"Путиндин ашпозчусу". Куралдуу козголоң чыгарган Пригожин деген ким өзү?

Сүрөттүн булагы, T.ME/GREY_ZONE
Евгений Пригожин "Вагнер" аскер компаниясындагы жалданма аскери менен Москваны көздөй "адилеттик жүрүшүн" баштап, жолдо Ростов шаарына көзөмөл орнотуп, ишемби күнү Россиянын борборуна 200 км калган жерден артка тартты. Беларус президенти Лукашенко ортого түшүп сүйлөшүп, натыйжада Кремль аны куугунтуктабай, Беларуска өтүп кете турган болду.
«Сутка ичинде биз Москвага 200 км жетпей токтодук. Бул арада биз өзүбүздүн жоокерлерибиздин бирөөсүнүн да канын төкпөдүк. Азыр кан төгүлүшү мүмкүн учур келип калды. Ошондуктан бир жагынан орус каны төгүлөрүнө бардык жоопкерчиликти түшүнүү менен биз колоннаны артка буруп, планга ылайык, талаа лагерлерине кетебиз",-деди Пригожин, бирок аудиокабарда эмне болгон план экенин түшүндүргөн жок.
Александр Лукашенконун басма сөз кызматы андан мурда "Вагнер" менчик аскер компаниясынын негиздөөчүсү беларус лидери менен сүйлөшүүлөрдөн кийин колоннаны токтотууга макул болду деп билдирген.
Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр ошол күнү эртең менен эле Пригожиндин аракетин "Россияга чыккынчылык" деп атап каарын төккөн Россия президенти Владимир Путин менен макулдашылган.
«Сүйлөшүүлөр бир күн кечке созулду. Натыйжада Россиянын аймагында кандуу булоон чыгаргандын кереги жок деген келишимге келишти. Евгений Пригожин Беларустун президенти Александр Лукашенконун «Вагнер» компаниясынын куралдуу адамдарынын Россиянын аймагындагы жүрүшүн токтотуу жана чыңалууну деэскалациялоонун кийинки кадамдары жөнүндө сунушун кабыл алды»,-деп айтылат «Белта» Беларус мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлаган билдирүүдө.
«Азыркы тапта кырдаалды жөндөөнүн абсолюттуу пайдалуу жана жарактуу варианты колдо бар, анда «Вагнер» менчик компаниясынын жоокерлерине коопсуздук кепилдиги берилди»,-деп кошумчалады Лукашенконун басма сөз кызматы.
Ишембиде кечинде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге бул планды түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, Пригожинге кылмыш иши кыскартылат, ал өзү болсо «Беларуска кетет». Козголоңго катышкан согушкерлер куугунтукка алынбайт, алардын күжүрмөн эмгектери эске алынат, ал эми колоннага катышпаган жоокерлер Коргоо министрлиги менен контрактыга кол коюшат.
Песков ошондой эле Лукашенко сүйлөшүүлөргө ортомчу болууну өзү сунуш кылганын, анткени Пригожин менен 20 жылдан ашууну тааныш экенин да айтты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Евгений Пригожин ким өзү?
62 жаштагы Евгений Пригожин алгач коомдук тамактануу ишканалары менен ресторандарга ээлик кылып, Кремлдеги расмий иш-чараларды азык-түлүк жана суусундук менен жабдып жүргөндө аты чыккан.
Анын эң белгилүү фотосүрөттөрүнүн бири -идишке тамак көтөрүп келип, орус президентине сунуштап жаткан жерин чагылдырган сүрөт. Кийинчерээк ал "Путиндин ашпозу" деген ылакап атка ээ болгон.
Евгений Пригожин менен Владимир Путин экөө тең Орусиянын экинчи чоң шаары - Санкт-Петербургдан болушат. Алардын тааныштыгы, сыягы, 1990-жылдары, Путин Санкт-Петербургдун мэриясында иштеп, Пригожиндин жергиликтүү аткаминерлердин арасында сүймөнчүктүү саналган ресторанына көп каттаган мезгилинен бери башталса керек.
Пригожиндин коомдук тамактануу бизнеси андан ары гүлдөп, ал мамлекеттик келишимдерди түзүү сересине көтөрүлдү да, мектептерди, бала бакчаларды жана акырында орусиялык аскерлерди азык-түлүк менен камсыздап калды. Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген "Коррупцияга каршы күрөш" фондунун иликтөөсүнө караганда, Пригожин түзгөн бул келишимдер 3 миллиард доллардан ашык акчанын кунуна татыйт.
