Covid-19: Абал курч, санитардык эрежелерди сактагандар аз

Коронавирус

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP via Getty Images

Кыргызстанда акыркы эки аптадан бери коронавирустун жайылышы күчөп жатат. Акыркы суткада расмий катталгандардын саны 388ге жетип, беш киши кайтыш болду. Саламаттык сактоо министрлиги эл санитардык эрежелерди, коопсуздук чараларын такыр сактабай жатканын билдирди.

Бишкекте турган Айсенем Сайпи кызы үй-бүлөсү менен вируска чалдыккан. Ал Covid-19 вирусун өлкөдө эпидемиялогиялык абал салыштырмалуу жакшырып калганда, сентябрда жуктурган. Ооругандан мурда айылга тажыяга барып келишкенин эстеп жатат.

"Айылдан келип эки күндөн кийин оорудук. Тез жардам чакырсак коронавируска окшобойт деп кетип калды. 118ге чалсак иштебейт экен. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна бардык, алар мобилдик топту жөнөтүп, бизден анализ алып кетишти. Анализ вирус бар экенин көрсөттү. Үй-бүлөлүк дарыгер суу, С витамин ичип тургула деди. Башка бир да байланышкан жок. Өзүбүз дарыгерлерди таап, үйгө алып келип дарыландык. ПЧР анализ вирусту тастыктап турса оорукана алат экен, бирок биздин абалыбыз оор болбогон үчүн үйдө жакшы болдук", - деген Айсенем медициналык жардам алуу жолдору тууралуу айтып берди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, акыркы эки аптадан бери вирустун жайылуусу күчөп жатат. Акыркы суткада 388 кишиден вирус аныкталды, беш адам кайтыш болду.

коронавирус

Сүрөттүн булагы, Social Media

Министрликтен эл вирустан коргонуу чараларын такыр сактабай жатканын айтышты. Той-аштарга, жамандык-жакшылыкка чогулуу кадимкидей уланып жатканын белгилешти.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев элдин карантинден, оорудан, маалыматтан чарчаганын түшүнүү менен кабыл аларын, ошол эле учурда вирустун жайылышын көзөмөлдөн чыгарып жибербөө маанилүү экенин айтты.

"Ооруканага түшүп калгандан көрө беткап тагып, колду жууп, аралыкты сактоо чаралары өтө жеңил эмеспи! Ооруп калбаганга аракет кылыш керек, бул илдет дүйнө жүзүндө жок болуп кете элек. Алдын алыш керек. Өнүккөн өлкөлөрдө тобокел тобундагы адамдар, улгайган кишилер өзүн изоляцияга алып жатат. Ал эми бизде той-ашка барып, төрдө отурганын көрүп жатабыз", - деген саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Ушу тапта ооруканаларда эки миңден ашуун киши коронавирустан дарыланып жатат. Каза болгондордун көбөйүп жатканын министрдин орун басары бейтаптардын кеч кайрылуусуна, өнөкөт оорулары болгонуна жана жалпы жугузуу саны өсүп жатканына байланыштырат.

Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова курмандыктар санын төмөн кармоо үчүн сөз жүзүндө эле убадалар берилбей, система чындап даяр болуш керек экенин билдирди. Анын айтымында, орундуктар, дарылар, адистер жана дем алдыруучу жабдыктар камдалышы керек.

"Баары даяр деп февралда уктук, апрелден бери угуп келатабыз. Көп киши ооруканага жата албагандыктан, реанимациялык орундар, өпкөнү иштетүүчү жабдыктар жок, дарыялар тартыш болгондуктан өлдү. Дарылар кымбат болду, аны өздөрү сатып алышты. Бирок Covid-19дан бекер дарыланат. Бизде адамдар, жада калса медкызматкерлер өз чөнтөгүнөн сатып алышты. Саламаттык сактоо министрлигинде баланча адам ооруса, баланча дарыбыз, орундугубуз бар деген эсеби болуш керек", - деди Барыктабасова.

Видеонун түшүндүрмөсү, Коронавирустун экинчи толкуну: келечекте кандай болот?

Министрликтин маалыматына ылайык, бейтапканаларда 8100дөн ашык орун камдалган.

Ал эми министрдин орун басары Үсөнов министрлик даярдыктарды көргөнүн, бирок жарандар ооруну алдын алуу керектигин баса белгилеп жатат.

"Келгендердин ар бирин кабыл алып жатабыз. Резервде турган орундуктар бар. Бирок кандай шартты түзүп койбойлу коомдун ар бир мүчөсү жоопкерчилик алыш керек. Баары өз ден соолугун сактаганга аракет кылып, обочолонгондо күрөштүн жыйынтыгы болот. Ага биз багыт ала албай жатабыз", - деди Үсөнбаев Би-Би-Сиге.

Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги өлкө боюнча 9 оорукана оңдолуп бейтаптарды кабыл алып жатканын билдирди. Ал эми жаңы курулуп жаткан жүз орундуу Бишкектеги оорукана жабдылып жатат, Оштогусу айдын аягына чейин колдонууга берилет. Бул тууралуу агенттиктин директор орун басары Жумабай Каримжанов айтты:

"Жалпы 14 оорукананын курулуштары жана оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Иштебей турган тогуз оорукана оңдолуп, башка багыттагы илдетти дарылоого өзгөртүлдү. Ишке берилгендерден Баткендеги 90 орундуу, Жалал-Абаддагы хирургиялык бейтапкана 100 орундуу, Токмок шаарындагы 216, Кара-Сууда 150, Көк-Жаңгак шаарында 60 жана Орловкадагы 45 орундуу. Баары Өнүктүрүү жана шериктештик коомдук фонду аркылуу каржыланды".

картасы

Дуйнө боюнча тастыкталган учурлар

Group 4

Интерактивдүү картаны көрүү үчүн браузерди жаңылаңыз

Булак: Жон Хопкинс университети (Балтимор, АКШ), Жергиликтүү бийлик

Соңку жаңыланышы 2022-ж., 5-июль 13:59 GMT+6

Медкызматкерлердин арасында да вирусту жуктургандар көбөйүп жатат.

Өлкөдө массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Билим берүү мекемелери жабык. Коомдук жайларга жана унааларга беткап менен гана кирүүгө болот. Бирок бул чаралардын натыйжасы Кыргызстанда байкалбай жатат.