КМШнын "кыйын кезеңдеги" жыйыны...

КМШнын кезектеги жыйны. Астана шаары, 2022-жыл

Сүрөттүн булагы, e-cis.info

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, КМШнын кезектеги жыйны. Астана шаары, 2022-жыл

Октябрдын ортосу. Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) кезектеги саммитине Бишкек кызуу камынды. Былтыркы саммит Астанада дал ушул убакытта өткөн.

Ага удаа өткөн Орусия - Борбор Азия саммитинде тажик президенти Эмомали Рахмон орус лидери Путинге кайрылып, “Борбор Азия республикаларына кыйраган СССР убагындай мамиле кылбагыла. Ар бирибиз менен эсептешип, арыдан бери мамиле кылгыла” деген таарынычын билдирген.

Саммиттин конок ээси, Казакстандын президенти Токаевдин Рахмондун сөзүн кубаттаган кеби андан бетер кызык: “Биз ар бир жолугушууда (КМШ) Советтер Союзун эстейбиз”.

КМШ СССР эмес, бирок ошол кездин күүсүнөн жанбаган демин, Москва кожоюндук кылган эски форматты, тең ата деп айтууга болбогон мамилелерди, түрдүү ролдорду эске салган шериктештик. Албетте, КМШ түзүлгөндөн бери нечендеген эки жана көп тараптуу документтерге кол коюлуп, шериктештикке кирген мамлекеттер ортосунда өз ара кызматташуунун укуктук пайдубалы чыңалды. КМШ келишимдер менен чектелген жок, институттарга да ээ. Аткаруу комитети жана бир катар уставдык органдары бар. Маданий жана гуманитардык акциялар байма-бай өтүп турат. Жалаң келишим менен иш илгерилеп кетпейт экен. Реалдуулук КМШнын абалы Москва каалагандай, ушул биримдиктен ылаажы издеген башкалар күткөндөй деңгээлден алыс.

КМШ саммити татаал мезгилде өтүп жатат. КМШга мүчө, бир кезде ушул интеграциялык аталган шериктештикти түзүүнүн демилгечилери, процесстин анабашында турган, эң жакын, боордош эсептелген Орусия менен Украина качан жана кантип аяктаары белгисиз кан төгүлгөн кармашка кирип, курал үнү басылбай турган чак.

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

Дагы бир жагынан КМШга мүчө Армения менен Азербайжан ортосунда Тоолуу Карабакка байланышкан талаш апогейине жетти, кан төгүлдү. Ал ортодо Москвага “100% ишенип отуруп, стратегиялык чоң ката кетириппиз”, минтип Карабактан кол жууй турган болдук деп армяндар арман күү чертип отурат.

Айтор, Бишкектеги саммитте КМШнын азыркы абалын, мындан ары кандай жол менен кызматташмагын тактап алуу абзел. Маселе мамлекет башчыларынын ушул жолку жолугушуусунун күн тартибине кирбесе да козголот. Анткени Москванын да, калгандарынын да, кыскасы ар биринин оюнда турган талылуу маселе. Буга чейин Борбор Азия президенттери удаасы менен Кытай+, АКШ+, Европа+, Германия+БА саммиттерине катышып, далай санаага батып келишти. КМШга кирген ар бир мамлекет тандоого муктаж. Тандоо эркин болобу, же бирөөнүн айтканы менен болобу, ошол мамлекетке гана жараша. Дүйнөдөгү окуялар ар бир мамлекетти өз кызыкчылыгын коргоого, ар бир шериктештиктин жана уюмдашуунун пайдасы менен зыянын кылдат өлчөөгө мажбурлап турган кези.

