Жалданмачылык: "Орус үйү" кызматкери кылмышка шектелип жатканын тастыктады
Айдай Аманкулова, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти

Сүрөттүн булагы, Social media
"Россотрудничество" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жалданмачылыкка шектелген кызматкери боюнча маалымат берди. Уюм Наталья Секерина Оштогу "Орус үйүндө" иштегенин ырастады. Мурдараак Ош шаарында жалданмачылыкка шектелип төрт киши кармалганы кабарланган.
Бул окуя орус пропагандасынын таасирин азайтууга аракет көрүү, жалданып согушка катышкандардын агымын бөгөттөө зарылдыгы жөнүндө айтылып келген пикирлерди кайрадан күн тартибине чыгарды.
"Орус үйү": кызматкерибиздин тагдыры бизди тынчсыздандырат
Ош шаарында жалданмачылыкка шектелип кармалгандардын ичинен азырынча эки гана адамдын ысымы коомчулукка белгилүү болду. Алардын бири журналист Наталья Секерина.
Ал "Орус үйүнүн" Ош шаарындагы кызматкери экени айтылып жаткан. Бүгүн бул маалыматты "Россотрудничество" да быштыктады.
"Спутник" басылмасы жарыялаган кабарга караганда, "Орус үйү" кармалган кызматкерине тагылган айып боюнча толук маалыматы жок экенин, бирок анын тагдырына тынчсызданып жатканын билдирген.
"Наталья Секерина Кыргызстандын жараны, бөлүмдүн жергиликтүү кызматкери. "Орус үйүндө" 2024-жылдын июль айынан бери иштейт жана Оштогу филиалыбыздын медиа менен өз ара кызматташуусуна жооптуу", – деп айтылат маалыматта.
Өкүлчүлүк уюм өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде гана иш алып барарын белгилеген.
"Россотрудничество" – Орусиянын өкмөтүнө караштуу уюм. Негизги максаты — башка өлкөлөр менен маданий, билим берүү жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү.
Уюм чет өлкөлөрдө "Орус үйү" деген борборлорду ачып, орус тилин жайылтуу, маданиятты таанытуу менен алектенет.
Бирок бир катар мамлекеттер "Россотрудничествону" "жумшак күч" катары эсептеп келишет.
Быйыл февралда Азербайжан өз аймагында бул уюмду жабуу чечимин кабыл алган. Жергиликтүү басылмалар бул маселеден жакындан кабардар булактарына шилтеме берүү менен Азербайжан чалгындоо мүнөзүнө ээ болгон уюмдардын жардамына муктаж эмес экенин жазган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Баардык аткаминерлерди текшерүү керекпи?"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кармалган төрт шектүү тең Бишкекке жеткирилген. Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен 1-май райондук соту 19-апрелде алардын бөгөт чарасын карап, баарын тең 17-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин (Жалдануучулук) 1-бөлүгү боюнча иш козголду. Тактап айтканда алар "башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүктү бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдаланууга" айыпталууда.
Бул боюнча күнөөлүү деп табылгандарга жети жылдан он жылга чейин абак жазасын чегерүү каралган.
Мурдараак "Азаттык" кылмышка шектелгендердин ичинде Ош шаардык мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин да бар экенин жазган.
Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Жумамидин Сулайманкулов Би-Би-Сиге кесиптешин көп жылдан бери тааный турганын, ал конкурстук негизде ишке алынган мамлекеттик кызматкер болгонун билдирди:
"Ооба, Кыргызстандын жараны, кыргыз паспорту бар. Ал мамлекеттик кызматкер, биздин бөлүмдө башкы адис болчу. Шаардагы бардык иш-чараларды сүрөткө тартчу. Биз анын сүрөттөрүн өзүбүздүн сайтка жайгаштырып турчубуз. Аны көптөн бери эле тааныйм. Адашпасам, мэрияда 8-10 жылдан бери эле иштейт. Жашы 40тан ашып калса керек. Үй-бүлөлүк абалын билбейм, бирок бойдокмун деп жүрчү. Адаттан тыш аракеттерин деле байкаган эмеспиз. Бардык журналисттер менен эле мамилеси жакшы болчу. Өткөн жуманын соңунда УКМКнын кызматкерлери жумуштан алып кетишкен. Эми спецназ келип, атайын операция жүргүзүп, колуна кишен салып кеткен жок. "Суроолорубуз бар, биз менен барышыңыз керек" деп, жай эле ээрчитип кетишкен".
Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниси чоң Ош шаарында мамлекеттик кызматкердин жалданмачылыкка шектелип кармалышы чоң талкуу жаратууда.
Маселен, медиа талдоочу Семетей Аманбеков Фейсбуктагы баракчасына аткаминерлердин баарын текшерүүдөн өткөрүү керекпи деген суроо салды.
"Лапушкиндин кармалышы менен бул ишмердүүлүк административдик түзүмдөрдө канчалык деңгээлде жайылып кеткен деген суроо жаралат. Бул мамлекеттик органдар тышкы таасирге карата алсыз болушу мүмкүн экендигинен кабар берет. Ош – Кыргызстандагы эң ири шаарлардын бири. Стратегиялык жактан маанилүү аймак жана бул жакка сырттан кандайдыр бир таасир болсо, ал улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат. Мындан ары ыкчам иштерди жүргүзүү зарыл!" – деп жазган Семетей Аманбеков.
"Чет мамлекеттин аймагында согушкандарга катаал чара көрүү керек"
Быйыл 10-апрелде Украинанын "Хочу жить" долбоору Орусиянын кызыкчылыгы үчүн Украинага каршы согушту делген 350 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган. Иликтөөнүн авторлору алардын ичинен 38 киши өлгөнүн билдиришкен.
Жарандык активист Адиль Турдугулов бул сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин, ага жумушсуздук, пропаганда сыяктуу бир нече себеп бардыгын, кыргыз бийлиги жарандарын согушка азыгырылышынын алдын алуу үчүн чечкиндүү аракеттерди көрүшү керектигин белгилейт:
"Биздин жарандардын четте согушуп жүргөнү, коопсуздугубузга да, орус-украин жаңжалындагы бейтарап позициябызга да шек келтирет. Ошондуктан согушка азгыргандарга да, азгырылгандарга да катуу чара көрүү керек. Болбосо, жалданып согушка катышканы үчүн соттолгон жарандар эркиндикке чыгып, Орусияга кетип калганын көрүп жатабыз. Биздин жарандарда согушка катышсак боло берет турбайбы, Орусия бизди калкалап калат турбайбы деген түшүнүк калыптанып жатат. Буга президент өзү реакция жасашы керек. УКМКнын башчысы диний экстремизм менен кандай күрөшсө, бул маселе боюнча да ошондой эле алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек".
Буга чейин Орусия тарапта Украинага каршы согушка катышкан бир нече жаранга сот өкүмү чыккан. Алардын бири Аскар Кубанычбек уулу жети жылга эркинен ажыратылып, кийин пробациялык мөөнөт менен бошотулган. Ал Орусияга чыгып кеткен. Андан мурдараак Кремль ага орус паспортун жана башпаанек берерин билдирген.
Москванын бул аракетин Кыргызстанга басым жасоо катары мүнөздөгөндөр болгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Саясат талдоочулар эгер бул ирет жалданмачылыкка шектелгендердин күнөөсү сот аркылуу аныкталса, мыйзам чегинде жазалоо керектигин, четтен боло турган ыктымал басым-кысымга туруштук берүү зарылдыгын айтышууда:
"Биз өз кызыкчылыгыбызды бекем коргошубуз керек. Эч ким урушуп кеткиле деген жок. Дипломатияда мүмкүн болгон бардык чараларды көрүү керек. Кандайдыр бир маселе жаралып калса, ал жакта мигранттарыбыз жүрөт, бензин, газ беришет деп калабыз. Мигранттардан биз утуп жатабызбы же алар утуп жатабы деген суроо азыр ачык", - дейт саясат талдоочу Руслан Акматбек.
Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан жарандары чет мамлекеттерде куралдуу жаңжалдарга катышса, сот жообуна тартыларын эскертип келет.












