Казакстан: Чет өлкөлүк аскерлер чыгарыла баштады, “Елбасы” кайда?

ЖККУ

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия десанттарынын бир бөлүгү базаларга кайтып келишти

Бейшемби күнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) негизинен орусиялык аскерлеринен турган контингенти Казакстандан чыгарыла баштады. Кремль менен Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жаңы казак министрине каршы мамилесин түшүндүрүүгө аракет кылышты. Казакстандын Башкы прокуратурасы баш аламандыктарга байланыштуу дээрлик беш жүз кылмыш иши козголгонун билдирди.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өзүнүн салтка айланып калган “камера алдындагы” даярдалган президент Владимир Путин менен жолугушуусунда ЖККУнун контингентин Казакстандан чыгаруу иштери башталганын жана ал 19-январда аягына чыгарын билдирди.

ЖККУнун аскерлерин чыгаруу иштери 13-январда башталарын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирген болчу. Казакстандагы баш аламандыктарды жана каршылык акцияларын басуу үчүн жардам иретинде киргизилген контингент өлкөдө бир апта болгон.

ЖККУ

Сергей Шойгу билдиргендей, Армениянын, Беларустун жана Тажикстандын жүздөгөн аскерлери 14-январда Орусиянын транспорттук учактары менен жеткирилмекчи. Ал эми кыргыз аскерлери мекенине жакын болгондуктан өздөрү кайтып бармакчы.

Орусия десанттарынын бир бөлүгү базаларга кайтып келишти. Орусиянын агенттиктери ал жөнүндө видеолорду чыгара башташты.

“Эми үйгө кайтуу керек, биз өзүбүздүн милдетибизди аткардык”, — деген Владимир Путиндин сөзүн келтиришти Орусиянын агенттиктери.

Кремль Умаровго карата мамилесин түшүндүрдү

Кремлдин жана Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Дмитрий Песков менен Мария Захарова бейшемби күнү Казакстандын жаңы маалымат министри Аскар Умаровго карата расмий мамилесин түшүндүрүүгө аракет кылышты. Мурдараак “Орускызматташтык” уюмунун башчысы Евгений Примаков Умаровду орустарды жек көрүү (русофобия) үчүн айыптап, кызматташтыктан баш тарткан эле.

Примаков өзүнүн телеграм каналында орустарды жек көрөт деп эсептеген Умаровдун үч сөзүн келтирген.

“Бир тууган Казакстандын суверенитетин жана өлкөдө тынчтыкты орнотуу аракеттерин сыйлоо менен мурдагы текшерилген эрежени эске салып койгум келет. “Орускызматташтык” орустарды жек көргөн осол киши менен байланышпайт, иштешпейт. Аты аталган министр жана ал башкарган министрлик менен кандай гана болбосун алаканы толугу менен токтотот”, — деп жар салган Примаков.

Примаковдун артынан эле жаңы казак министри менен “Роскосмостун” башчысы Дмитрий Рогозин да кызматташуудан баш тартты. “Байконур космодромунда биз министр Аскар Умаровго куштар болбойбуз. Ал жерде аны күтпөйбүз”, — деп жазган ал өзүнүн телеграм каналында.

Аскар Умаров

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскар Умаровдун сөзү русофобия менен күрөшкөн Примаковго жакпай калган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мария Захарова бейшемби күнү брифингде билдиргендей, Тышкы иштер министрлиги Умаровдун орус прессасына чыккан сөздөрүн ылайыксыз деп эсептейт.

“Биз окуган сөздөрү маалымат каражаттарына чыкты. Ал сөзсүз түрдө ылайыксыз. Кандай гана болбосун улутчулдук, ксенофобиялык сөздөр, элдердин ортосунда жек көрүүнү же кастыкты козутса кабыл алынгыс. Анткени бул биздин принципиалдуу позициябыз”, — деген Захарованын сөзүн келтирет ТАСС.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Умаровдун сөздөрүн ыксыз жана туура эмес деп атады. Бирок ал жаңы министрге сөзүнө эмес, бул кызматта жасаган ишине карап баа бериш керек деп сунуштады.

Ошол эле учурда Орусиянын ТИМинин өкүлү айткандай, өкмөт мүчөлөрүн дайындоо — бул Казакстандын ички иши.

Умаров жакында эле орусиялыктарга кас эмес экенин айтып ишендирүүгө аракет кылган эле.

“Мурдагы кызматтарымда орусиялык жана башка өнөктөштөр жемиштүү иштерди аткарууга аракет кылдым. Биргелешип жакшы долбоорлорду жасадык, анын ичинде жалпы даталар, мисалы Жеңиш күнү жана башкалар боюнча… Орусия менен союздаштык мамилелер биз үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнүп турам. Орусия Федерациясынын биздин өлкөбүзгө колдоосу сый-урматка жана ыраазычылыкка татыктуу”, — деп жазган социалдык тармакта кызматка жаңыдан киришкен министр.

500 кылмыш иши

Казакстандын Башкы прокуратурасы бейшебиде билдиргендей, өткөн аптадагы баш аламандыктардан бери 494 кылмыш ишин козгоп, изоляторлорго 524 кишини камаган.

Козголгон иштердин 44ү, Башкы прокуратура кабарлагандай, терроризм беренеси боюнча козголсо, 34ү — массалык баш аламандыктар, 15и — адам өлтүрүү боюнча ачылган.

Прокуратуранын маалыматынан түшүнүктүү болгондой, миңдеп кармалгандардын ичинен басымдуу бөлүгү административдик жоопкерчиликке гана тартылган. Дээрлик эки миң киши административдик арестке алынса, дээрлик 800 кишиге штраф салынган, эки миңден ашуунуна эскертүү берилип, дагы эки миң административдик иш сотто каралууда.

Кармалгандардын жана күнөө тагылып жаткандардын арасында чет элдиктердин бар же жок экенин жөнүндө прокуратуранын пресс релизинде сөз болгон эмес. Президенттер Токаев менен Путин Казакстандагы баш аламандыктарды сырттан даярдалган “террористтик агрессия” деп аташкан эле.

Алматы

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алматыдагы күйүп кеткен администрациянын ичи

Кызгылт сары даража

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКМ) бейшембиде борбор шаар Нур-Султандагы “террористтик коркунучтун” деңгээли кызгылт сары деңгээлине түшкөнүн жарыялады. Бул даража эки аптага чейин сакталат.

Бейшемби күнү эртең менен УКМ Нур-Султандагы, Шымкенттеги жана өлкөдөгү 12 облустагы коопсуздуктун жогорку турган “кызыл” даражасы аяктаганын билдирген.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев бүгүнкү күнгө чейин коомчулукка көрүнө элек.

“Журт атасы” (Елбасы) аттуу расмий макамга ээ болгон 81 жаштагы Назарбаев өлкөдө баш аламандыктар чыккандан бери эл алдына чыгып, кайрылуу жолдой элек.

Бул баш аламандыктардын түпкү максаты боюнча коомчулукта көптөгөн түкшүмөлдөргө жем таштоодо. (EA)