Путиндин сапары: Кызыган геосаясий оюндар
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
12-октябрда Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталат. Кийинки күнү Бишкекте КМШ саммити өтөт. Кремлдин кожоюнунун бул сапары Россия эл аралык масштабдуу санкцияларга кабылып, Батыш менен эрегиш күч алган жана Борбордук Азия үчүн геосаясий оюндар кызыган учурда өткөн жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Расмий маалыматка караганда, Путиндин сапары убагында мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу актуалдуу маселелерди, пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун талкуулашат.
Андан сырткары, ЖККУнун Канттагы аскердик авиа базасынын ачылгандыгынын 20 жылдыгына, Кыргыз-орус (Славян) университетинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чараларга катышуусу пландалган.
Канттагы авиабаза 2003-жылы октябрь айында ачылган жана ЖККУнун Борбор Азиядагы ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөрүнүн авиациялык компоненти болуп саналат. Ал Россиянын Кыргызстандагы бириккен аскер базасынын курамына кирет, анда ошондой эле Аскер деңиз флотунун Кара-Балтадагы байланыш түйүнү, Караколдогу курал сыноочу базасы кирет жана Майлы-Суудагы сейсмикалык пункт бар.
Путин келер алдында Кыргызстанда "Эдельвейс" полигонунда ЖККУнун тынчтык күчтөрүнүн "Урагыс бир туугандык" аскердик машыгуусу башталды.
Бул сапарды утурлай президент Садыр Жапаров Москва мамлекеттик университетинин филиалын Каракол шаарында ачуу жөнүндө жарлыкка кол койду.
"Манас" аба майданынан башталган жол менен Бишкекке киргенде эле россиялык гигант "Газпромдун" кеңселери заңкайып көрүнөт. Кыргызстандын газ тармагы бүтүндөй "Газпромдун" монополиясына өткөнүнө бир топ жыл болду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Айтор, Путиндин сапарынын максаты - Батыш өлкөлөрү аны жамандап жатканда, Россия менен достошкон бул чакан өлкөдө чоң жетишкендиктер бар экенин көрсөтүү жана даңазалоо.
Орусиянын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган Russia Briffing сайтына жарыяланган экономикалык изилдөөгө караганда, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү соңку жылдары туруктуу түрдө өсүүнүн үстүндө. 2022-жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 40% көбөйүп, рекорддук 3,2 миллиардды долларды түздү. Анын ичинде Орусияга экспорт 964 миллион долларга өстү.
Ошол эле убакта Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети 2022-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар алмашуунун көлөмүн азыраак көрсөткүч менен - 2,9 миллиард доллар деп көрсөтүүдө.
Украинада согуш башталып, Батыш менен Москванын эрегиши, санкциялар кысымы күчөгөн геосаясий өзгөрүүлөрдөн кыргыз экономикасы эки жакка ортомчу болуп, утушка ээ болгону айтылууда.
Социалдык медиада Кремлге жакын эксперттердин дагы пропагандасы күчтөнүп чыга баштады.
Жогорку коопсуздук деңгээли

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинада согуш башталганы Путин Россияга аскердик союздаш өлкөлөрдөн башка жакка барбай калды. Бул жылдын башынан бери эч бир өлкөгө бара элек. Августта Йоханесбургдагы БРИКСтын жыйынына чакырылган, бирок барган жок. Ал эми Түндүк Кореянын президенти менен Россиянын өзүндө жолугушту. Бишкек орус президенти быйылкы жылы барган биринчи чет өлкө болуп калмакчы.
Анын жардамчысы Ушаков Путин бул жылы ошондой эле Кытайга жана Түркияга баруу планы бар экенин билдирген. “Бир кур – бир жол” форуму Кытайда октябрь айында өтөрү пландалууда.
Украинада согуш баштаганы үчүн Батыш өлкөлөрү Путинге тишин кайрап турганда, Гаагадагы эл аралык сот Украинадагы балдардын уурдалганы үчүн аны кармап жоопко тартууга санкция берген.
Ошондуктан кай жерде болобосун, кандай учурда болбосун, союздаш өлкөлөрдө дагы Путиндин сапарынын коопсуздугуна абдан жогорку деңгээлде катуу көңүл бурулууда.
Бишкекте Путин келердин алдында коопсуздук болуп көрбөгөндөй күчөтүлдү. Мектептер эки күн онлайн окууга таркатылды, бала бакчалар бул күндөрү иштебей турган болду. Жол транспорт кыймылына чоң чектөөлөр киргизилди.
Бишкекте орустардын ар кандай деңгээлдеги, ар кайсы күч органдарынын генералдары баштаган мобилдүү топтор алдын ала келип, бардык мерчемдүү жердин баарын көзөмөлгө алышты.
Стратегиялык жүрүштөр

Сүрөттүн булагы, Official
Россия президентинин мамлекеттик сапары геосаясатын күн тартибинде Борбордук Азиянын таасири күчөп, ал үчүн күрөш активдешкен учурда болгон жатат. Бул аймактын лидерлери баары жакында эле АКШнын президенти Байден менен, Германиянын канцлери Шольц менен жолугуп келишти. Андан мурда Евробиримдиктин президенти Ысык-Көлдө өзүнчө жолугуп кеткен. Ага чейин ушундай эле чоң деңгээлдеги жыйын Пекинде Си Цзинпинь менен болгон эле. Мунун баары дүйнөдө геосаясий процесстер өзгөрүп, геосаясий мейкиндикти бөлүштүрүү маселеси курчуп баратканын көрсөтөт.
