Ливиядагы чыңалуу: Батыш өлкөлөрү жарандарын эвакуациялады
Ливиядагы кагылышуудан өкмөттүк күчтөр жоготууга учурады. Өкмөттүк булак 32 киши мүрт кетип, 50 киши жаракат алганын кабарлады.
Хафтардын күчтөрү 14 аскерин жоготконун билдирген эле.
Бейшембиде фелдмаршал Халифа Хафтардын башкаруусу алдында Ливиянын улуттук армиясы Триполинин түштүк жана батыш тарабынан бастырып кирген. Ишембиде өкмөттүк күчтөр баш калаанын түштүгүнөн 50 чакырым алыстыктагы аймакка аба чабуулун жасады.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Баш калаанын тургундары чабуул шаардын борбордук бөлүгүнө жылганын билдирүүдө.
Ливиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жекшембидеги шаардын түштүк тарабында болгон ок атышуудан 11 киши мүрт кетип, 23 киши жаракат алганын айтты.
Бириккен Улуттар Уюму жекшембиде Триполинин түштүгүндө ок атышууну эки саатка токтотуп, жайкын тургундардын жана жарадарларды чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган.
АКШнын Африкадагы куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу Ливиядагы америкалык аскер күчтөрүн убактылуу чыгаруу чечими кабыл алынганын жарыялады.

Сүрөттүн булагы, EPA
Башка өлкөлөр жана уюмдар дагы өздөрүнүн кызматкерлерин эвакуациялап жатат.
"Ливиядагы түзүлгөн татаал абал кайсы жагына өзгөрөрүн айтуу кыйын",-деди америкалык аскерлердин аймактагы кол башчысы генерал Томас Волдхаузер.
Эл аралык коомчулук тааныган өкмөттүн жетекчиси Фаиз Сарадж ишембидеги теле аркылуу кайрылуусунда, генерал Хафтарды чыккынчылык жана мамлекеттик төңкөрүш үчүн айыптады. Өкмөт тынчтыкка жетүү максаты менен кол сунду, бирок Хафтар күчкө салып жатат деди ал.

Сүрөттүн булагы, AFP
Хафтардын аскерлери аба майданды жана бир катар маанилүү обьектилерди басып алууга умутулууда. Анын ичинде улуттук банкты, мамлекеттик телеканал бар.

Сүрөттүн булагы, AFP
Триполини коргоо үчүн өкмөттүк күчтөр жана аларды колдогон кошуундар тартылууда. Муаммар Каддафи бийликтен сүрүлгөндөн кийин Ливия чачыранды болуп кетти. Өлкөдө бир нече аскерлешкен топтор аракеттенүүдө.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, Reuters
Халифа Хафтар деген ким?

Сүрөттүн булагы, AFP
Халифа Хафтар Ливиянын аскердик жана саясый турмушуна 40 жылдан бери активдүү катышып келүүдө. 1969-жылы Муаммар Каддафи уюштурган аскердик төңкөрүштүн катышуучусу болгон.
1980-жылдары Хафтар Чад-Ливия жаңжалына катышкан. 1987-жылы Хафтар кол башчылык кылган Ливиянын армиясы жеңилүүгө учурап, генерал туткунга түшкөн.
Каддафи аны операцияны үзгүлтүккө учуратканы үчүн айыптап, камакка алган. Түрмөдөн чыккандан кийин Хафтар АКШга кетип калып, 20 жылдык өмүрүн Каддафи менен күрөшкө арнады.

Сүрөттүн булагы, Reuters
2011-жылы өлкөдө көтөрүлүш башталганда Хафтар кайтып келип, өлкө чыгышындагы көтөрүлүшчүлөрдү башкарган. (AbA)
*











