“Биз бир муун алмашканча жаш балдардын никеге туруусун токтото алабыз”

Сүрөттүн булагы, The Obama Foundation
- Author, Мегха Мохан, Юсеф Элдин, Эмма Эйлс
- Role, Би-Би-Си 100 Айым
Дүйнөнүн эң таасирдүү үч аялы Би-Би-Сиге жашы жете элек өспүрүмдөрдүн никеге туруусуна бир муундун ичинде чекит койсо болорун айтышты.
Юрист жана активист АКШнын мурдагы биринчи айымы Мишель Обама, адам укуктары боюнча юрист Амал Клуни жана филантроп Мелинда Френч Гейтс өткөн жылы алардын фонддору бул көйгөйгө каршы күрөшүү кызматташарын жарыялашкан.
Бириккен Улуттар Уюму учурдагы темп менен жашы жете электердин никеге туруусу 300 жылда да жоюлбайт деп эскертти.
Бирок мурдагы биринчи айым Мишель Обама Би-Би-Си жаңылыктарына: "Бул эртең чечсе боло турган маселе" деди.
Үч айым Малави өлкөсүнө жана Түштүк Африкага болгон сапары учурунда Би-Би-Си 100 Айым долбооруна эксклюзивдүү маек беришти.
26 жаштагы Люси жашып кетти, ал мукактана "кечиресиздер, эмоцияга алдырып жибердим" деди.
Люси Малавинин борбордук аймагындагы Ludzi Girls орто мектебинин китепканасында отурду. АКШнын жашыруун кызматынын агенттери сыртта, мектептин айланасындагы делоникс дарактарынын астында турушту.
Ал жаңы эле кыздардын мектепте окуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, бир топ улуу кишилерге турмушка чыкпоо керектигин айтып жатып, күтүүсүздөн жашып кетти.
Люсинин жанында дүйнөнүн эң таасирдүү үч гуманитардык өкүлү - Мелинда Френч Гейтс, Амал Клуни жана Мишель Обама - анын окуясын унчукпай угуп олтурушту.

Сүрөттүн булагы, The Obama Foundation
Анын ийгилигине апасы абдан кубанганы менен, атасы анчалык деле сүйүнбөгөнүн айтат Люси. Ал дагы эле кызынын эрктүүлүгүн кабыл ала албай жатат. Мунун баарын айтып берип жатып Люсинин көңүлү чөктү.
Люсинин сол жагында отурган АКШнын мурдагы биринчи айымы сөз сүйлөдү.
"Атаңа менин атымдан бирдеме айта барасыңбы? Кийинки жолу атаңды көргөндө Мишель менен Барак Обама сени менен жана сенин кандай аял болгонуң менен сыймыктанарын айткын". - деди Обама айым.
Люси жылмайып өйдө карады. Люсинин оң жагында адам укуктары боюнча эл аралык адвокат Клуни айым отурду.
"Атаңа, азыр сенин адвокатың да бар экенин айт", - деп кошумчалады ал.
Мишель Обама, Амал Клуни жана Мелинда Френч Гейтс өткөн жылы жаш балдардын никеге туруусуна каршы күрөшүү боюнча кызматташууну жарыялаган. Алар бул маселе менен иштеген баштапкы уюмдардын ишин күчөтүү жана жашоосунда ошол нерсеге кабылган кыздар жана аялдар менен жолугушуу үчүн Малави менен Түштүк Африкага бирге барышкан.
Обама айымдын билим берүүгө багытталган Girls Opportunity Alliance уюму буга чейин эле дүйнө жүзү боюнча кыздар өспүрүм курагында турмушка чыгып, кош бойлуу болушуна байланыштуу мектепти таштап жатканын аныктаган. Клуни айым айыл жергесиндеги кыздардын өз укуктарын билүүсү үчүн иштерди алып барган. Ал эми Френч Гейтс айымдын көптөгөн долбоорлору саламаттыкты сактоону жакшыртууга, анын ичинде жаш кезинде төрөгөндөн кийин кыйынчылыктарга дуушар болгон кыздарды дарылоого багытталган.
Үчөө тең аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоого ынтызар, ошондуктан мындай коалиция эң ылайыктуудай сезилет.
"Үчөөбүздүн ортобузда абдан ынак өнөктөштүк жана достук жаралды," - деп билдирди эл аралык адам укуктары боюнча юрист Клуни айым Би-Би-Си 100 Айым долбооруна.
"Гейтс Фонду менен алгачкы сүйлөшүүдө мен мындай дедим: 'Сиз гендердик адилеттүүлүк боюнча масштабдуу иш алып баруудасыз, бирок көбүнчө маселени чечүүдө мыйзамдарды колдонбойсуз. Сиз экономика жана саламаттык жагын карап жатасыз. Андыктан биз өнөктөштүк түзсөк кантет?'"