«Бул кырдаалдан Кытай пайдаланып кетпеши үчүн АКШ колдон келгенинин баарын жасайт. Бул жагынан АКШ менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамлекеттик мамиле жаңы деңгээлге чыкканын көрүп жатабыз. Эгерде АКШ болочокто АКШ Борбор Азия өлкөлөрү менен президенттик деңгээлде экинчи жолугушууну өткөрсө, биз ошондо АКШ көздөгөн геостратегиялык пландардын аткарылганын көрө алабыз»,-дейт дейт Өзбекстандын экономикалык аналитиги Расулов.
«Борбор Азия боюнча эксперттер бул регион өзүнүн уникалдуу ордуна, тарыхый траекториясына, институционалдык конфигурациясына жана өнүгүү парадигмалары боюнча азыркы геосаясий ажырым көз караштарда маанилүү роль ойноп жатканын айтууда. Батыш санкцияларына тушуккан (Афганистан, Иран, Кытай жана Россия) өлкөлөр менен курчалган Борбор Азия республикалары Москвага каршы салынган санкциялардын кесепети менен күрөшүүгө карабастан, өздөрүнүн глобалдык бирикмелерин чындоого умтулууда»,-дейт The Diplomat.
Батыш өлкөлөрү БА регионунда активдүү болуп жатканынын башкы себеби Москванын позициясын алсыратуу максатын көздөйт.
“5 + 1" форматындагы, башкача айтканда Борбордук Азиянын беш өлкөсү менен канцлер Шольцтун жолугушуусу биринчи кезекте Борбордук Азия регионун Россия менен Кытайдын таасиринен чыгаруу максатында болууда. Евробиримдик буга бир топ күч жана акча жумшайт. Албетте, Шольц бул өлкөлөрдү Россияга каршы санкцияларга кошулууга чакырбай койбойт”,- деген Интерфакска германиялык аналитик, постсоветтик өлкөлөр боюнча адис Александр Рар.
Кыргызстандык эксперт Денис Бердаковдун пикиринде жазында Бээжинде Борбор Азия менен Кытайдын саммити өткөндөн кийин Батыш дагы бул региондо стратегиясын өзгөртүүнү чечти.
"Батышта Борбордук Азия менен карым-катыштын сапаттык жаңы парадигмасын киргизүү керектигин түшүнүштү. Бул парадигмага карасак, биринчиден, БА лидерлеринин Нью-Йоркто Байден менен жолугушуусунда адам укуктарынын, этникалык азчылыктардын укуктарынын сакталышы ж.б. жөнүндө талаптар болгон жок. Экинчиден, жашыл экономикага өзгөчө көңүл бурулууда. Аны өнүктүрүүгө гранттар жана арзан кредиттер менен кеңири каржылоо жүрүүдө. Үчүнчүдөн, Борбор Азияга тоо-кен байлыктарын казууга немис, жапон, түштүк кореялык, канадалык, британдык жана америкалык компаниялар көп келген жатат",-деп жазды Денис Бердаков өзүнүн Телеграм-каналында.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Санкциялар санаасы
Борбор Азиядагы өлкөлөрү, биринчи кезекте Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан Москва менен бир саясий, экономикалык жана аскердик блокто. Россия алардын жумушчу мигранттарын кабыл алып, углеводороддор менен камсыздап келатат. Демек, Москванын маанайын карап иш кылбаса болбойт. Ошол эле учурда Батыш менен мамилени да бузгусу келбейт.
"Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзүнүн улуттук кызыкчылыктары бар. Ошондуктан улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен тышкы саясатын жүргүзүп, Евробиримдик менен кызматташтык жүргүзүүгө умтулуп келишүүдө. Алар Россия менен бир аскердик уюмда болгон менен экономикалык кызыкчылыктары биринчи орунда",-дейт эл аралык мамилелер боюнча адис Сыймык Эдилбек уулу.
Алар Украинадагы согушту токтотууга, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакырууда. Бирок бул жолдо эки жактын тең көңүлүн алууга ыңгай түзгөн маневр азайып баратат.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери болочокто бир топ чоң көйгөйлөргө кабылат дейт АКШнын Тынчтык институтунун кызматкери, философия доктору Гэфин Хелф:
«Алар «баары менен достошуп», көп векторлуу тышкы саясатты сактап калуу аракетинде татаал оюндарды жүргүзүп жатат, айрыкча бул Россия менен Украинанын конфликтисинде Россия менен эң зарыл экономикалык байланыштарын сактап калгысы келет, ошол эле убакта Россияга салынган санкциялар режимин бузуудан этият болууга аракет кылууда".
Эртеби-кечпи, санкциялар маселесинде Москва алардан бир жаңсыл турумун талап кылышы ыктымал.
Экинчиден, орус армиясына кошулуп Украинадагы согушка катышкан кыргыз жарандары өзүнүн мекенинде жоопко тартылып жатканы дагы Москвада нааразылык жаратууда.









