АКШ Ирандын өзөктүк долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө даяр

US and Iranian flags

2015-жылы Ирандын өзөктүк долбоору боюнча тарыхый келишимге кайтып баруу үчүн АКШ Тегеран менен сүйлөшүүлөргө даяр.

Иран болсо Вашингтон экономикалык санкцияларды алып салгандан кийин гана келишимге кайтып баруу боюнча сөз болушу мүмкүн деп айтууда.

АКШнын мурдагы президенти Трамп 2018-жылы келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга катаал экономикалык санкцияларды кайра киргизген. Иран болсо 2019-жылы буга жооп катары өзөктүк долбоор боюнча келишимдеги шарттарды урматтабай, байытылган урандын чектөөсүнө көңүл бурбай калган.

Эми АКШнын жаңы президенти Жо Байден Иран жана алты ири өлкө кол койгон келишимге кайтып баруу үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди. Бейшемби күнү Байден администрациясынын дипломаттары Европанын расмийлери менен жолугуп, дал ушул маселени көтөрүштү.

President Hassan Rouhani and the head of Iran nuclear technology organization Ali Akbar Salehi inspecting nuclear technology

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ менен Европа мамлекеттери Иранды 2015-жылы жетишилген келишимге кайтып келүүгө чакырууда

Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс АКШ Европа Биримдигинин Иран менен сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушун колдоду деп маалымдады.

Тегеран буга расмий жооп кайтара элек. Бирок Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарив "Твиттер" баракчасына өлкөсү АКШ экономикалык санкцияларды алып салгандан кийин гана келишимдин шарттарын урматтайт деп жазды.

Буга чейин Иран Байден администрациясын кысымга алып, өлкөнүн уран байытып жаткан жайларына эл аралык инспекторлор киргизилбейт деп билдирген. Британия, Франция жана Германия Тегеранды инспекторлорду өлкөгө киргизүүнү өтүнүп, ага тоскоолдук жаратуу "кооптуу" экенин маалымдашкан.

Тегеран өзөктүк долбоору тынч максатты көздөйт деп айтып келет. Байытылган уранды электр энергия станциясынан тышкары, өзөктүк курал жасоого дагы колдонсо болот.

2px presentational grey line

Батыш артка кайтуудан кооптонууда

Анализ

Барбара Плетт-Ашер, Ак үйдөгү кабарчы

Иран менен төрт жылдан бери биринчи жолу жогорку даражадагы дипломаттар жолугууга даяр. Европа Биримдиги өзөктүк келишимге кайтып баруу үчүн татаал сүйлөшүүлөрдү баштоону көздөп турат.

Байдендин администрациясы мурдагы президент Трамп Ирандын дипломаттарына саякаттоого киргизген чектөөлөрдү жеңилдетти. Ошондой эле Байден Бириккен Улуттар Уюму аркылуу санкцияларды күчөтүү долбоорун токтотту.

US President Joe Biden

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жо Байден Бириккен Улуттар Уюму аркылуу Иранга каршы санкцияларды күчөтүү долбоорду токтотту

АКШ болсо Иран келишимдин шарттарын аткара баштаганда санкциялар толугу менен алынат деп айтууда. Бирок Иран Вашингтон алгач санкцияларды алгандан кийин гана келишимге кайтып барарын, ага макул болбосо эл аралык инспекторлор өлкөгө киргизилбейт деп эскертти.

АКШ жана башка Батыш мамлекеттери инспекторлорго тоскоолдук жаратуу артка кайтуу болуп каларын, алар алдыга жылууга умтулуп жатканын айтышууда.

Иран АКШнын билдирүүсүн четке какты, бирок сүйлөшүүлөргө расмий чакырылса Тегерандын кадамы белгилүү.

2px presentational grey line

2015-жылдагы келишим

2015-жылы өзөктүк келишимге Иран жана алты ири өлкө кол койгон. Ага ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынган.

Андан тышкары Иран өзүнүн өзөктүк аймактарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макул болгон. Бирок Тегерандын шектенүүлөрүнөн улам эксперттердин өзөктүк аймактарга алдын ала макулдашуу аркылуу гана баруу шарты каралган.

Документте Иранга каршы санкцияларды алып салуунун мөөнөттөрү дагы белгиленген.