Көз будамайлаган маалымат
2010-жылдары бир нече журналисттик иликтөө Евгений Пригожинди Санкт-Петербургдагы "троллдор фабрикасы" деп аталган атайылап бурмаланган маалымат таркатуу тобуна байланыштырган. Бул "ишкана" интернетте орусиялык саясий оппозицияны каралоо жана Кремлди жакшы жагынан көрсөтүү үчүн мазмун (контент) түзүп келээри кабарланган.
Кийинчерээк атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзгөн иликтөөгө караганда, бул "троллдор фабрикасы" 2016-жылдагы Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүү далаалатынын бир бөлүгү болгон. Ал кезде Пригожин бул маалымат бурмалоочулар "ишканасы" менен өзүнүн байланышын четке каккан.
Бирок өткөн 2022- жылдын ноябрында АКШда орто мөөнөттүү шайлоо өтүп жаткан кезде, Пригожин америкалык саясатка таасир этүү далаалатын мойнуна алган.
Пригожин өзүнүн басма сөз кызматы таркаткан пикиринде мындай деген: "Биз (АКШдагы шайлоолорго) кийлигишип жүрдүк, кийлигишип жатабыз жана мындан ары да кийлигишүүнү улантмакчыбыз. Этияттык менен, так, хирургиялык ыкмада жана өзүбүздүн жолубуз менен кийлигишебиз, биз муну кантип жүзөгө ашырышты билет эмеспизби".
"Өтө так мерчемделген иш амалдарыбыздын жүрүшүндө, биз кош бөйрөктү дагы, боорду дагы шарт кесип таштап салабыз", - деп Пригожин кошумчалады.
Вагнердин жоочулук иш-аракеттери

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көп жылдар бою Евгений Пригожин жарым-жартылай аскерлештирилген Вагнер тобу менен өзүнүн байланышын четке кагып келген, ал тургай аны өзү негиздегенин баяндап чыккан журналисттерди сотко да берген.
Вагнер тобу алгач 2014-жылы Украинанын чыгышында пайда болгон. Вагнер жоочулары Орусия бийлиги ырааттуу козуткан жана колдогон жикчилдерге Украинанын айрым аймактарын көзөмөлгө алып, Донецк жана Луганск облустарында эки жикчил "жумуриятты" түзүүгө жардам беришкен.
2014-жылдан бери жоочулардын Вагнер тобу дүйнө жүзү боюнча, - айрыкча Сирияда жана Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө, - бир нече куралдуу жаңжалга катышкан.
Бул топ жаратылыш байлыктарына ээлик кылуу үчүн согуштук аракеттерге катышып жүргөнү кабардалган. Маселен, Сирияда бул топ Сириянын өкмөтү көзөмөлдөгөн мунай кендерин кайтарып, натыйжада кирешенин бир үлүшүн алып турганы айтылган.
Ливияда болсо Вагнер тобу БУУ колдогон өкмөттү кулатууга далалат кылган генерал Хафтарды колдоо үчүн салгылашуу жүргүзгөн жана бул жалданма жоочулар өлкөнүн мунай өнөр жайынан түшкөн кирешеден каржыланып турган.
Борбордук Африка Республикасына келсек, вагнерчи жалданма жоочулар тобу жергиликтүү козголоңчуларга каршы туруу үчүн бийликтеги өкмөттүн тарабын колдоого алган.
Өткөн жылдын сентябрында, Орусия Украинага кол салгандан алты ай өткөндөн кийин, Евгений Пригожин Вагнер тобун өзү негиздегендигин капысынан мойнуна алган, анткени ал кезде Украинадагы баскынчыл согушта эң энатыйжалуу орусиялык куралдуу бөлүктөрдүн бири катары Вагнер тобунун аты чыга баштаган.
"Эски куралдарды өзүм тазалап алчумун, ок өтпөс соотторду өзүм иргечүмүн, бул жагынан көмөк бере алчу адистерди да таптым. Ошол учурдан баштап, 2014-жылдын 1-майында патриоттордун тобу жаралган да, кийин ал топ «Вагнер батальону» деп аталып калды", - деп Пригожин өзүнүн басма сөз кызматы аркылуу маалымат таркатты. Бул билдирүүнү анын басма сөз кызматы Reuters агенттигине тастыктады.
