай турганын айткан.

"Үйдүн ары бетинде башка квартиранттарыбыз бар эле, тиги киши берки тараптагы бөлмөнү ижарага алган. Мен ал террорист экенин кайдан билдим. Маңдайында жазылбаптыр да. Анын андай экенин билсем, өзүм эле карматып коет элем да. Үйүмө киргизип, аягында ушинтип талкалатпай эле".

Күбөлөрдүн айтымында террорчулукка шектелип жаткан адамды кармоодо күч кызматкерлери төрт граната жардырышкан. Андан шектүү каза таап, ИИМдин эки жоокери да жаракат алган. Күч орган кызматкерлеринин абалы азыр туруктуу экени кабарланууда.

Окуяда Россиядан келген туристтер да жабыркап, алардын документтери, жеке буюмдары күйүп кеткен. Учурда аларга волонтерлор жардам берип жатат. Орус жарандары террорчу жашаган үйдөн ижарага бөлмө алышканы маалым болду. Алардын арасында бул окуяда жабыркагандар болгон эмес.

Бирок Рабия үй-жайынан кур калганына ичи ачышып жатат. Ал күйүп кеткен үйүнүн чыгымын эми ким көтөрөт деп башы маң.

Юристтердин жообу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Юрист Мунарбек Айдаралы уулу мындай жагдайга тушуккан жарандар же жабыр тарткан тарап Жарандык Кодекстин негизинде маселесин чечип алса болот, дейт:

“Мындай учурда мамлекет үйдү толук кайра калыбына келтирип бериши керек. Токмокто болуп өткөн бул окуяда менчик ээси үйүн убактылуу ижарага берген. Бирок анын ким экенин билген эмес. Алдын ала билсе, анда башка кеп. Кылмышкерди жашырып, же ал террорчу делип аткан киши тууганы болуп чыкса, анда башкача каралмак. Талкалаган мүлктү өздөрү калыбына келтирип калышы мүмкүн эле. Бирок азыркы окуяда үй ээси келтирилген материалдык чыгымды мамлекеттик органдардан өндүрүп алуу өтүнүчүн келтирсе болот".

Эгер тийиштүү мекеме чыгымду келтирүүдөн баш тартып же кетенчиктесечи?

"Эгерде чыгымды келтирүүдөн баш тартышса, анда үй ээси жарандык тартипте райондук сотко кайрыла алат. Бирок ага чейин канча сомго тете материалдык чыгым келди, атайын комиссия менен тактап алыш керек”, -дейт юрист.

Мындай учурларда келтирилген материалдык чыгымды Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин алдында түзүлгөн атайын жарандык комиссиялар эсептеп чыгышат.

Дагы бир юрист Бексултан Осмонов бул жерде жабырлануучу тарап үчүн маселе жаратчу бир катар жагдайлар бар экенин белгилейт.

"Мисалы, бул жерде үй ээси жер тамын буга чейин камсыздандырганбы деген суроо жаралышы мүмкүн. Экинчиден, үй ижарага берилген экен. Мисалы, ал келишимдин негизинде берилгенби, эгер ошондой болсо анда кандай келишимдер болгону такталат. Патенти барбы же жокпу деген да суроо чыгышы мүмкүн?"

Юрист өрттөлүп кеткен үйдүн кенемтесин өндүрүүдө үй ээсине ушул жагдайлар машакат жаратышы мүмкүн дейт.

Чекисттин жообу

Дмитриевка айылында болгон окуяда УКМК террордук актынын алдын алганын айтылууда. Атайын кызматтын мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков да жогорудагыдай учурларда УКМК чыгымды көтөрүшү керектигин айтып берди.

"Террорчуларды кармаш кыйын болуп жатса, тегеректе жабыркай турган адамдар жок болсо, УКМК жанагындай БТР, огнемет, пулемет, гранат, винтовка колдоно алат. Эгерде барымтада адамдар болсо, ага жол берилбейт. Ушундай контр-террористтик операцияда чыгым болгондо аны дифференциалдык түрдө карашат. Эгер террордук топту жашырып же жакындыгы бар болсо, анда мамлекет чыгымды албайт. Эгерде билбей, жай тургундар мындай кылмышкерге байланышы бар болуп калса, анда компенсация мамлекет тарабынан болот".

