Кыргыз бийлиги эл аралык интернет трафигине убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизүүнү чечти

Сүрөттүн булагы, ATTILA KISBENEDEK/AFP
- Author, Айсымбат Токоева
- Role, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эл аралык интернет трафигин жеткирүү жана камсыз кылуу боюнча убактылуу мамлекеттик монополия киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бийлик азырынча монополия кандайча киргизилери жана кайсы механизмдер колдонулары тууралуу түшүндүрмө бере элек.
Президент Жапаровдун жарлыгына ылайык, төрт ай мурун улутташтырылган "ЭлКат" компаниясы Кыргызстандын аймагына эл аралык интернет трафигин жеткирүү жана өлкө аркылуу маалымат транзитин камсыз кылуу боюнча "эксклюзивдүү укукка", башкача айтканда, монополияга ээ болду.
Мамлекеттик монополия убактылуу — 2025-жылдын 15-августунан 2026-жылдын 14-августуна чейин киргизилет.
Эми өлкөдөгү бардык байланыш операторлору жана интернет-провайдерлер өз келишимдерин жана кызматташуу боюнча макулдашууларын "ЭлКат" менен жүргүзүүгө тийиш. Президент бул үчүн эки ай мөөнөт берди.
Санариптик өнүгүү министрлиги Би-Би-Сиге билдиргендей, өкмөт интернет тармагын өнүктүрүүнү жана интернет кызматтарын ар кыл катмардагы жарандарга, анын ичинде алыскы аймактарга жеткиликтүү кылууну көздөп жатканын билдирди.
"Мамлекеттик көзөмөл, шексиз түрдө байланыш кызматтарынын баасын турукташтырууга жана тарифтердин ашыкча жогорулап кетишине жол бербөөгө алып келет. Бул керектөөчүлөр үчүн пайдалуу болот. Өкмөттүн колдоосу өлкө экономикасынын санариптешүүсүнө жана жалпы телекоммуникация чөйрөсүн жакшыртууга көмөктөшөт", — деп билдиришти Санариптик өнүгүү министрлигинен.

Сүрөттүн булагы, Official
Министрлик мамлекеттик монополия катардагы колдонуучулар үчүн кызматтын сапатына таасирин тийгизбейт деп ишендирүүдө. Министрликтин өкүлү Би-Би-Синин суроосуна жооп берип жатып: "Алар байланыш кызматтарын оператор менен кардар ортосунда мурда түзүлгөн тарифтерге ылайык ала беришет", — деп билдирди.
Бирок мекеме монополиянын кантип ишке ашырылары жана кайсы механизмдер колдонулары тууралуу так маалымат берген жок.
Былтыр бул демилгени сындап чыккан Кыргызстандагы Байланыш операторлорунун ассоциациясы президенттин жарлыгы боюнча комментарий берүүдөн азырынча баш тартты.
Ассоциация алгач өкмөттүн пландары менен таанышып, андан кийин бардык мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу менен өз позициясын билдире турганын гана кабарлады.
Ассоциациянын курамына 13 байланыш оператору кирет. Алардын арасында менчик жана мамлекеттик компаниялар бар. Алардын бири — учурда убактылуу монополист макамын алган "ЭлКат" компаниясы.
"Улуттук коопсуздук үчүн"

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эл аралык интернет-трафикти жөнгө салуу үчүн мамлекеттик монополия киргизилери 2024-жылдын ноябрь айында белгилүү болгон.
Бул үчүн Министрлер кабинети мыйзам долбоорун даярдаган. Анда "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна эл аралык интернет-трафикке көзөмөл жүргүзүү боюнча монополиялык укук берилери айтылган.
Белгилей кетчү жагдай, "Кыргызтелекомдун" 76% ашуун акциясына Санариптик өнүгүү министрлиги ээлик кылса, дагы 12% көбү Социалдык фондго таандык.
Болочок монополист катары "Кыргызтелеком" мыйзам долбоору телекоммуникациялык инфраструктурага болгон мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө багытталганын, анткени ал улуттук коопсуздук үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин тактап коюуга шашылган болчу.
Компания баса белгилегендей, көзөмөл эл аралык трафиктин транзитине гана тиешелүү болуп, байланыш операторлорунун ички интернет түйүндөрүнө таасир этпейт.
Би-Би-Синин суроосуна жооп берип жатып, Санариптик өнүгүү министрлиги убактылуу монополист катары "Кыргызтелекомдун" ордуна "ЭлКат" компаниясы тандалганын билдирди. Министрлер кабинетинин бул чечимин төмөндөгүчө түшүндүрдү:
"ЭлКат" — өзүнө таандык оптикалык була түйүнүнө ээ болгон өлкөдөгү эң ири интернет-провайдер. Ал эл аралык деңгээлдеги магистралдык байланыш оператору жана телекоммуникация тармагына багытталган бизнес-чечимдерди сунуштаган алдыңкы компания болуп эсептелет.
"Компаниялар чыгым тартат"
Байланыш операторлорунун ассоциациясы мамлекеттик монополия тууралуу мыйзам долбооруна карата өз анализин жарыялады. Анда эл аралык интернет-трафикти мамлекеттик монополияга өткөрүү ири көлөмдөгү чыгымдарга алып келип, Конституцияны жана "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамды буза турганы белгиленген.
Ассоциациянын маалыматына караганда, 2022-жылга карата Кыргызстанда 340 байланыш оператору катталган.
"Байланыш тармагын өнүктүрүүдөгү либералдуу мамиле байланыш операторлоруна эл аралык трафикти камсыз кылууда өз алдынча саясат жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген. Бул атаандаштыкты жаратканга жана альтернативдүү жолдордун пайда болушуна өбөлгө түзгөн", — деп белгилеген ассоциация.
Ошондой эле ассоциация мамлекеттик монополизация телекоммуникациялык инфраструктуранын өнүгүү ылдамдыгын төмөндөтөрүн белгилеп, буга чейин магистралдык байланыш линияларын тартууга жана эл аралык байланыштарды уюштурууга ири каражат жумшаган компаниялар "чоң чыгымдарга" учурайт деп эскертти.












