“Соодада достук жок”: Россия Кыргызстан аркылуу товар ташып жатабы?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, e-cis.info
Батыштын катаал санкцияларына кабылган Россия жана Беларус үчүнчү өлкөлөр аркылуу соодасын жүргүзүп жатканы айтылууда.
Мунун айкын мисалы деп Кыргызстанда жок, багылбайт деген деңиз жандыгынын (морской черт) эти тонналап ташылды деген кабарды жүйө келтиргендер бар. Ошондон улам бул эт кайдан, кантип, ким же кайсы фирмалар аркылуу соодаланды, тиешелүү төлөмдөрү төгүлдүбү деген суроолор чыкты. Бул белгилүү болуп калганы, белгисиз дагы эмнелер сатылып жатат, курулуш тактайларына муктаж болгон Кыргызстан кайдан жүрүп тактай сатып калды деген күмөн күчүндө.
Сыртка товар ташуу Кыргызстандын Соода-өнөй жай палатасынын уруксаты менен жүргүзүлөт. Түрдүү суроолор күчөп турган чакта Би-Би-Си аталган мекемеге кайрылды.
"Биз Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга гана сертификат беребиз. Азыр анализ кылып баарын карап жатабыз, тактап жатабыз. Мен жаңы эле кызматка келдим, учурда аудит, ревизия жүрүп жатат”,- деди палатанын жетекчиси Темир Сариев.
“Пелет” жана “морской черттун” чуусу
Былтыр Евробиримдикке Кыргызстан менен Казакстандан кеминде 30 миллион еврого тете жыгач материалдары ташылган. Бирок Борбор Азиядагы бул өлкөлөрдөгү токойлордун жалпы аянты 6% жетсе араң жетет.
Буга чейин беларустун иликтөөчү журналисттери беларус жыгач материалдарын Кыргызстандагы төрт фирма аркылуу «адалдап» жатканын аныкташканын жарыялаган. Алар: "Сертификат КейДжи", "Агро КейДжи", "СК Гранд" жана "Адмит".
Беларус журналисттери жыгач өндүмдөрү Кыргызстанга кирбей туруп эле, ошол жактан кыргыз сертификаттары менен өтүп жатат дешет. Бирок Кыргызстанга алынып келинип, кайрадан ташылган да учурлар бар экени айтылууда.
“Массалык түрдө ошондой экспорт болуп жатат деп эч ким айта албайт. Бирок ошондой эки-үч факты болуп жатат. Мисалы, Россиядан тактайларды алып келип, Кыргызстанда аны сүрүп, жылмалап Европага Кыргызстандын жүгү катары алып кетип жатат. Бул биздин жүк ташуучуларга пайда болуп жатат, акча таап, ошонун эсебинен салык төлөп жатпайбы”,- деди Би-Би-Сиге Кыргызстандын оор жүк ташуучу унаалар биримдигинин төрагасы Темирбек Шабданалиев.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2022-жылы Россия Украинага бастырып кирип, санкцияларга кабылгандан бери Кыргызстандын балык экспортунун көлөмү да өсүп жатат. Кыргыз форели соңку жылдары бренд болуп, экспортко кетип жатканы жашыруун эмес. Бирок Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө Литвага эле Кыргызстан былтыр 1 миң тонна удильщик (морской черт) аттуу океанда гана жашай турган балыктын түрүн экспорттогон.
“Бизде андай балыктар өстүрүлбөйт, алар океанда өстүрүлө турган балыктар да. Аларга өзүнчө шарттар, атайын жем керек. Мен да бул тууралуу окуп таң калдым, бул деле жанагы жыгачтардай эле өтүп кетти го. Кыргызстанда көбүнчө форель өстүрүлөт. Анан экспорко бизден карп балыктарынын түрлөрү, сазан дегендер чыгат. Өзбекстанга ташылат”,- деди балык чарбасы менен алектенген Болсунбек Казаков.
Орус балыгы Кыргызстандагы кайсы фирмалар аркылуу сыртка ташылып жатканы тууралуу ачык булактардан маалымат табылбады. Кошумчалай кетчү жагдай чындап эле Кыргызстандын өзүндө дагы балык (басымдуусу форель) чарбалары тездик менен өсүп жатат.
Ал тапта көмүр экспортунун да көлөмү өсүп, Кыргызстандын атынан Европага орустун көмүрү да кыйыр экспорттолуп жатканы тууралуу имиштер айтылууда. Мындан улам, "эгер бул маалыматтар чын болсо Россиянын кыйыр экспортунан Кыргызстан эч кандай пайда таппаганы аз келгенсип, жок жерден санкцияларга кабылып калбайбы, ошондой тобокел жокпу" дегендер да бар.

Сүрөттүн булагы, Social media
““Соодада достук жок” дейт эмеспи. Санкциялар киргизилгенден кийин Россиянын бир топ фирмалары Кыргызстанда өзүнүн агенттиктерин, филиалдарын ачышты. Барган сайын Кыргызстанда россиялык компаниялар көбөйүп баратат. Эми алардан биздин өлкөгө канча пайда болуп жатат деген маселе бар. Бирок ушу тапта экспорттон пайда түшпөсө дагы валюта жагынан болуп жатат. Экспорт үчүн акча доллар менен Кыргызстанга которулуп келип жатса жакшы, дүйнөлүк соодада орду чоңойуп атса да жакшы дечи. Бирок келечекте кыргыз компаниялары чектөөгө кабылып калышы мүмкүн да”,- дейт ишкер Айбек Сарыгул.
Ортодон пайда табам деп Кыргызстан катаал санкцияларга өзү да кабылышы мүмкүндүгүн жарандык активисттер эскертип келе жатышат.
Бирок Батыш өлкөлөрү азырынча андай эскертүүлөр менен расмий чыга элек. Ошентсе да, Бишкектеги АКШ элчиси 24.kg маалымат агенттигине маек берип жатып, журналисттин бул тууралуу суроосуна жооп берген эле.
“АКШ бул санкциялар Россиянын Украинага болгон агрессиясын чектейт деп терең ишенерин баса белгилегим келет. Биз кыргыз өкмөтүн бул санкцияларды болушунча эске алууга чакырабыз. Анткени ал Россиянын Украинага кол салуусунан улам келип чыккан доо кетүүлөрдү жокко чыгаруу үчүн болгон аракеттердин бир бөлүгү”,- деди февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери.
Соңку жылы Росссиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Кыргызстан менен товар жүгүртүүсү кескин көбөйгөнүн белгилей кетели. Мисалы, 2022-жылдын январь-августунда кыргыз-орус соода алакасы 2 миллиард доллардан ашкан. Мунун ичинде импорт да, экспорт да өскөн. Бул Россия Кытайдан Кыргызстан аркылуу товарларды көбүрөөк сатып ала баштагынан кабар берет, дешет серепчилер.
Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын февралдагы отчетунда Борбор Азия өлкөлөрү Евробиримдиктен көбүрөөк товар импорттой баштаганына тынчсыздануу бар экенин белгилеген. Аталган банктын маалыматы боюнча соңку жылы Кыргызстандын Европадан товар ташуусу 84%, Тажикстандыкы 21%, Казакстандынкы 14% өскөн. Евробиримдик бул өлкөлөр Россияга Батыш салган санкцияларды кыйгап өтүү үчүн жардамдашып жатышы мүмкүн деп шектенип, бул тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзгөнү жатат.











