Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: "активдешүү стадиясы"
Кубатбек Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу белгисиз мөөнөткө жылды деген маалыматты төгүндөдү. Андан мурда Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аталган долбоор активдештирүү стадиясына келгенин билдирген.
«Долбоор боюнча жакында эле Кытайга болгон иш сапарымдын алкагында, тиешелүү тараптар менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр болду. Учурда үч мамлекет ортосундагы биргелешкен темир жол куруунун каржылоосу каралууда. Тактап айтканда, каржылоо модели боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат», — деди өкмөт өкүлү "Кабар" маалымат агенттигине.
Андан мурда Кыргызстандын Транспорт министрлиги 2023-жылдын июль айына карата долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча иштер аяктап, буга чейин болжолдонгондой темир жол магистралын куруунун техникалык жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу тастыкталды деп билдирген.
2023-жылдын 21-сентябрында видео байланыш форматында эксперттик деңгээлде үч тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө каржылоо модели жана долбоорду башкаруу маселеси талкууланды.
“Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия региону үчүн да маанилүү болуп саналат. Долбоор жүктөрдү жеткирүү убактысы менен аралыгын кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын эл аралык рыногунда катышуучу өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат. Жолдун курулушу экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүгө мультипликативдик натыйжа берет”,-деп айтылат билдирүүдө.
18-19-майда Кытайдын Сиань шаарында болгон "Кытай-Борбор Азия" саммитинин алкагында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" (Кыргызстандын аймагындагы тилке) темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу Меморандумга кол коюлган.
Макулдашчу маселе көп

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA
«Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышына өзгөчө маани бериле турган уникалдуу долбоор”, - деген Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – үч өлкөнүн темир жолдорун жана андан ары Перс булуңундагы өлкөлөрдү, Түркия Республикасын Европа темир жол тармагы менен туташтыруу үчүн долбоорлонгон темир жол магистралы болуп саналат.
Ошол эле убакта темир жолдун Кыргызстандагы маршруту биротоло бекиген маселе деп айтууга болбойт, деген Би-Би-Сиге жазында Кыргызстандын Темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору Улан Кулов. Азыр маршрут биротоло макулдашылды деген расмий маалымат болгон жок.
Албетте, Кыргызстан үчүн маршруттун узак болгону пайдалуу. Эгер жол айылдарды көбүрөөк аралап өтсө, ошол жерде инфраструктура курулат, ошол айылдар өнүгөт. Экинчиден, транзиттен алчу каражат дагы көп болот.
Транзиттен, болжол менен Кыргызстан эки жүз миллион доллардан бир миллиард долларга чейин пайда көрсө болот деп жатышат.
Трансконтиненталдык долбоор үч мамлекеттин биргелешкен иши болуп жаткандыктан, үч тараптуу макулдашуудан өтүп жатат.
Темир жолдун жазылыгы кандай болот деген дагы өзүнчө маанилүү суроо бар. Анткени, Кыргызстан менен Өзбекстандагы темир жолдордун жазылыгы советтик стандарт боюнча, кытайдыкы башка. Бул маселе көпкө талкууланып, иштин создугуп кеткен себебинин да бири ушул.
Долбоордун техникалык-экономикалык негиздерин иштөө россиялык адистердин катышуусунда жүрүп жатканы мурда кабарланган эле.
Кыргызстан деңизге чыккан жолдору жок өлкө катары Чыгыш менен Батыштын ортосундагы сооданы байланыштырган транспорттук маршруттарды ийгиликтүү өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул жагынан "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу абдан маанилүү.
Кыргызстандын темир жолу азыркы туюк абалынан чыгып, транзиттик жолго айланат. Түндүк тараптан Кытайга түз кирип кетүү мүмкүндүгү пайда болот. Түштүк жактан болсо Тажикстанга, андан ары Ооганстан, Иранды аралап, Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине темир жол каттамы ачылат.
Бул жерде бир гана Кытайдын, Кыргызстан, Өзбекстандын эмес, Росиянын, Перс булуңунун, Ирандын, Түркиянын, Араб мамлекеттеринин да кызыкчылыгы чоң. Перс булуңунун, араб мамлекеттеринин Өзбекстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болот.
Алты чек ара аркылуу транзит уюштуруу мүмкүнбү?

