Британия: коронавирустун мутацияланган дагы бир жаңы түрү

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library
Британияда коронавирустун мутацияланган дагы бир жаңы түрү аныкталды. Түштүк Африка республикасынан келген жаңы вирус-мутант эки кишиден аныкталды. Англиянын бир нече аймагында 26-декабрдан тарта катаал карантин чаралары киргизилүүдө.
Локдаун бир нече аймакка, анын ичинде Лондонго кирет деди саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок. Анын айтымында, мындай чечим коронавирустун мутацияланган жаңы түрү өтө тездик менен жайылып жаткандан улам кабыл алынды.
Ишембиде Британияда Boxing Day белгиленет, мындайча айтканда Рождество алдындагы "Белектер күнү". Көптөр бул күндү достору жана жакындары менен тосууну пландаган.
"2020-жыл баарыбыз үчүн өтө оор жыл болду. Бирок биз бошошуп калбашыбыз керек",-деди Хэнкок.
Вирус кандай өзгөрүлүп жатканын билүү үчүн окумуштуулар генетикалык өзгөчөлүгүн аныкташы зарыл. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Британияда көптөгөн изилдөөлөр жүрүп жаткандыктан, буга чейин эле вирустун жаңы түрүн биринчилерден болуп аныкташкан. Түштүк Африкадагы мутацияланган вирус Британияда аныкталган вирустун жаңы түрү менен эч байланышы жок деп айтылып жаткан эле. Бирок вирустун бул түрү дагы Британияга жетип келди. Саламаттыкты сактоо министри буга чейин Түштүк Африка республикасында табылган вирустун жаңы түрү Британия аймагында аныкталганын кабарлады.
"Бул вирус тездик менен жугат жана мурдагыдан дагы көбүрөөк мутацияланган",-деди ал.
Британия боюнча Түштүк Африкадан келген эки гана кишиден вирус аныкталды. Буга байланыштуу аталган өлкөгө барууга чектөө киргизилип, ал жактан кайтып келгендер карантинде кармала турган болду.

Сүрөттүн булагы, EPA
Вирустун жаңы түрү катталгандан улам өткөн апта соңунда көп өлкөлөр Британия менен карым-катнашын убактылуу токтоткон. Франциянын бийлиги чек арадан өтө албай туруп калган жүк тарткан унааларга уруксат берди. Бирок айдоочулар тесттен өтүп, коронавирус жок экенин аныкталган соң гана өткөрүлөт деген шарт койду. Дувр портунда экспресс-тест борбору иштей баштады. Ал жерде биринчи эле күнү узун кезек жаралып, чыр чыгып кетти.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Континентке Франция менен Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандары гана кайтып кете алат. Дуврда кармалып калган айдоочулардын көбү Чыгыш Европага сапар алышкан.
"Биз аябай чарчадык. Унаанын ичинен чыкпай эле жатабыз, анан калса тамак-ашыбыз да чектелүү эле",-деди Би-Би-Сиге маек берген айдоочулардын бири.
Шейшембиде кечинде бир катар ыктыярчылар аларга тамак-аш алып келип беришти.














