Жошуа Бейкер: АКШ Борбор Азия менен көбүрөөк кызматташууну көздөйт

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Жошуа Бэйкер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Жошуа Бэйкер
    • Author, Гүлнара Касмамбетова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери

АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Керри 3-августта Вашингтондо Борбор Азиянын 5 өлкөсүнүн тышкы иштер министрлерин кабыл алды.

С5+1 деп аталган дипломатиялык платформада аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташуу, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө маселе көтөрүлдү. Ошону менен катар, С5+1 тобунун 2015-жылы Самарканддагы биринчи саммитинде сунушталган беш долбоор талкууланды.

Продюсер Гүлнара Касмамбетова АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Жошуа Бэйкер менен байланышып, адегенде, эмне себептен АКШ Борбор Азия аймагынын коопсуздук маселесин көтөрүп жатканын сурады.

Гүлнара Касмамбетова: Чөлкөмдүн коопсуздугу АКШга эмне үчүн маанилүү?

Жошуа Бейкер: Суроо үчүн чоң рахмат. Мамлекеттик катчы Жон Керри коопсуздук темасына басым жасады. Себеби террорчулук, анын ичинде “Ислам мамлекети” тобу эл аралык коркунуч экенин АКШ эле эмес, бүтүндөй дүйнө билет. Тилекке каршы Казакстанда өткөн жумаларда болгон жардыруулардан улам Борбор Азия да муну жакшы билет.

Гүлнара Касмамбетова: Жошуа айтсаңыз, АКШнын көз карашынан алганда Борбор Азия чөлкөмүнүн коопсуздугуна коркунуч барбы?

Жошуа Бейкер: Бул дагы өтө аяр маселе. Албетте, АКШны мындай коркунуч кабатыр кылат. Бул суроону Борбор Азия мамлекеттери өздөрү көтөрүп чыгышты. Мен жаңы эле Бишкекте мамлекеттик ишмерлер жана журналисттер менен жолуктум. Региондо өзгөчө жаштардын радикалдашуусу жана исламдашуусу багытында чындап маселе бар. Борбор Азиядагы ар бир өлкөдө мындай радикалдашууга каршы жакшы программалар бар деп эсептейм. Бирок бул багытта кызматташуу да керек. Региондогу кайсы бир өлкөнүн саясий туруктуулугуна коркунуч туулду деп ойлобойбуз. Биз кандай гана коркунуч болбосун, алардын азайышын жана чөлкөмдөн Сирия же Иракка кеткен согушкерлер кайтып келбешин каалайбыз. Алар келсе да, мамлекеттер ага даяр болушу керек.

  • <link type="page"><caption> Муну да окуңуз: АКШ-Кыргызстан алакасы жана Атамбаевдин санаасы</caption><url href="http://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan/2016/08/160803_atambaev_usa_kyrgyzstan" platform="highweb"/></link>

Гүлнара Касмамбетова: Кармаш жана карама-каршылыктар болуп жаткан ар кыл аймактардагы согушкерлер Борбор Азияга кирип келиши мүмкүндүгүн белгилеп кеттиңиз. АКШ чөлкөмдүн коопсуздугун бекемдөө үчүн Борбор Азия өлкөлөрү менен кайсы багыттарда кызматташат?

Жошуа Бейкер: “5+1” форматындагы жолугушууда бир катар долбоорлор талкууга алынды. Бул жолугушуу регионалдык деңгээлде болду. Кызматташуу дагы тереңдейт, америкалык жана регионалдык эксперттердин тажрыйба алмашуусу күчөйт, окуу курстары көбөйөт, радикалдашууга каршы социалдык программалар болот, чалгындоо кызматтары да көбүрөөк маалыматтар менен бөлүшө баштайт. Бул жолугушуудан кийин Бишкек, Алматы, Ташкент, Ашхабад, Душанбенин өкмөттөрү өлкөгө ылайыктуу программаларын иштеп чыгышат. Эң башкысы АКШ террорчулукка каршы күрөшүүдө ишенимдүү өнөктөш боло алаарын эл билгени маанилүү. Менимче, лидерлер муну кубатташат.

