Соода согушу: Кытай менен АКШ мунаса таба алабы?

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty
Вашингтондо АКШ менен Кытайдын расмийлери соода тармагындагы пикир келишпестиктер боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын баштады.
Ноябрдын этегинде "Чоң жыйырмалык" саммитинин алкагында эки державанын лидерлери 90 күнгө бажы төлөмдөрдү көтөрбөөгө макул болушкан. Эми эки мамлекет 1-мартка чейин мунаса табышы керек.
Бирок талдоочулардын пикиринде, Huawei компаниясынын тегерегиндеги чууну эске алганда, Бээжин менен Вашингтон белгиленген мөөнөткө чейин келишимди бузушу мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ прокурорлору Huawei компаниясы T-Mobile иштеп чыккан "Таппи" аттуу роботту көчүрүп алууну көздөгөнүн маалымдады. Юстиция министрлигинин айтымында, кытайлык компаниянын өкүлдөрү T-Mobile компаниясынын заводунан роботтун бир бөлүгүн уурдап чыкканга да жетишкен.
АКШ бир нече жылдан бери Huawei компаниясына каршы далилдерди топтоп келди. Алардын пикиринде, кытайлык компания Бээжиндин буйругун аткарып, технология жаатында уурулук кылып келген. Huawei болсо мындай дооматтарды четке кагууда.

Сүрөттүн булагы, AFP
Huawei соңку жылдары Кытайдын улуттук символуна айланды. Бул компания телекоммуникация тармагында дүйнөнү багындырууга жетишти. Ошондой эле алар Apple компаниясына салыштырмалуу көбүрөөк уюлдук телефон сатып, 5G технологиясында чоң жылыштарды жасады.
Бээжиндин айтымында, дал ушул себептен АКШ Huawei компаниясын кысымга алууда.
1-мартка чейин мунаса табылбаса, АКШ Кытайдан импорттолгон товарларга бажы тарифтерин 10 пайыздан 25 пайызга көтөрөт. Президент Трамп 257 миллиард долларга тете товарга бажы төлөмдөрүн жогорулатам деп коркуткан болчу.
Өткөн жылы дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ болгон бул өлкөлөр ортосунда 600 млрд доллар көлөмүндөгү сооданын талашы ырбап кетти.
АКШнын лидери Трамп "соода тармагындагы мазактоого мындан ары чыдай албайбыз. Биз ага жол бербейбиз" деп кайрылуу жасаганына бир ай өткөндөн кийин, Вашингтон Кытайдын 3 миллиард доллар импортуна олчойгон салык салып, Бээжиндин реакциясын байкап көрдү. Кытайдын жообу дагы АКШдан кем болгон жок.
Дональд Трамп АКШ-Кытай ортосундагы соода дефицитин азайтууну көздөйт. АКШ жылына 500 млрд долларга кытай товарларын сатып алат, ал эми Кытайдын өзүнө кайра сатканы 130 млрд долларды түзөт. Трамп мындай чоң айырма кытай бийлигинин өздөрүнүн экономикасын катуу кармаган "уятсыз саясатынын" айынан болуп жатат деген пикирде.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай жетекчиси үчүн бул талашта жемин жедирип жиберүү - намыстын эле иши эмес, он жылдыктын эң ири долбоору болгон "Made in China 2025 стратегиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Бул долбоорго ылайык, Кытай роботтехника менен таза энергиядан баштап жогорку технологиянын он орчундуу тармагында Батышты кууп жетейин деп келет. Америкалык технология менен кооперациясыз бул ишти аткаруу кыйын болот.
Вашингтон менен Бээжин өздөрү соода согушун каалабай турганын айтууда. Экономисттердин эсебинде, эрегиштин айынан АКШда экономикалык өсүш болжолдуу түрдө 0,5% басаңдайт, Кытай да мындан соо калбайт.
Америкалык бизнес-бирикмелер биринин артынан бири тарифтерди көтөрүү жумуш орундарынын кыскарышына, баалардын өсүшүнө алып келерин эскертип жатышат.
Эркин сооданын жаңы доору башталабы?
2019-жылы Европа жана Азия чөлкөмүндө эркин сооданы колдогон аракеттер күчөйт деп жоромолдонууда.
Жаңы жылда эки ири келишим күчүнө кирет. Ага ылайык, дүйнөнүн чоң экономикалары эч тоскоолдуксуз соода жүргүзөт. Бирок бул келишимдерге дүйнөнүн эки ири экономикасы - АКШ менен Кытай кошулган эмес.
Вашингтон Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнөн (TPP) чыгып кеткенден кийин, ал Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнүн ар тараптуу жана прогрессидүү келишимине (CPTPP) айланган. Келишимге 11 мамлекет кол койгон. Анын ичинде Австралия, Жапония, Канада, Мексика жана Сингапур дагы бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
CPTPP келишими 500 миллион калкы бар аймакты камтыйт жана бажы төлөмдөрүнүн 95 пайызы толугу менен алынат. Бул келишим Австралия, Канада, Жапония, Мексика, Жаңы Зеландия жана Сингапурда эмитен эле күчүнө кирди.
Андан тышкары Европа Биримдиги менен Жапониянын ортосундагы эркин соода келишими 1-февралда күчүнө кирет.
2013-жылдан бери сүйлөшүүлөр аркылуу жетишилген келишим 600 миллион калкы бар аймакты камтыйт. Келишимде эркин соодадан тышкары, климаттык өзгөрүүнү эске алып өнүгүү жолдору дагы каралган.
Дүйнөнүн үчүнчү ири экономикага ээ болгон Жапония эки келишимге кошулганы көптөрдү кубандырууда.
Серепчилердин айтымында, жаңы эркин соода келишимин бизнес тармагы жылуу кабыл алышты жана бажы төлөмдөр жок болгондуктан дароо жеңилдиктерди сезишти. (AT)










