Космостогу акыр-чикир үчүн АКШнын алгачкы айып пулу

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

АКШ өкмөтү космостогу таштандысын тазалабай, жер орбитасында көзөмөлсүз айланууга таштап койгон спутник компаниясына биринчи жолу айып пул салды.

Федералдык Байланыш Комиссиясы (ФБК) Dish Network компаниясына жараксыз спутнигин иштеп жаткан спутниктерден коопсуз аралыкка жылдырбаганы үчүн жүз элүү миң доллар айып салды.

Dish Network жоопкерчилигин моюнга алган жана өз ишин эрежелерге ылайык келтирүү үчүн ФБК менен иштешүүгө макул болду.

Космос калдыктары - Жерге жакын мейкиндикке жөнөтүлгөн жана башка космостук аппараттар менен кагылышуу коркунучу менен коштолгон, кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин орбитада калтырылган объекттердин бөлүктөрүнө берилген аталыш. Көбүнчө алар эски байланыш спутниктери же космостук кемелердин жана ракеталардын калдыктары.

Dish Network компаниясынын EchoStar-7 спутниги ошол эле бийиктикте Жерди айланып жүргөн башка спутниктерге коркунуч жаратат, деп билдирди ФБК.

EchoStar-7 геостационардык орбитага 2002-жылы чыгарылган. Бул орбита жердин экваторунан болжол менен 36 миң км аралыкта жайгашкан. Ал тилке өзгөчө ыңгайлуу, анткени андагы аппараттар Жердин айлануу ылдамдыгына барабар ылдамдыкта жылат, демек алар асманда кыймылсыз эле илинип тургандай көрүнөт.

Космоско топтолгон таштандылар келечекте космосту изилдөөгө чоң тоскоолдук жаратат

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Космоско топтолгон таштандылар келечекте космосту изилдөөгө чоң тоскоолдук жаратат

Dish Network спутниктин иштөө мөөнөтү аяктаганда, 2022-жылы аны 300 км жогору көтөрөт деп күтүлгөн, бирок компания EchoStar-7ни 120 км гана жылдыра алган, андан соң анын күйүүчү майы түгөнгөн.

Орбитадан астероидди атып түшүрүү кымбат

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

ФБКнын аткаруу бюросунун башчысы Лоиан Игал айткандай, космостук индустрия өнүгүп, спутниктик байланыш барган сайын маанилүү болуп жаткандыктан, операторлор өз милдеттенмелерин аткарышын камсыз кылуу зарыл.

"Бул чукул өзгөрүү жасаган чечим. Ал ФБКнын олуттуу бийлиги бар экенин жана космостук акыр-чикирге байланышкан тармакта мыйзамды жана тартипти сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин көрсөтөт," - деп кошумчалайт Игал.

Компанияга салынган 120 000 доллар өлчөмүндөгү айып пул 2022-жылдагы кирешеси 16,7 миллиард долларды түзгөн Dish Network компаниясына зыян келтирери күмөн.

Борбордук Ланкашир университетинин астрофизика кафедрасынын улук окутуучусу доктор Меган Арго: "Орбитадагы объекттер канчалык көп болсо, кагылышуу коркунучу ошончолук чоң болот, ал кагылышуулар катуу ылдамдыкта учкан сыныктарды жаратат. Алар башка спутниктерге тийиши мүмкүн, андан кайра жаңы сыныктар жаралып, теориялык жактан көчкү сыяктуу процессти башташы ыктымал."

1957-жылы, космос мейкиндигин өздөштүрүүнүн доору башталгандан бери, колдо болгон эсептерге караганда, Жердин төмөнкү орбитасына 10 мицден ашык спутник чыгарылган. Алардын жарымынан көбү азыр колдонулбай калган. НАСАнын маалыматы боюнча, узундугу он сантиметрден ашкан жыйырма беш миңден ашык космос сыныктары Жерди айланып жүрөт.

НАСАнын директору Билл Нельсон июлда Би-Би-Сиге космостук калдыктар чоң көйгөй жаратып жатканын, анын ичинде кагылышуудан качуу үчүн Эл аралык космос станциясынын орбитасын өзгөрткөн учурлар болгонун айткан.

“Болжол менен саатына жыйырма сегиз миң километрдик Космостук ылдамдыкта учкан боёктун кенедей бир сыныгы ачык космоско чыккан астронавтка тийиши мүмкүн жана ал өлүмгө алып келиши ыктымал", - деп жыйынтыктады Нельсон.