Сүрөттүн булагы, none

Гүлнара Касмамбетова: АКШнын соода палатасы борбор азиялык министрлер жана Америкадагы ири компаниялардын жогорку жетекчилеринин катышуусунда бизнес-форум өткөрдү. Алар бириккен жана өнүккөн Борбор Азия идеясынын мүмкүнчүлүктөрүн жана маселелерин талкуулашты. Муну АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүн Орусиянын таасиринен алып чыгуу аракети катары мүнөздөсө болобу?

Жошуа Бейкер: АКШ бул жерде оюн жүгрүзгөн жери жок. АКШ ага пайдалуу нерсе, Орусияга же Кытайга пайдасыз деп эсептебейт. Борбор Азия өлкөлөрү бир-бири менен жакшы мамиледе болушун каалайбыз. Биз өзүбүздүн компанияларыбыз менен сыймыктанабыз. Америкалык компаниялар атаандаштыкка жакшы туруштук берет деп ойлойбуз. Андыктан АКШнын компаниялары Борбор Азияда көбүрөөк иштесе дейбиз. Түркмөнстанга салыштырмалуу Казакстанда көбүрөөк америкалык компаниялар иштешет. Бирок алардын саны ар бир өлкөдө көбөйүшүн көздөйбүз. Кечээки жолугушууда регионалдык интеграция маселесине басым жасалды. Америкалык компаниялар Казакстанда кандайдыр бир бизнес ачса, андай мүмкүнчүлүк Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдө болушун каалайбыз. Жалгыз эле АКШ менен эмес Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтык да өсүшүн, алардын арасында америкалык компаниялар көбүрөөк болушун каалайбыз. Мамлекеттик катчы Жон Керри бул саммитке америкалык компанияларды тартканына кубанып турам.

Гүлнара Касмамбетова: Бул жолу мамлекеттик катчы Керри жана беш министр 2015-жылы Самарканддагы министрлердин деңгээлиндеги “5+1” форматындагы жумушчу жолугушууда иштелип чыккан беш долбоорду талкууга алды. Бул кандай долбоорлор?

Жошуа Бейкер: Беш жаңы долбоор бар. Биринчиси, Террорчулукка каршы глобалдык форумдун регионалдык диалогу. Бул коопсуздукка байланыштуу. Экинчи долбоор Борбор Азиядагы ишкердиктин атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгү деп аталат. Буга чейин белгиленгендей, экономика бул саммиттин чоң бөлүгү болуп калды. Үчүнчү долбоор транспорттук корридорду түзүп чыгууга багытталган. Биз Борбор Азия өлкөлөрүндө транспорт байланышы жакшырышын каалаганбыз. Төртүнчүсү да экономикага байланыштуу. “Келечектин энергиясы” деп аталат. Бешинчиси, мамлекеттик катчынын сүйүктүү темасы: Климаттын өзгөрүүсү. Ал “Улуттук жана регионалдык адаптациялык пландоону колдоо” деп аталат. Айлана-чөйрөнү коргоого багытталган. Эми АКШ бул программалардын башталышы үчүн 15 миллион доллар берүүгө даяр. Долбоорлор башталгандан кийин дагы каржылоо болот.

Сүрөттүн булагы, AFP

Гүлнара Касмамбетова: Министрлер региондун 21-кылымдагы өнүгүшү боюнча идеялар менен бөлүшүштү деп кабарланды. Ал кандай идеялар: Борбор Азия региону 21-кылымда кандай өнүгө алат?

Жошуа Бейкер: Мамлекеттик катчы Жон Керри белгилегендей, Борбор Азия чөлкөмүнүн узун таржымалы бар жана адамзаттын тарыхында маанилүү ролду ойногон. Улуу Жибек жолу бардыгына белгилүү. Борбор Азия өлкөлөрүн алдыдагы 25 жылдык эгемендик мааракелери менен куттуктадык. Мамлекеттик катчы бул өлкөлөр дүйнөлүк рынок менен дагы жакыныраак карым-катнашта болушун кааларын айтты. АКШ коопсуздук же экономика жаатында гана эмес, бардык тармактарда ишенимдүү өнөктөш болууга даяр. Америкалыктар Борбор Азия өлкөлөрү жөнүндө көбүрөөк билип, туристтердин жана студенттердин көп болушу үчүн кызыкдар. Билим берүү жана маданият жаатында да кызматташууга мүмкүндүгү бар. Мына ушул себептерден улам, саммит маалында ар кыл темада сүйлөшүүлөр болду.