Социал-демократтар менен либерал-демократтар бирикти

Сүрөттүн булагы, Social Media
Кыргызстанда алты саясий уюм бир кыймылга бирикти. "Жаңы дем" деп аталган кыймылга кошулган партиялардын арасында "Ата мекен", "Ак Шумкар", "КЛДП" партиялары жана социал-демократтар партиясынан бөлүнгөн бир топ, экологиялык эки уюм бар.
Аталган саясий күчтөр бүгүн стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту. Анда саясий бирикме шайлоо алдындагы эле биригүү эмес экендиги, анын узак мөөнөттүү максаттары бар экени айтылат.
«Негизги максатыбыз келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана жаңы күч катары элибиздин ишенимине ээ болуу. Биз «Жаңы дем» деген ураан алдында бириктик жана Кыргызстаныбызга жаңы дем болчу саясий күчтөрдүн жаңыланышын максат кылабыз. Биз бардык саясий партиялар, жарандык коом өкүлдөрү менен конструктивдүү кызматташууга даярбыз жана мекендин келечегине кайдыгер карабаган жарандарды өз катарыбызга чакырабыз», — деп айтылат документте.
Бул өлкөдө күзүндө өтө турган парламенттик шайлоонун алдында болуп жаткан саясий эң чоң биригүү болуп саналат. "Ата Мекен", "Ак Шумкар" партиялары мурдатан келаткан партиялар, либерал-социалдык партия түзүлгөнүнө жарым жыл боло элек. Ал эми Рыскелди Момбеков баштаган социал-демократтар тобу эки үчкө ыдырап бөлүнүп кеткен КСДПнын өзүнчө бир калдыгы. Калган эки топ экологиялык кыймыл деңгээлинде иштеп келаткан уюмдар.
Бул окуяны Кыргызстан либерал-демократиялык партиясынын теңтөрагаларынын бири Сейтек Качкынбай "социал-демократтар менен либерал-демократтардын биригүүсү" деп атады:
"Бизди бириктирген 70% негизинен окшош идеологиябыз. Адам укугу, демократия сыяктуу либералдык баалуулуктар. Экинчи себеби, реалист болуш керек, алдыдагы шайлоого күчтөр биригип чыкпаса, ара жолдо калып кетиши мүмкүн. Азыр жети пайыз дегенде жок эле дегенде 140 миң добуш алып келиш керек. Биз реалдуу күчтөрдү санап көрүп, бириксек тобокелдик азайчудай".
Жаңы түзүлгөн кыймыл шайлоого бир саясий тизме менен барат. Тизмени либерал-социалдык партиянын лидери баштап чыгат. "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен "Ак Шумкардын" лидери Темир Сариев жаш партиянын лидерлеринен жол талашкан жок.
"Кыргыз социал-демократиялык партиянын лидерлиги алдында кетмей болуп атабыз. Текебаев лидерликти талашпайт, тажрыйбамды бөлүшүп, алысыраак эле турам деп жатат",-деди Сейтек Качкынбай.
Саясий биригүүлөр ушуну менен токтоп калбайт. Алардын айтымында дагы үч ири саясий күч менен биригүү жөнүндө сүйлөшүүлөр болуп жатат.