Президент Путинге дээрлик баш-оту менен берилген Евгений Пригожин орусиялык аскерлердин Украинадагы командачылыгына нааразылыгын билдирген жогорку деңгээлдеги анча-мынча гана лөктөрдүн бири болду.
Ал Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров орусиялык башкы генералдардын бири Александр Лапинди Украинадагы майнапсыздыгы үчүн сынга алып, келекелеп жаткан учурда, Кадыров тарапта болду.
Кадыров генерал Лапинди чининен ажыратып, катардагы жоокердин даражасына чейин түшүрүп, кан майданга жөнөтүү керек, деп чыккан. 2022-жылы 1-октябрда Пригожин Кадыровдун ачык сындаганын мактап: "Рамзан, эргулсуң, тим эле өртсүң да!" ("Рамзан, красавчик, жги") - деп чыккан.

Сүрөттүн булагы, AFP
Расмий өңүттөн алганда, Евгений Пригожиндин Орусиянын расмий бийлик системасында эч кандай ролу жок. Ошондой болсо да, анын таасири канчалык деңгээлде жайылгандыгы айкын көрүнүп турат.
Аскердик адистер Вагнер тобунун жоочулары Ливияда колдонуп жаткан курал-жарактарды демейдеги курал-жарак базарында сатып алууга эч мүмкүн эместигин жана бул маанилүү куралдарды эң жогорку деңгээлдеги өкмөттүк байланыштар аркылуу гана табууга болоорун Би-Би-Сиге айтып беришти.
Өткөн жылдын февралында Орусия Украинага кеңири өлчөмдө басып киргенден кийин, АКШ бийликтери Украинанын чыгышында кеминде 1000дей жалданма жоочулар жайгаштырылганын билдирген. "Биз алардын ал жакта жүргөнүн билебиз. Ошондой эле алар Украинадагы (согушка) катышып жүргөн өкүлдөрүнүн санын ого бетер көбөйтүүнү каалап жатканын да билебиз", - деп Пентагондун басма сөз катчысы Жон Ф.Кирби 2022-жылы март айында маалымат жыйынында ачыктаган.
Кийинчерээк Пригожин мырза абактагыларды Украинадагы согушка тартуу үчүн Орусиянын түрмөлөрүн кыдыра баштаган. Бул жорук деле Орусияда эң жогорку деңгээлдеги төбөлдүн уруксатысыз эч ишке ашмак эмес.
Ал абактагыларга кайрылып, эми коом аларды кадырлай башташы мүмкүндүгүн белгилеп, жоочуларга кошулууга үндөдү жана сөз арасында зордуктоо сыяктуу жаңы кылмыштарды жасоого каршы оюн кыпчып эскерте кетти.
"Ичпегиле, баңгизат колдонбогула, [аялдарды] зордуктабагыла, өзүңөрдү адептүү алып жүргүлө", - деп Пригожин абактагыларга насаат айта кетти.
Ал Вагнер тобуна кошулуу үчүн абакта жүрүп жалдангандар алты ай бою кан майданда кармалып турушу керек, андан кийин алар эркиндикке ээ боло алышат: үйлөрүнө кайтып кете алышат жана соттук жазасы жокко чыгарылат, деп убада кылды.
Жакында эле киши өлтүргөндүгү үчүн абак жазасына кесилген ушундай мурдагы абактагылардын бири Украинадагы согуштан эсен кайтып келди. (Андай мурдагы абактагыларды кайсы мыйзамдын жана укуктук механизмдин негизинде вагнерчилердин башчысы актап салып жаткандыгы азырынча орусиялык коомчулукка түшүнүксүз. Мындай акталган жана тирүү кайтып келгендердин ысымдары дагы ачыктала элек).
Ал эми Украинанын аскерлери болсо жоочулардын Вагнер тобу өз кишилерин замбирек бутасы катары пайдаланып келүүдө жана ушул топтун көп сандаган жоочулары акыркы убакта Украинанын чыгышындагы Соледар жана Бахмут шаарларынын айланасындагы кырчылдашкан салгылашууларда набыт болушту, деп билдиришүүдө. (TT)