Сүрөттүн булагы, The Obama Foundation
Френч Гейтс Малавиге бешинчи жолу келип жатканын айтканда, Ludzi мектебинин окуучулары катуу кубанышты. Ошол жерде ал биргелешип иштөө стратегиялык чечим экенин жана бири-бирине төп келген тажрыйбалары алардын ишинде көп натыйжа берерин айтты.
"Менимче, аялдар табигый түрдө коллективдерде иштешет" - деди ал Би-Би-Сиге. "Мен өзүмдөн улуу бир нече аял менен сүйлөштүм. Алар өз компанияларында генералдык жана финансылык директор болуп иштешкен. Бирок ошол эле убакта алар андай иштерди башка аялдар менен чогуу жасабаганына өкүнүп кетем. Алар башка аялдарды тартып, ээрчитип кете алган жок. Биздин муун болсо - Мишель экөөбүз бир курактабыз - биз бардыгын өзүбүз менен кошо көтөрмөлөөнү кааладык".
12 миллион кыз
ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 18 жашка чыкпай туруп турмушка чыккан 650 миллион кыз жана аял жашайт жана учурда дүйнө жүзү боюнча жылына 12 миллиондон ашык кыз мыйзамдуу жана салттуу жөрөлгөлөр аркылуу турмушка чыгат. Бул багытта Түштүк Азия жана Сахаранын түштүгүндөгү Африка дүйнө жүзү боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ. Бирок ал глобалдык түштүктө гана маселе эмес. Мисалы, АКШнын беш штатында никеге туруунун минималдуу курагы жазылбагандыктан, ага ата-энелердин макулдугу гана жетиштүү.
Кээ бир өлкөлөрдө, мисалы, Малавиде 18 жашка чейин никеге турууга тыюу салган прогрессивдүү мыйзамдар бар, бирок алар көп убакыттан бери келе жаткан маданий тоскоолдуктарга дуушар болушат. Дүйшөмбү күнү үч айымдын иш сапарынын жыйынтыгында президент Лазарус Чаквера жашы жете элек никеге турууну токтотуу боюнча улуттук стратегияны андан ары каржылоону жарыялады. Буга чейин бул багытта соттолгондор өтө аз болгон.
Клуни айым түшүндүрүү иштери чечүүчү ролго ээ деп эсептейт. Анын "Аялдар үчүн адилеттүүлүк" аттуу программасы Малавинин Юрист Аялдар Ассоциациясын каржылайт. Аталган программа жардамга муктаж аялдарды табуу үчүн элеттеги жамааттарга адистердин баруусун уюштурат. Малавинин калкынын 85% дан ашыгы айылдарда жашашат. Айылдар көбүнесе уруу башчылары башкарган аймактарда, баобаб дарактарынын астындагы кепелерден турат. Алар жолдордон жана электр энергиясынан алыс жайгашкан.
"Биз юридикалык жардам көрсөтүүчү мобилдүү клиникалардын тармагын түздүк, бул юристтери менен жүргөн кадимки фургон дегенди билдирет. Ал жакта биз жамаатарга барып, кыздарга "Cенин укуктарың бар. Эгерде сени коргоо үчүн акысыз юрист керек болсо - биз мындабыз" деп айтабыз.
"Биз адилеттик үчүн күрөшүшүбүз керек, анткени адилеттик өзүнөн-өзү орнобойт," - деди Клуни айым. "Силер бирикмелерди түзүп, курөштө жеңишке жетүү үчүн чечкиндүүлүк менен адилетсиздиктерге каршы күрөшүшүңөр керек."

Сүрөттүн булагы, Neil Rasmus
Би-Би-Си Мчинжи районундагы айылдардын бириндеги убактылуу чатырдын астындагы юридикалык клиниканын жыйынына барды - ага 1000ден ашуун адам, негизинен аялдар катышты. Кээ бирлери кош бойлуу өспүрүмдөр эле, алар төрөгөндөн кийин мектепти улантуу үчүн эмне кылса болот деп сурашты.
"Мен, биз тагдыры үчүн күрөшүп жаткан кыздардан өзүмдү көрөм. Мен ал кыздардан өз кыздарымды көрөм" - деди Обама айым Би-Би-Си 100 Айымга.
Бирок, бул маселе жакын арада чечилбейт деген кооптонуу бар. ЮНИСЕФ быйылкы жылдын башында жасаган отчетунда жашы жете элек кезинде никеге тургандар азыр бардык никелердин 19 пайызын түзөрүн, жана он жыл мурунку 23 пайыздан төрт эле пайызга азайганын билдирди. Бирок уюм кошумчалагандай, жашы жете элек кезде никеге турууну жоюу дагы 300 жылга жакын убакытты талап кылат.
"Бул токтоосуз чечилиши керек болгон маселе. Биз муну этибарга албай туруп, калкыбыздын элүү пайызынын көйгөйүн чечпей туруп - жакырчылык, климаттын өзгөрүшү, согуш жана башка чоң нерселерди чечүүдө алга жыла албайбыз."
"Бул эртең чечсе боло турган маселе. Эгерде бардык дүйнөлүк лидерлер чогулуп, муну приоритет кылса, ал 300 жылды талап кылбайт. Ал болгону бир муун алмашканча ишке ашышы мүмкүн". - дейт Обама айым.
Мишель Обама, Амал Клуни жана Мелинда Френч Гейтс Малавига баруунун тандашканынын себеби, алардын ар бир программасы бул өлкөдөгү долбоорлорду колдоп келген. Алардын узак мөөнөттүү кызматташтыгы кандай формада болору али иштелип жатат, бирок азыр бул айымдар өлкөдө ичиндеги уюмдарды колдой берерин айтышууда.
"БУУнун Коопсуздук Кеңеши сыяктуу, бул маселе менен иштеши керек болгон ири эл аралык уюмдар, күчтүү өкмөттөрдөй эле эч нерсеге жетишпей жатышат. Андыктан, филантропия жана жеке адамдар мында көбүрөөк роль ойношу керек деп ойлойм." - деди Клуни айым.

BBC 100 Women names 100 inspiring and influential women around the world every year. Follow BBC 100 Women on Instagram and Facebook. Join the conversation using #BBC100Women.








