Касташкан Араб өлкөлөрү тил табышты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Үч жылга созулган дипломатиялык чатак жана соода блокадасынан кийин Сауд Арабиясы башында турган Перс булуңундагы өлкөлөр Катар менен мамилесин жакшыртууга кадам таштады.
Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Катардын эмирин учактан түшкөндө кучак жайып тосуп алганы жарашуунун символу болуп калды.
2017-жылы ханзаада Мухаммед бин Салман экономикалык блокаданын негизги демилгечилеринин бири болгон эле. Эми жаш башкаруучулар (мураскер ханзаада 35 жашта, Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани 40 жашта) келишпестиктерди унутууга бел байлагандай. Алардын жолугушуусуна Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн Кызматташтык кеңешинин саммити себеп болду. Саммиттин алдында үч жылдан бери жабык турган чек аралар ачылды.
Перс булуңундагы алдыңкы үч өлкө - Сауд Арабиясы, БАЭ, Бахрейн, Йемен коңшусу Катарды терроризм жана экстремизмди колдоого алган деп күнөөлөп чыгышкан. Бул айыптоолорго Египет жана башка араб мамлекеттери кошулган эле. Катарды террордук топторду колдоого алып, чөлкөмдү олку-солку кылып келген деп айыпташкан. Ошондой эле Иракта аңчылыкта жүрүп барымтага түшүп калган падышалык үй-бүлө мүчөлөрүн бошотуу үчүн Иран колдоого алган куралдуу шийит топторуна Катар чоң суммада кун төлөгөн деп күнөөлөшкөн. Доха мындай айыптоолорду кескин четке кагып келди.
Жарашууга АКШ дагы чоң күч жумшаганы айтылууда. Мөөнөтү бүтүп бара жаткан Трамптын администрациясы Иран менен биргелешип күрөшүү үчүн өзүнүн араб союздаштарынын мамилесин оңдоого аракет кылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президенттин күйөө баласы жана кеңешчиси Жаред Кушнер дагы Сауд Арабиясына келди. Маанилүү дипломатиялык күч-аракетти жумшагандардын бири Кувейт өлкөсү болду.
Перс булуңундагы чатак идеологиялык келишпестик деп айтсак болот. Мунун өзү акыркы жылдардагы Жакынкы Чыгыштагы окуялардан кабар берет. Бирок бул сунниттер менен шийиттердин тиреши эмес, демократия менен монархиянын тиреши деп дагы айтууга болбойт. Бул саясий ислам деп аталган идеологиялык талаш. Катар менен Түркия региондогу исламчыл партияларды колдоого алса, Сауд Арабия, БАЭ жана Египет террордук деп санап, күрөшүп жатат.
Мындай саясий күчтөрдүн эң эле белгилүүсү 1940-жылдары Египетте негизделген "Мусулман агайындар" кыймылы. Көп өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Катар менен анын коңшулары ортосундагы мамиле "Араб жазынан" кийин өзгөчө курчуп кетти. Толкундоолор араб дүйнөсүн кучагына алды. Каршылык жүрүшүнө чыккандардын көбү исламдашуу идеясын колдоп, Египеттеги президенттик шайлоодо "Мусулман агайындардын" талапкери жеңишке жетишкен. Тунисте исламчыл "Кайра жаралуу" партиясы шайлоону утуп чыгат.
Катар - Перс булуңундагы саясий исламды жана "Мусулман агайындарды" колдогон жалгыз монархия. Андан сырткары көпчүлүк талдоочулар "Араб жазынын" масштабына катарлык "Аль-Жазира" телеканалынын ролу дагы чоң болгонун белгилеп жүрүшөт.
Катар коңшулары менен тил табышканы менен алар региондогу чыр-чатактын эки тарабында кала берүүдө. Анын ичинде Ливиядагы жарандык согушта.(AbA)












