Орусия Африкада таасир талашкысы келет

Сүрөттүн булагы, Reuters
Африканын лидерлери 27-28-июль күндөрү президент Путин менен жолугушуу үчүн Орусияга келет. Бул жыйын Африканын эл аралык аренада өсүп бараткан ролунун дагы бир белгиси катары каралууда. Бул 2019-жылы Сочиде акыркы жолу жолугушкандан берки экинчи иш-чара болот.
Батыш менен Орусия Африка континентине таасирин арттыруу үчүн күрөшүп жаткан чакта, Малидеги окуялар орусиячыл элементтер Батышты артка чегинүүгө мажбурлай аларын көрсөтүүдө.
Мали кайда жайгашкан?

Сүрөттүн булагы, Telegram
Мали Африканын Батышындагы деңизге чыкпаган өлкө. Ал Африканын тропикалык батышынан Сахара чөлүнө чейин созулуп, 1.2 миллион чарчы километрди ээлеген континенттеги эң ири өлкөлөрдүн бири. 2015-жылы Малинин көйгөйү көп, калкы аз түндүгүндө жикчилдердин козголоңу тынчтык келишими аркылуу токтогон. Ал эми өлкөнүн борбордук аймактарында жер менен суу үчүн дыйкандар менен малчылардын ортосунда көп жылдардан бери кагылышуулар болуп келген. Малинин түштүгү кыйла өнүккөндүктөн, аталган эки аймактан алда канча айырмаланат. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Мали дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет, анын 22,5 миллион калкынын орточо жылдык кирешеси 833 долларды түзөт. Малинин эли негизинен мусулмандар, ал эми Француз тили өлкөнүн расмий тили. Мали Африканын Сахел деп аталган аймагында жайгашкан.
Буга чейин окуялар кандай өнүккөн?
Мали 2012-жылдан бери исламчыл жихадчылардын козголоңуна каршы күрөшүп келет. Андан тышкары, Франция менен БУУнун колдоосуна карабастан 2020-жылдын августунан бери өлкөдө эки жолу аскердик төңкөрүш болду.
Жакында АКШ Малинин үч жогорку даражалуу аткаминерине каршы санкцияларды жарыялады, алар орусиялык жалданма “Вагнер Групп” фирмасынын “позицияларын бекемдөөгө көмөктөшүүдө” деп айыпталган.
Ошол эле учурда, Малидеги 13,000 адамдан турган БУУнун Миссиясынын (Минусма) мандаты Сахел элин турукташтыруу боюнча он жылдык майнапсыз аракеттеринен кийин 30-июнда аяктады.
Француз аскерлери 2022-жылдын август айында кетип, андан кийин Минусманы өлкөдөн чыгаруу талабы коюлгандан бери, 2021-жылдын май айында бийликти басып алган Мали хунтасы Вагнерге көбүрөөк ыктай баштады.
Учурда орустардын бул тобунун Сахел элинде 1000ге чукул аскери бар деп болжолдонууда, бирок аскердик хунта андай малыматты четке кагууда.

Орусиячыл кыймыл деген эмне?

Сүрөттүн булагы, Reuters
“Йереволо” Малинин орток тили болгон Бамбара тилинде "татыктуу уулдар" дегенди билдирет. Ал 2019-жылы Малинин Улуттук өткөөл кеңешинин (CNT) мүчөсү, “Ben the brain” деген ат менен белгилүү болгон жалындуу активист Адама Бен Диарра тарабынан түзүлгөн.
Бул өлкө башында турган аскердик хунтага жакын делген радикалдуу панафрикалык топ. Анын урааны “debout sur les remparts”, чептердин үстүндө туруп деп аталып Малинин улуттук гимнининен алынган.
Бул топ улутчул сөздөрдү жана орусиячыл риториканы колдонуп, француз жана БУУнун күчтөрүн Малиден чыгарууну талап кылууда ийгиликтерге жетүүдө.
Топтун лидери ким?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Йереволонун лидери Адама Диарра топтун орусиячыл жана анти-француз маанайынын башында турган.
Бамакодон 15 км түндүктө жайгашкан Кати гарнизондук шаарында төрөлгөн Диарра мырза мектепте эле уюштуруучу болгон. Ал саясий жана юридикалык илимдер боюнча илимий даражага ээ болгонго чейин өзүнүн кичи мекенинде кесиптик кошуундун мүчөсү катары өз ишмердигин баштаган.
Өзүн панафрикалык деп эсептеген Диарра мырза 1960-жылдары Франциядан көз карандысыз болуу үчүн күрөшкөн Малинин биринчи президенти Модибо Кейтанын шакиртимин деп эсептейт. Ал өзүн Мали элин чет элдик таасирден бошотуу үчүн келген революциячыл ишмер деп атайт.
Былтыр Евробиримдик 2020-жылы Малинин мурдагы президентин кулатууга көмөктөшкөн деген айып менен санкция салган өткөөл өкмөттөгү беш аткаминердин арасында Адама Диарра да болгон. Диарра мырза санкцияны сыймык деп баалаган.
Ал кошуна Буркина-Фасодо да өлкөнүн аскерий администрациясынын Франция менен байланышты үзүү жана Вагнер тобуна жакындашуу аракетин колдоп жүргөнү байкалган.
Бул топтун Орусия менен кандай байланышы бар?
Йереволонун митингдеринде Вагнер менен Орусиянын символдорунун көргөзмөгө коюлганын, БУУнун жана Батыштын символикасын, өзгөчө француз символдорун өрттөп жибергенин көрүү кадыресе көрүнүш.
Адама Диарра бирде Малидеги орус элчилигине тогуз миллион кол топтогон петиция тапшырып, анын өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы аскердик кызматташтыкты арттырууга чакырган деп айтылып жүрөт.
"Мен муну көп жылдардан бери айтып келем: биздин биринчи президентибиздин Советтер Союзу менен болгон мамилеси мени шыктандырып, мага жол көрсөттү" дейт Адама Диарра бир жолку видеосунда.
Эмне үчүн Йереволо Минусмага каршы?
Йереволо француз күчтөрү кеткенден кийин Малидеги БУУнун миссиясы Минусмага каршы бирдиктүү жараянды баштады. Бул топ 2002-жылдын июнь айында БУУнун коопсуздук боюнча баяндамасында “бийликтер өлкөнүн 21 гана пайызын көзөмөлдөйт” деп айтканын кескин сындаган.
Ал ошондой эле 2022-жылы Моура шаарында бир жумага созулган операцияда 500 жайкын тургунду өлтүргөн Малилик аскерлер менен орусиялык деп эсептелген чет элдик күчтөрдү бөлүп көрсөткөн отчеттон кийин БУУ армияны терс жагынан сыпаттады деп айыптаган.
Бириккен Улуттар Уюмунун саясий жана коопсуздук жагынан позициясы Мали сыяктуу эле, Африканын башка бөлүктөрүндө да начарлап баратат. БУУнун Борбордук Африка Республикасындагы миссиясы маалымат каражаттарынын сынына кабылды, ал эми уюмдун Конго Демократиялык Республикасындагы миссиясы коомчулуктун кастык мамилесине дуушар болууда. (DO)