Эл аралык соттун опузасы

Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары

Талдоочулар дагы бир маселеге түйшөлүп турушат. Анткени Путиндин Кыргызстанга келиши орус президентине былтыр салынган санкция маселесин актуалдаштырат деп эсептешет. Туура, быйыл Түштүк Африка Республикасынын ордо калаасында өткөн БРИКСтин саммитине Путиндин адегенде катышат деп отуруп, чукул калганда барбай калышы да ушул камоого берилген ордер менен байланыштуу болушу ыктымал деп болжогондор бар. Дагы бир тарабы Пригожиндин козголоңунан кийин чет жакка чыкпай туруу оң деген чечимге келди дешет. Камоо ордери чын эле коркунучтуубу, кимдир бирөөнүн ушул камоо талабына баш ийип, андай кадамга барышы ыктымалбы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Баш кеңсеси Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Рим статутунун негизинде иштейт. 1998-жылы кол коюлуп, 2002-жылы ишке кирген эл аралык сот. Учурда 124 өлкө ратификациялаган. Кыргыз Республикасы ратификациялаган өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Демек милдеттенмеси жок. Эл аралык кылмыш соту түзүлгөндөн берки 20 жыл ичинде 17 өлкөдөгү 31 ишти, тактап айтканда геноцид тууралуу 1 ишти, адамзатка каршы 21 ишти жана бир нече аскер кылмыштарын караган. Каралган иштер Африка өлкөлөрүндө болгон иштер боюнча. Орусия да, демилгелеген АКШ да Рим статутун ратификациялаган эмес.

Украина 2014-жылы Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныган. Демек анын аймагындагы кылмыш иштери боюнча Гаага сотуна кайрыла алат, ошол соттун мыйзамдарына ылайык соттоп, иштерди квалификациялай алат. Бирок Россияга же башка өлкөгө карата БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен гана аракеттене алат. А Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин вето коюуга акылуу туруктуу мүчөсү. Демек андай чечимдин кабыл алынышы Путин бийликте турганда дегеле мүмкүн эмес.

Нюрнберг сотунун жөнү башка. Анда жеңген мамлекеттер менен запкы жеген дүйнө биринчи жолу биригип, бир позицияда турган. Жалпы адамзат адилеттүүлүк үчүн мунасага келген сейрек учурлардын бири. Ал эми жаңы доордун жөнү башка. Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык соту санкция берип, мамлекет башчылары кармалган эки гана учур эсте. Сербиянын президенти Слободан Милошевич жана Судандын президенти Омар аль-Башир. Бирок Милошевич кызматтан кулатылган соң кармалган, а Судандын диктатору өз өлкөсүндө түрмөгө камалган соң эл аралык сотко берилген. Демек иштеп турган мамлекет башчысын кимдир бирөө эл аралык соттун талабы менен камап жибериши күмөндүү. Ага эч ким даабайт дагы, барбайт дагы.

Камоо ордерин аткарбай койгон мамлекет үчүн эч кандай жаза жок. Албетте, кысымдын башка формалары толтура. Бирок ошол эле Путинди камоо кысымынан чочулады деген Түштүк Африка Республикасы Омар аль-Баширди кызматтан куулган соң аны Гаага сотуна бербей койгон. Мындай моюн толгоосу үчүн бул өлкө запкы жеген эмес. Андан тышкары, Эл аралык кылмыш сотунун эл аралык саясий, укуктук жана моралдык легитимдүүлүгү да талаш маселе, чон проблема.

2000-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын “Миң жылдыктын декларациясында” эл аралык жана ички маселелерде мыйзамдын үстөмдүгүнө жетишүүгө баарыбыз чечкиндүү күрөшөбүз деп жарыяланган. 2010-жылы Башкы Ассамблеянын 65-сессиясында мыйзамдын үстөмдүүлүгүнө басым жасалган. Бирок эл аралык мыйзамдардын жана универсал принциптердин сакталышын камсыздоо оор проблемага айланууда. Ушул өзөктүү принциптер ченемдик-укуктук аныктамалар менен бекемделбегендиктен айрым мамлекеттер жана эл аралык органдар өз кызыкчылыктарына жараша аракеттенип жатат дечүлөр да арбын. Анткени, ошол мыйзамдарды сактоого тийиш мамлекеттердин ар биринин өз чындыгы бар. Ошол мыйзамдардын сакталышына кепил болгон эл аралык институттар ага жараксыз. Себеби ошол институттардын мүчөлөрү бир эле көрүнүштү ар башка баалап, карама-каршы позицияда. Глобалдык атаандаштык, каршы туруу шартында эл аралык укуктун жоболорун сакталышы эң негизги көйгөйлөрдүн бири.