Эксперт соңку окуяда УКМК жакшы иштеп, чоң кырсыктардын алдын алганын кошумчалады.

Артур Медетбеков,

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Артур Медетбеков, УКМКнын мурдагы төрага орун басары

"Атайын кызматтын күчтөрү мындай террордук топторду ок чыгарбай, ашыкча чуусу жок кармаганда ММКда ал тууралуу маалыматтар билинбей, байкалбай эле кетип калып жатат. Террорчу кармалды, ок-дарылар тартылып алынды деген жаңылыктар этибарга алынбайт. Качан гана мындай операциялар атышуу, жарадар болуу менен коштолгондо коомду дүрбөлөңгө салып, психологиялык жактан таасирин берүүдө. Азыр Кыргызстанда эле эмес бүт дүйнөдө террордук коркунуч бар. Афганистанга бийликке келген күчтөр эл аралык деңгээлдеги мыкаачы топторго ээн-ээркин жүргөнгө даярданган шарт түзүп жатат. “Ислам мамлекети”, Аль-Каида" (эки топ тең экстремисттик-террористтик уюм деп катталган, мыйзамсыз топтор) өңдүү уюмдардын баары бүт ошол жакта болуп жатат".

Медетбеков бул уюмдардан тышкары "Өзбекстан Ислам кыймылы", "Түркестан жаңырасы" деген чоң террористтик уюмдар дагы Афганистандан баш-паанек таап, учурда кийинки жаш муунун таптап жатышканын кошумчалай кетти.

"Кыргызстанда терроризм коркунучу жок"

Кыргызстан өзүнүн эгемендик жылдарынын алгачкы мезгилинде терроризм көйгөйүнөн четте калган жок.

Террорчулукка каршы күрөш жана өлкөнүн коопсуздугун коргоо маселеси 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынан кийин өзгөчө мааниге ээ болуп калды. Андан кийин көп адамдын канына забын болуп, коомчулукка бүлүк салган окуя 2002-жылы 27-декабрда орун алды. Жаңы жыл алдында "Дордой" комплекси жайгашкан "Оберон" базарындагы террордук акт тогуз адамдын өмүрүн кыйып, элүүгө чукул киши жараат алган.

Андан кийин 2006, 2008, 2017-жылдары Бишкекте ири террордук актылар болуп кетти. Соңку жолу Бишкектеги Кытай элчилигине жанкечти машинасы менен кирип барып, үч адам жарадар болгон эле.

Кыргызстандын коопсуздук кызматтары өлкөдө терроризм коркунучу дале күчүндө экенин айтышат, бул себептүү сактык чараларын күчөтүшүүдө.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Кыргызстанда 1200дөн ашуун адам “террорчу” деп катталганын айтып чыккан. Алардын көбү “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун жактоочулары, арасында вахабисттер, акромисттер жана ИДУнун өкүлдөрү да бар.

Экономика жана тынчтык институтунун "Global Terrorism Index 2023" деп аталган жаңы баяндамасында, Бобор Азияда Тажикстан менен Өзбекстан терроризм тобокелдигине байланышкан абалы начарлаган өлкөлөр деп бааланды. Өзбекстан террордук коркунуч рейтингинде 163 өлкөнүн ичинен 70-орунга, Тажикстан 50-орунга жайгашкан. Баяндамада Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстан терроризм коркунучу жок өлкөлөрдүн катарына киргизилген.

Афганистан террористтик коркунуч тобокелдиги эң жогору деп бааланып, рейтингде биринчи орунга жайгашкан. Экинчи орунга Буркина-Фасо (Батыш Африка), үчүнчү орунга Сомали жазылган. Буга чейин Өзбекстан көптөгөн жылдар бою терроризм тобокелдиги жок өлкөлөрдүн катарында болуп келген.