Путиндин Кыргызстанга сапары, саясаты. Адис эмне дейт?

Путин быйыл биринчи жолу чет өлкөгө расмий сапар менен чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин быйыл биринчи жолу чет өлкөгө расмий сапар менен чыкты

Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Анын бул жолку сапары Орусия эл аралык масштабдуу санкцияларга кабылып, Борбордук Азия үчүн геосаясий оюндар кызыган учурда өтүп жатат. Орусия президенти Владимир Путин быйыл биринчи жолу чет өлкөгө расмий сапар менен чыкты.

Би-Би-Си Путиндин сапарынын максаты жана Борбор Азиядагы геосаясий жагдай тууралуу эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгул менен маектешти.

Чынара Эсенгул

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чынара Эсенгул

Чынара Эсенгул: Орус-украин согушунун фонунда Орусия изоляцияда калып, КМШ мамлекеттери канчалык колдойт, мамилелерди кандай нукка буруу керек деген маселелерди тактоо үчүн Путин Кыргызстанга келди. Себеби Борбор Азия өлкөлөрү Орусиядан оолак болуп, башка өлкөлөр менен мамилени жакшыртууга аракет кылууда. Түрдүү саммиттердин өткөнү да ошондон. Борбор Азия – Кытай, Борбор Азия – АКШ, Борбор Азия – Европа, Араб мамлекеттери баары бири-бири менен жолугуп, улам бир сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Мындай саммит мурда да өтүп келген, азыркы саммитте региондогу коопсуздукту, саясий маселелерди, позицияларды тактоо Орусия үчүн күн тартибиндеги маселе.

Саммитке төрагалык кылып жаткан Кыргызстан болсо социалдык, гуманитардык, экономикалык маселелерди көтөрүп, ушуларга басым жасайт. Менимче коопсуздук маселеси талкууланганы менен көп нерсе ачыкка чыкпайт.

Би-Би-Си: Кандайдыр бир инвестиция, долбоорлор боюнча макулдашуу болушу мүмкүнбү?

Чынара Эсенгул: Болушу мүмкүн. Саммит деген келишимдерге кол коюла турган иш-чара да. Ага караганда саммитке чейинки даярдык өтө маанилүү. Кыргызстандын мисалынан алып караганда, өлкөдө энергетика, күйүүчү майдын баалары, азык-түлүктүн баасы сыяктуу көйгөйлөргө көңүл бурулуп, ушуга байланыштуу келишимдерге Кыргызстан абдан кызыкдар. Орусия болсо Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөргө бул маселелерде жеңилдик бергени менен, алгач өзү кызыктар болгон саясий кепилдик, колдоону талап кылат деген пикирдемин. Бул нерсе өлкө лидерлеринин элге билдирүү менен чыккан сөздөрүндө ачык айтылбашы мүмкүн, бирок Орусия азыр саясий колдоого абдан муктаж болуп турат.

Би-Би-Си: Акыркы мезгилде Орусиянын таасирин азайтуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүн өз тарабына тартууга аракет кылган тараптардын жолугушуулары улам өтүп жатат. Путиндин сапары Кыргызстандын башка өлкөлөр менен мамилесине таасир этпейби?

Чынара Эсенгул: Таасири болот. Мисалы, бейөкмөт уюмдарды “чет өлкөлүк агент” катары таануу жөнүндө Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам долбоору кандайдыр бир деңгээлде идеологиялык жактан Орусия каалаган нукта кетип бара жатканыбыздан кабар берет. Бул Орусия үчүн жагымдуу жаңылык болушу мүмкүн.

Би-Би-Си: Орусиянын Кант шаарындагы аскердик базасына дагы кошумча беш гектар жерди берүү боюнча документ Жогорку Кеңеште дароо үч окууда кабыл алынды. Мунун өзү эмнеден кабар берет?

Чынара Эсенгул: Ар бир сүйлөшүүдө позиция, тезистер болот. Кыргызстан биз мындай аракеттерди жасап жатабыз, сиздерден муну суранабыз дегенде, Орусия дагы ошого жараша мамиле жасайт. Ошондуктан саммитте кабыл алына турган документтер, жеңилдиктер, инвестиция болобу Кыргызстан экономикалык көйгөйлөргө көңүл бурмакчы. Андан тышкары өлкөдөгү орус тилинин абалы, балансы тууралуу дагы маселе көтөрүлүшү мүмкүн. (SA/RE)