Мыйзам менен кызыкчылыктардын кагылышы эзелки көйгөй. Эмки заманда масштабы кеңейди, түрдүү формага ээ болду. Маселен, Путинди аскер кылмышкери атап, аны соттоого чакырган АКШ Рим статутун тааныбаганы аз келгенсип, Ооганстанда аскер кылмышы үчүн америкалык жоокерлерге иш козгогон Гааганын прокурорлору менен сотторуна санкция салган.

Айтор орус президентинин Кыргызстанга сапарына байланыштуу Бишкек Гаага сотунун кысымына кабылабы деген суроо болбогон нерсе. А кокус андай суроо кимдир бирөө тарабынан берилген болсо да, кыргыз бийлигинин терс жообу даяр. Терс жооп акыйкат жооп болмокчу, анткени карма, камайм деген эл аралык сот эл аралык укукка негизделүүгө тийиши. Күчкө салуу жараксыз, келечексиз иш. Бирок орус бийлиги үчүн ар дайым ыңгайсыздык жарата бермеги турулуу иш.

Эски жаңжалдын ырбаган кесепети

Ал аңгыча араб-израил согушунун тарыхында “Жаза күн” (Судный день) ат менен белгилүү чоң салгылашка туура элүү жыл толгондо палестиналык ХАМАС уюму, ага боор тарткан ливандык “Хезболла” уюмдары дагы бир топ тарапташтар Израилге абадан, жерден, деңизден бир учурда кол салды, оор сокку урду. Жакынкы Чыгыш КМШ мамлекеттеринин биринен да алыс эмес. Географиялык жактан алар Жакынкы Чыгыштан ар кандай ыраактыкта жайгашкан, бирок бул аймактын дүйнөгө таасири эбегейсиз.

Израилдеги согуш бизге да таасир этет. Мунайзат, тиги же бул тарапты колдогон үлкөн мамлекеттердин күрөшү, соода-экономикалык санкциялар, жаңжалга карата позицияны аныктоо, кай тарабын колдоо керек, кыскасы бир топ түйшүк жаралганы турат. КМШ саммитинде ушул маселелер да кеп кылынбай койбойт. Орус Федерациясынын КМШнын уставдык органдарындагы атайы өкүлү Андрей Грозов саммитти утурлай берген интервьюсунда Бишкекте саясий маселелер талкуулана турганын кыйытты. Саясий маселелер орус-украин согушунан, же армян-азербайжан жаңжалынан улам чыккан проблемалар менен чектелбейт шекилдүү.

Араб-израил эски жаңжалынын эмки курчушу оор көйгөй. Баарын койгон күндө да, ислам динин жамынган экстремисттерди, насили араб жана исламчыл уюмдарды Израилге каршы согуштук аракеттерге шыктандырышы толук ыктымал. Армиясы кубаттуу, дүйнөдөгү эң күчтүү, айлакер чалгын кызматы бар Израилге ХАМАСпы, “Хезболлабы” же башкасыбы, айтор куралчан жоокерлердин Алланын атын атап кирип келиши, туш келди качкан еврейлер, талкаланган шаарлар сыяктуу сюжеттер исламдын атын жамынган радикалчыларга таасири тийбей койбойт, тилекке каршы. Булуң-бурчтагы, анын ичинде биздин аймакта азырынча бугуп жаткан, кезеги келгенде халифат деп ураан таштап, каапырларга өлүм деп жамырап чыккандан кайра тартпаган потенциалдуу экстремисттер орус-украин жаңжалына позициябызга карабастан КМШ мамлекеттеринин ар бирин түйшөлтө турган көйгөй. Улам арышы катуулап бараткан коркунуч.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.