Кытайдын “жасалма жамгыры” коңшу өлкөлөрдү тынчсыздандырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Тамара Жил
- Role, BBC News Mundo
Бээжин дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын бири. Бирок эл аралык мааниге ээ болгон саясий жыйын же окуяларда шаарда булуттар тарап, күн чыгып, көк асман байкалат.
Булуттар чоң окуя болуп жатканда өзүнөн-өзү тарап кеткен жери жок. Кытай бир нече жылдан бери климатты жазгыруу программасын ишке ашырып келди. Декабрь айында Бээжин долбоорун өлкөнүн башка аймактарына кеңейтүүнү көздөп жатканын жарыялады.
Кытай бийлиги 2025-жылга чейин өлкө аймагынын 60 пайызына же 5,5 миллион чарчы чакырым жерге жасалма жаан же карды пайда кылмакчы. Бирок бул ыкма Кытайга коңшу мамлекеттерди тынчсыздандырууда. Анткени мындай технологиянын кесепети толук изилдене элек. Демек, бул ыкма коңшу мамлекеттер менен мамиленин чыңалышына алып барышы ыктымал.
Кытай кандай жол менен климатты жазгырууда?
Кытай "cloud seeding" же жасалма жаан-чачын жаратуу ыкмасын колдонот. Анда булуттарга күмүш иодид сыяктуу химиялык заттарды замбиректер менен атып, жаан-чачын пайда болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Көптөгөн мамлекеттер бул ыкманы колдонот. Кытай болсо көп жылдан бери "жасалма жамгыр" жаратып келди. Индияда дагы ыкманы колдонгон. Бул технология кургакчылык коркунуч түзгөн Африканын жана Австралиянын аймактарында дагы пайдаланылган"-дейт климат боюнча эксперт Дханасри Жайарам.
Бирок Жайарамдын айтымында, башка мамлекеттерге салыштырганда Бээжин ыкманы чоң масштабда пайдаланууда.
Жасалма жаан жаратуу технологиясы 1940-жылдары АКШда пайда болгон. Бирок анын натыйжалуулугу талаштуу бойдон.
"Жасалма жаан жаратуунун натыйжалуулугу боюнча илимий изилдөөлөр абдан аз. Бул ыкма эч кандай илимий далилдерге негизделбей эле иштелип чыгарылган",-дейт Бээжин университетинин окумуштуусу Жон С. Мур.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Изилдөөчү Мур Кытайдын 50 миңге чукул шаар жана шаарчалары улам-улам жасалма жаан жаратып айдоо жерлерин сактап келгенин айтууда.
"Биз бир гана жаан-чачын жөнүндө сөз кылган жокпуз. Айрым учурда мөндүрдүн түшүмгө болгон коркунучун жок кылуу үчүн булуттар тескерисинче таратылат",-дейт Мур.
Бирок окумуштуулар мындай ыкма "бир же эки айга" эле натыйжалуу экенин айтышууда. 2020-жылы февраль айында АКШда жарыяланган илимий изилдөөгө ылайык, жасалма жаан 10 пайызга гана натыйжалуу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаан-чачындын ээси барбы?
Кытай аба-ырайын жазгыруу долбоорун 2-декабрда жарыялаган. Бээжин долбоор аркылуу кургакчылыкты алдын алуу, айыл-чарба түшүмүн көбөйтүү жана токой өртү менен күрөшөрүн белгилеген.
Бул багытта замбиректерден тышкары дрондор колдонулмакчы. Мамлекеттик Xinhua агенттиги жасалма жаан жараткан дрон тууралуу "Твиттер" баракчасына жазган. Дронго Ganlin-1 же "ширин жаан" деген ат коюлган.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Ыкманын натыйжалуулугу талаштуу болгонуна карабастан Бээжин бул долбоорго көп каражат бөлдү. Буга Индия сыяктуу коңшу мамлекеттер каршы чыгууда.
"Технология Индиядагы муссон мезгилине таасир этиши мүмкүн деген жоромолдор бар. Муссон мезгили Индия үчүн абдан маанилүү. Бирок бул багытта дагы илимий изилдөөлөр аз болуп жатат",-дейт климат боюнча эксперт Дханасри Жайарам.
Улуттук Тайван университетинин изилдөөчүлөрү болсо 2017-жылы жасалма жаан жаратуу ыкмасын мамлекеттер сүйлөшүү жолу аркылуу колдонбосо, бир өлкөдө жаан-чачын көп болуп, башка мамлекетте кургакчылык катталышы мүмкүн экенин айтышкан. Бул регионалдык тирешке алып барышы ыктымал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Муссон Тибеттеги тоолордогу температуранын Индия океанындагы температуранын айырмасынан улам пайда болот. Эгерде Тибеттин тоолорундагы аба-ырайы өзгөргөн болсо, анын кесепети оор болору талашсыз",-деп белгиледи Мур.
Окумуштуу провинция деңгээлиндеги кытайлык инженерлердин жасалма жаан-чачын жаратуу долбоору тууралуу сөз кылып жатат. "Бөрк ал десе баш алган" аймактык расмийлер улуттук колдоо же илимий изилдөө жок болсо деле Тибеттин тоолорунда жасалма жаан аркылуу айыл-чарбаны өнүктүрүүнү көздөп турат.
"Аларды ковбой жумушчулар (кесипкөй эмес адистер) деп атасак болот. Алар Илон Масктын космостук ракетасын көчүрүп, Айга учуп барабыз деп жатышат. Кытайдын окумуштуулар бул тууралуу угуп, өздөрүнүн үрөйү учуп турган кези",-деп кошумчалады Мур.
Бирок жасалма жаан жаратуудан тышкары, окумуштуу Жайарам Кытайдын геоинженерия технология багытындагы башка долбоорлоруна тынчсызданат. Мисалы, Бээжин коңшу мамлекеттер менен кеңешпей туруп күн радиациясын көзөмөлдөө аракетин көрүп жатат. Бул коңшу мамлекеттер менен мамилени солгундатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Технологиянын өзү тынчсыздандырган жок. Ал абдан керектүү ыкма болушу мүмкүн жана ар бир көз карандысыз мамлекет өз территориясын башкарууга укуктуу. Бирок бүткүл регионго таасир эте турган ыкма боюнча чечим бир тараптуу кабыл алынганы кооптондурат. Технологияны колдонуп жатканда чоң көйгөй жаралса эмне болот? Анын кесепетине ким жооп берет?",-дейт окумуштуу Жайарам.
Окумуштуулар мындай ыкмаларды колдонууда алгач дүйнөлүк нормалар түзүлүшү керек экенин айтышууда. Кытайда геоинженерия багытында иш алып барган Мур мырза болсо, бардык тарапты сабырдуулукка чакырат. Анын айтымында, Кытай бул багытта "барына жагымдуу ачылыштарды жасоого кызыкдар".