Ошол эле убакта логистика боюнча кээ бир эксперттер Кытайдан Кыргызстан аркылуу Европага транзиттик каттам түзүлөрүнө көздөрү жетпей турат.
"Кытайдан Европага Кыргызстан аркылуу канча чек ара болот: биринчиси кыргыз-кытай, болгондо да үч миң метр 600 метр бийиктикте, Торугарт болобу, Эркечтам болобу, баары бир. Экинчиси кыргыз-өзбек чек арасы, үчүнчүсү Ɵзбекстан-Түркмөнстан чек арасы, төртүнчүсү Түркмөнстан-Иран, бешинчиси Иран-Түркия, алтынчысы Түркия-Европа биримдиги. Алты чек ара аркылуу транзит уюштуруу мүмкүнбү?Ар бир чек арада ар бир жагынан эң кеминде үч текшерүү болот. Чек ара көзөмөлү, бажы көзөмөлү, фитосанитардык текшерүү. Ошону менен ар бир чек арада алты текшерүү болот",-дейт «Smart Business Solutions Central Asia» консалтинг компаниясынын директорунун орун басары Марат Мүсүралиев.
Эксперттерге көп суроо жараткан экинчи маселе Кыргызстан менен Кытайдын, Ирандын жолдору ар башка стандарт менен салынганы.
"Борбордук Азиянын темир жолдору Россиянын темир жол стандарты менен салынган, туурасы 1521 мм. Кытайда, Иранда болсо жолдун кеңдиги -1435. Ошондо ар бир вагон, ар бир цистерна, ар бир контейнер Кытайдан Борбордук Азияга келгенде башка вагонго көчүрүш керек, же ошол вагонду көтөрүп, алдындагы дөңгөлөктү алмаштырыш керек болот.
Борбордук Азиядан Иранга барганда кайрадан көтөрүп, кайрадан алмаштырыш керек. Анысы аз келгенсип, Түркияда Ван деген көл бар. Ванда темир жол жок, эки жагында порттор бар. Ар бир жүктү кайрадан кемеге салып, көл менен өтүп, кайрадан темир жолго жеткизиш керек. Ошону менен баардыгы алты чек ара, отуз алты текшерүү, жүктөрдү төрт жолу которуп көчүрүү. Ушунча тоскоолдук менен транзит уюштурууга мүмкүнбү? Кытайдан Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруу эч мүмкүн эмес".
Кыргызстан кайсы акчасына салат?

Кыргызстанды аралап, Кытайдан Европага кеткен темир жолдун чыгымы канча болот, так маалымат жок. Башында 3-4 миллиард доллар деген маалымат болгон эле, азыр бул эки-үч эсе көбөйүп кетти. Кыргызстандын бул жолго сала турган акчасы жок.
Кыргызстандын баш калаасы Бишкек менен региондордогу кан жолдору Кытайдан акчасына салынып жатканы белгилүү. Демек, акчасы бар Кытай курат, анын ордуна Кыргызстан эмне менен төлөйт, кеп ошондо.
2011-жылы ошол кездеги минералдык ресурстар комитетинин башчысы Замирбек Эсенаманов темир жол салуунун акысына кен байлыктарды беребиз деген схеманы жарыялаганы белгилүү. Ал эми азыркы жаңы өкмөттүн кандай пландары бар, Садыр Жапаров Кытайга кандай сунуш берет, азырынча ачыктала элек.
Бирок, өлкөдө Кытайга каршылык маанай күчтүү экени белгилүү. Казармандагы, Солтон-Сарыдагы алтын казып аткан кытай ишканаларына жергиликтүү эл каршы болуп, алардын лагерлерин өрттөп, жумушчуларын кууп чыккан учурлар болгон.







