12 секундда 25 млн доллар. АКШда бир туугандар криптовалюта уурдаган деп соттолууда

Биткойн. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Сүрөттүн булагы, Биткойн

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биткойн. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Престиждүү Массачусетс технологиялык институтун (MIT) бүтүргөн эки бир тууган АКШда 25 млн долларлык Ethereum криптовалютасын 12 секунддун ичинде уурдап кеткен деп айыпталууда.

24 жаштагы Антон Пэр-Буэно жана 28 жаштагы Жеймс Пэр-Буэно алдамчылык жана арам акчаны адалдоо боюнча айыпталууда.

АКШнын Юстиция министрлиги мындай тоноо биринчи жолу болгонун билдирди. Прокурорлордун айтымында, бир туугандар уурулукту 2023-жылдын апрель айында жасашкан.

"Бир туугандар бир нече ай ичинде иштелип чыккан жана бир нече секунданын ичинде ишке ашырылган технологиялык татаал, заманбап схема аркылуу 25 млн долларлык Ethereum криптаволютасын уурдашкан", - деди башкы прокурордун орун басары Лиза Монако.

Прокурорлордун айтымында, бир туугандар "дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин биринде үйрөнгөн атайын жөндөмдөрүн колдонушкан".

Алар алдамчылык жолу менен тутумдагы күтүлүп жаткан транзакцияларга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан, андан кийин аларды кармап, алардын курмандыктарынын криптовалютасын алышкан. Процесс бир нече секундду талап кылган.

"Айыпталуучулардын схемасы блокчейн технологиясынын бүтүндүгүнө шек туудурат", - деди прокурор Дэмиан Уильямс.

Ethereum өкүлдөрүнүн айтымында, бир туугандар уурдалган каражаттарды кайтарып берүүдөн баш тартып, аларды адалдоо үчүн чараларды көрүшкөн.

Эми айыпталуучулардын ар бири 20 жылдан ашык убакка эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Криптовалюта деген эмне?

Сандардын чыныгы "чатагындай". Сан жана код

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сандардын чыныгы "чатагындай". Сан жана код
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө, криптовалюта бул - атайын алгоритм жана компьютердик код менен иштеген төлөмдөр ыкмасы.

Криптовалюта жалгыз эле финансы тармагында эмес, технология жаатында да революция жасады. Батышта криптовалютаны санариптик алтын катары санагандар арбын. Бирок ал накта алтындан да артык көргөндөр аз эмес. Себеби аны банк же кимдир бирөө көзөмөлдөбөйт дешет. Анын баалуулугу убакытка жараша өйдө төмөн болуп турат дагы, келечектеги финансы кандай болоорунан кабар берип турат.

Криптовалютанын бир жаман жери, аны айрым колдонуучулар тымызын кармайт, демек көмүскө базарда курал-жарак, дары дармек сыяктуу тыюу салынган нерселерди сатып алууну жеңилдететиши ыктымал.

Криптовалюта жалгыз гана төлөмдөргө колдонулбайт. Криптовалюта тармагын инвесторлор спекуляцияларында колдонот. Дүйнөлүк биржалар криптовалютаны түшүнүүгө умтулганы менен, анын баасы эмне себептен тез өсүп жана тез түшүп жатканын эчким алигиче ийне-жибине чейин түшүндүрмө бере элек.

Валютанын мындай түрү азыр да көптөр үчүн абдан таң калыштуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Валютанын мындай түрү азыр да көптөр үчүн абдан таң калыштуу

Криптавалюта жана келечек

Криптовалюта рыногу ээ жай бербей, тез өсүүдө. Күн алыс сайын жаңы криптовалюта жаралып, эскиси рыноктон кетүүдө. Ар бир жаңы криптовалюта рынокко чоң ийгилик жаратуу убадасы менен чыгат. Аны арзан кезинде сатып алгандар тез арада байыйт. Ал эми инвесторлор болсо тез арада байыйт же бир түндө бүт акчасынан айрылат. Айрым онлайн валюталары бир нече айга жетпей өчүп калат. Айрымдары Биткойндой болуп, феноменге айланат. Кандай болгон күнү да, криптовалюта - финансы жана технология тармактарына ири өзгөрүүлөрдү алып келүүдө.

Кыргызстанда дагы криптавалютанын ээси болуп, бирок жашыруун сөзүн унутуп калгандар да бар экени айтылып эле жүрөт.