А. Амребаев: Чоң көйгөйлөр менен сыноолор али алдыда

Сүрөттүн булагы, RUSLAN PRYANIKOV
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Бишкекте БУУнун Борбордук Азиядагы тынчтыкты куруу, коркунучтарды жоюу боюнча регионалдык экперттердин эки күндүк кеңешмеси өттү. Региондогу өлкөлөр 1990-жылдары эгемендик алган отуз жылдан бери ар кандай саясий, социалдык катаклизмдерди баштан өткөрдү. Азыркы убакта дагы коррупция, адам укуктарынын бузулушу, гендердик зомбулук, жумушсуздук, жакырчылык, этникалык кастык сыяктуу толук чечиле элек курч көйгөйлөр бар.

Сүрөттүн булагы, facebook
Би-Би-Си казакстандык эксперт, Политология жана эл аралык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Айдар Амребаев менен маектешип, Казакстандагы жакында казактар менен дунгандардын ортосунда болгон этникалык жаңжалдын жана башка элдик каршылык митингилеринин саясий-социалдык себептерин сурады.
А. Амребаев: Менин оюмча бул советтик саясаттан калган рецидивдердин бири. Америкалык изилдөөчү Марлен Ляруэлдун аныктамасы боюнча биз Борбордук Азия региону жаңы доорго өтүп жатабыз, пост-постсоветтик доорго. Чырдап-ырылдашкан бөлүнүү, ажырашуунун постсоветтик доору аяктап жатат. Бизге жаңы улуттук күн тартибин түзүү керек. Мына ушул жерде улуттук күн тартиби менен постсоветтик реалдуулуктун ортосунда карама-каршылык келип чыгууда.
Биздин ѳткѳн доордо катуу идеологиялык кысым алдында жашап келдик, таңууланган элдердин достугу, кандай гана болбосун, өзүнө зыян болсо да достошуу керек деген талап бар эле. Азыр болсо кеп кандайдыр эпке-кепке келүү, бир мунаса сызыктарын табуу керектиги жөнүндө болуп жатат. Бул жерде жергиликтүү казак коомунан да, мамлекеттик органдардан да, ошондой эле дунган жамаатынан да кетпей койгон жок. Масанчи кыштагы өзүнчө эле анклав аймак болуп калган, өзүнчѳ эле мамлекеттеги мамлекет болчу. Унитардык мамлекетте мындай болууга тийиш эмес.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO
Мамлекет өлкөдө бекем интеграциянын тартибин түзүшү керек, бул жерде эч ким басмырланбаш керек, бирөөнүн беделин түшүрүүгѳ, ѳз тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн басууга жол берилбеш керек. Бардык мүмкүнчүлүктөр болууга тийиш. Бирок ар ким өзүн ошол өлкөнүн жараны катары сезиши керек. Улуттук иденттүүлүккө өзүнүн таандык экенин билиши керек. Нарк-дөөлөттөргө, тил, каада-салттарга аралашып ортоктош болуп, өлкөнүн мыйзамдарын урматташы абзел.
"Эр чекишпей, бекишпейт" дегендей, кээде ушундай катуу сөз керек. Албетте, мен талкалоо, талап- тоноо, кан төгүүнү жактап аткан жокмун. Бул жерде өз ара боор тарткан мамиле керек, бул жактан да, тигил жактан да кол сунган аракеттер керек.
Би-Би-Си: Соңку убакта Казакстанда кытайларга каршы курчуган маанай байкалат. Кытайлар кетсин, кирбесин деген каршылык жыйындары да болду. Бул синофобиянын себептерин эмнеден көрүп турасыз?
А. Амребаев: Кандай гана фобия болбосун, ал ар кандай конфронтациянын, акыры түбү конфликттин себеби эмеспи. Азыркы убакта биздин Борбордук Азия регионундагы өлкөлөрдүн турмушунда Кытайдын ролу барган сайын күчөп жатат. Элдин аң-сезиминде бул факторду ар ким ар кандай чечмелеп атат. Кытайдын таасирин оң жагынан, конструктивдүү кабыл жаткан элдин катмары бар. Иш тапкандар, бизнестин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алгандар бар дегендей. Ошол эле убакта инвестиция, жаңы объекттердин курулушу сыяктуу экономикалык пайдадан сыртта, ѳзүнчѳ обочодо калгандар бар. Ошондуктан бул фактордун маанисин аша чаап күчөтүп же аны азайтып көрсөтүштүн да кереги жок. Бул жерде мамлекеттик органдардын, абройлуу бизнестин позициясы абдан маанилүү, Кытайдан болуп жаткан таасирди алар акыйкат, туура аныктай алат.
Эгер Кыргызстанда ала турган болсок, мисалы Нарын областындагы логистикалык борборго байланышкан каршылык кырдаалды карасак, ал экономикалык жагынан негиздүү эле долбоор болчу. Технократиялык жагынан карасак. Экинчи жагынан алганда, ал жергиликтүү элдин маданий аң-сезимине гармониялык түрдө кириши керек эле. Бирок бул жерде абдан чоң ажырым, проблема бар экени кѳрүнүп калды. Тарыхый стереотиптер болуп жатат, эл ичинде кандайдыр бир кооптонуу бар. Ошондуктан эл аралык абройлуу уюмдар тарабынан абдан кеңири түшүндүрүү иштери жүрүшү зарыл. Тигил же бул долбоордун пайда-зыянын ылгап түшүндүрүш керек.
Ар бир долбоорго деталдуу караган туура. Кылыч көтөрүп, шарт чаап сала турган иш эмес бул. Кыргыздар тоолук эл эмеспи, бул жагынан өзүнчө мүнөзү бар, а биз бул жагынан бир топ ойлонуп иш кылабыз. Ошондой болсо да Казакстанда да синофобиянын деңгээли чоң болуп жатат. Анын баары тигил же бул долбоордун адекваттуу кабыл алынбай жатканы менен байланыштуу. Бул жерде терең изилдөөлөр керек. Мен бул жерде силердин эң мыкты китаист Муратбек Иманалиевдин сөзү менен толук макулмун. Кытайды жакшы таануу боюнча Борбордук Азияда биз координацияланган иш алып барышыбыз керек. Кандай болгон күндѳ да, биз ким менен иш кылып жатканыбызды, аны менен мамиле куруп, өнүгөбүзбү же жокпу, кандай зыяны болбой койбойт, аны билишибиз керек. Канткен менен ал кубаттуу кошунабыз. Аны менен иштешкендин жолун таап үйрөнүшүбүз зарыл.

