Вагнердин жалданма согушкерлери Түндүк Кореядан курал алганбы?

Вагнер тобу

Сүрөттүн булагы, VITALY TIMKIV/TASS

Вашингтон Түндүк Корея россиялык жеке менчик аскердик компания болгон Вагнер тобуна ракеталар менен снаряддарды бергенин билдирди. Ак үйдүн баамында Украинада жеке менчик аскердик компания жалдаган 50 миңдей согушкер Россия тарапта салгылашууда.

Ак үй Түндүк Кореянын курал-жарактан жардам бергени Украинадагы согуштун динамикасын өзгөртүп жиберерине ишенбейт. Бирок Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби Пхеньян дагы аскердик техниканын чоң партиясын жиберүүнү пландап жатканын, бул БУУнун резолюциясын бузууга жатарын билдирди.

Ал ошондой эле Байдендин администрациясы бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинде көтөрөрүн, Вагнер тобуна санкция салынарын айтты.

Анын айтымында, жалданма согушкерлердин армиясы Украинада абдан активдүү жана Россиянын армиясына атаандаш чоң күчкө айланууда.

Түндүк Корея Россияга курал-жарак жиберип жатканын Улуу Британия да билет, анын тышкы иштер министри бул Москванын айла кеткендеги аракети деп айтты.

БУУнун баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик өз кезегинде дүйнөлүк уюмдун бул маселеде эч кандай маалыматы жоктугун билдирди.

Пхеньян өз кезегинде Россияга курал-жарактан жардам берилгени жөнүндө Вашингтондун билдирүүсүн жалган деп төгүндөдү.

"Россиялыктар - эң кайраттуу эл, алар өлкөнүн коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн эч кандай тышкы жардамсыз эле коргой алат" деп жума күнү Түндүк Кореянын ТИМ өкүлү билдирүү жасады.

"КЭДРдин принципалдуу позициясы - Россия менен эч качан "курал-жарак келишими" болгон эмес". Пхеньяндын дипломатынын сөзүн Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги жарыялады.

КЭДРдин өкүлү ошондой эле АКШдан барып жаткан куралдар "Украинада кан төгүп, талкалап" жатканын баса белгилеп, эл аралык коомчулукту көңүл бурууга чакырды.

"Украиналык жикчилдер"

Вагнер тобу

Сүрөттүн булагы, Reuters

Вагнер тобу - Россиядагы укуктук макамы анча түшүнүксүз, россиялык ишкер Евгений Пригожинге караштуу мамлекеттик эмес куралдуу күчтөрдүн бирикмеси (жеке менчик аскердик компания).

Жакында социалдык тармакта жарыяланган видеодо "Вагнер тобу" Россиянын ондогон түрмөсүн кыдырып, соттолгон адамдарды Украинадагы согушка жалдап алып кетип жатканы белгилүү болгон.

2014-жылдан бери анын жалданма аскерлери Украинада, андан кийин Сирияда согушканы белгилүү. 2017-жылы Вагнер тобу АКШнын санкциялык тизмесине киргизилген. Бул тизмеде ал "украиналык жикчилдер" тобуна киргизилген.

2021-жылы Европа Биримдиги Вагнер тобун Украинанын суверенитети менен аймактык бүтүндүгүнө каршы иштеп жатат деп айыптап, ага санкцияларды салган.

БУУ менен Франция Вагнердин жалданма согушкерлерин Борбордук Африка республикасында зордук-зомбулуктар менен талап-тоноолорду жасаган деп айыптаган.

Бул компаниянын карамагында оор согуштук техника, артиллерия жана аскердик авиация бар. (КС)