Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: ТЭО дээрлик даяр
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорунун маршруту боюнча жүк ташый турган алгачкы поезд жолго чыкканы жакында белгилүү болду. Кытай менен Европаны бириктирген бул ири темир жол долбоорунун ТЭОсу эки аптада каралып, Кыргызстандагы бөлүгү жылдын аягына чейин башталат деп пландалууда.
Өзбекстандын Транспорт министрлиги кабарлагандай, Ланьчжоу станциясынан 30 контейнер чиркеп Ташкентти көздөй багыт алган блок-поезд Кашкарга чейин гана келет. Анткени курулары былтыр гана белгилүү болгон ири темир жол долбоору Кыргызстанда али баштала элек.
Мындан улам жүк Кашкардан Ош шаарына чейин автотранспорт менен келип, кайра поездге жүктөлүп Өзбекстанга чыгып кетет.
Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган бул темир жол долбоору Си Цзиньпиндин “Бир алкак – бир жол” демилгесин бир бөлүгү. Учурда Европага чейин темир жол жок курула электигине карабай мультимодалдык транспорт коридорду аркылуу жүк ташылып жатат.
Былтыр аны ишке киргизүү боюнча алты өлкө келишим түзгөн. Мультимодалдык коридор бул – жүктү темир жол менен ташып, ал жок жерден автотранспортко жүктөп кара жол менен ташуучу ыкма.
Иш кайсы баскычка келди
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору жөнүндө жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери сөз гана болуп келди.
Былтыр ШКУнун Самарканддагы саммитинин аянтчасында жолдун Кыргызстан аймагындагы тилкесинин курулуш долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анын алдында 80 адамдан турган Кытайдын илим изилдөө институтунун адистери темир жол курула турган тоо кыркалары менен ойдуңарды изилдөө үчүн келишкен. Алар декабрь айына чейин изилдөө иштерин жүргүзүп, техникалык-экономикалык негиздемеге (ТЭО) керектүү болгон маалыматтарды чогултуп кетишкен.
Кытайлык адистер учурда долбоордун ТЭОсунун соңку вариантын даярдап жатканын Транспорт жана жолдор министрлигинин автожол жана темир жол долбоорлоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурмат Мусабеков Би-Би-Сиге билдирди.
“Бир ай мурун болжолдуу түрдө отчетун беришкен. Биз мамлекеттик органдар менен биргеликте макулдашып, алымча, кошумчаларыбызды бергенбиз. Соңку варианты 10-15 күндүн ичинде чыгат. Ошонун негизинде долбоордун баасы, жолдун узундугу, канча көпүрө жана тоннелдер курулары аныкталат. Андан соң биз кийинки этапка өтөбүз. Анда үч тарап чогулуп алып жолду курууга кайсы каржы булактарын тартабыз, экинчиси долбоорду кайсы өлкө же кайсы компания курат деген эң негизги эки суроонун алкагында сүйлөшүү жүрөт. Жылдын аягын чейин долбоор башталат деген үмүттөбүз”, - деди ал.

Сүрөттүн булагы, Social media
Багыты бекиди, жолдун эни бекий элек
Аталган долбоордун Кыргызстандын ичиндеги маршруту Торугарт-Макмал-Жалал-Абад деп жарыяланган. Бирок ал тараптардын макулдашуусу болмоюнча бекий элек болчу. Жакында эле Сиань шаарындагы саммиттин алкагында кол коюлган келишим бул маршрутту бекитет.
“Ар бир өлкөнүн эксперттери жолдун маршруту боюнча өзүнүн сунуштарын айтып келишкен. Кечээ жакында кол коюлган документ, биз сунуштаган маршруттун алкагында гана жумуштар жасалат дегенди билдирет. Бул биздин позициябызга дагы оң таасирин тийгизет”,- дейт Мусабеков.
Буга чейин темир жолдун курулушунун кечеңдеп жатышына жолдун эни боюнча орток пикирдин табылбай жатканы да себеп болууда деген кептер айтылып келген. Кыргызстан менен Өзбекстанда темир жолдун туурасы (1520 мм) союз учурунда курулган эски стандарт боюнча. Ал эми Кытайда европалык стандарт менен (1435 мм) курулган. Бул маселеге дагы эле чекит коюла элек. Тараптардын кийинки жолугушуусунда так аныкталышы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, President.kg
Татаал транзит
Кыргызстандын аймагынан өтө турган маршруттун узундугу 280 чакырымды түзөт. Аны курууга 5 млрд жумаша турганы болжолдуу айтылган. Кыргызстандын бул жолго сала турган акчасы жок. Демек аны акчасы бар Кытай курат. Анткени экономикасы кубаттуу бул өлкө акыркы он жылда Борбор Азия мамлекеттеринин ири инвесторуна айланган. Бирок Кыргызстан анын аксын кантип төлөйт деген суроонун башы дагы эле ачыла элек.
Талдоочулардын арасында долбоордун ишке ашуусунан күмөн санагандар да жок эмес. Алардын бири регионалдык долбоорлор боюнча эксперт Марат Мүсүралиев буларды айтты:
"Кытайдан Европага Кыргызстан аркылуу канча чек ара болот: биринчиси кыргыз-кытай, болгондо да 3600 метр бийиктикте. Экинчиси, кыргыз-өзбек чек арасы, үчүнчүсү Ɵзбекстан-Түркмөнстан чек арасы, төртүнчүсү Түркмөнстан-Иран, бешинчиси Иран-Түркия, алтынчысы Түркия-Европа биримдиги. Алты чек ара аркылуу транзит уюштуруу мүмкүнбү? Ар бир чек арада ар бир жагынан эң кеминде үч текшерүү болот. Чек ара көзөмөлү, бажы көзөмөлү, фитосанитардык текшерүү. Ошону менен ар бир чек арада алты текшерүү болот. Андан кийинкиси Борбордук Азиянын темир жолдору Россиянын темир жол стандарты менен салынган, туурасы 1521 мм. Кытайда, Иранда болсо жолдун кеңдиги -1435. Ошондо ар бир вагон, ар бир цистерна, ар бир контейнер Кытайдан Борбордук Азияга келгенде башка вагонго көчүрүш керек, же ошол вагонду көтөрүп, алдындагы дөңгөлөктү алмаштырыш керек болот. Борбордук Азиядан Иранга барганда кайрадан көтөрүп, кайрадан алмаштырыш керек. Анысы аз келгенсип, Түркияда Ван деген көл бар. Ванда темир жол жок, эки жагында порттор бар. Ар бир жүктү кайрадан кемеге салып, көл менен өтүп, кайрадан темир жолго жеткизиш керек. Ошону менен баардыгы алты чек ара, отуз алты текшерүү, жүктөрдү төрт жолу которуп көчүрүү. Ушунча тоскоолдук менен транзит уюштурууга мүмкүнбү?".
Расмий Бишкек дайыма бул долбоордун мааниси Кыргызстандын региондогу транзиттик потенциалын толук кандуу ачууга жана деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берери айтылып келет. Бирок ал качан ишке ашары азырынча белгисиз бойдон калууда.