Сүрөттүн булагы, RUSLAN PRYANIKOV
Би-Би-Си: Казакстанда элди социалдык жагынан караганга Кыргызстанга караганда мүмкүнчүлүк көп деп ойлойбуз, мамлекет бай, жумуш орун кѳп, эмгек акы чоӊ, пенсия-пособия жетиштүү. Бирок маал-маалы менен чоң шаарларда бийликке каршы маанайда митингдер болуп жатат. Бул жерде кѳбүнчѳ саясат болуп жатабы же социалдык көйгөйлөрбү?
А. Амребаев: Көп жылдар бою биздин өлкөдө эң оболу экономика, андан кийин анан саясат деген мамиле менен жашап келдик. Мен адискөй философ катары муну бир медалдын эки бети деп айтмакмын. Аларды чогуу гармониялык түрдө өнүгүшү керек. Саясий, социалдык жана маданий иденттүүлүктүн чечилбеген көп маселелери бар, ошондон экономикалык өзөк курчуп жаткандай. Азыркы убакта мунай согушунун башталганына байланыштуу биз Казакстанда жакынкы аралыкта социалдык-экономикалык чөйрөдө абдан олуттуу көйгөйлөргө туш болобуз деп ойлойм. Тамак-ашка, биринчи кезектеги керектелүүчү товарларга болгон баалар болуп көрбөгөндөй өсүшү мүмкүндүгү жөнүндө айтым жатам. Бул биринчи кезекте агросекторго тийиштүү болот.
Айтор, негизги көйгөйлөр менен сыноолор али алдыда. Мындай шартта мамлекет менен коомдун гармониялык коммуникациясы абдан маанилүү. Биздин экинчи президентибиз коомдук ишенимдин улуттук кеңешин түзүүнү демилгелеп жатканынын себеби да ушул жакта, андагы башкы максат адекваттуу коммуникация түзүүгѳ жетишүү, биздин казак мамлекети элге чыныгы кулак салган мамлекет болушу керек. Биз муну канчалык эффективдүү ишке ашыра алабыз, аны көрө жатарбыз, убакыт көрсөтөт.












