Эмне үчүн Пакистан жашыруун маалыматтарын АКШ менен бөлүшүүдөн баш тартты?

Сүрөттүн булагы, AFP
- Author, M. Ильяс Хан
- Role, Би-си-си, Исламабад
Пакистандын Коргоо министри Хуррам Дастгир Хан АКШ менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү токтотуу тууралуу буйрук бергенин жарыялады. Бул канчалык маанилүү?
Вашингтон менен Исламабаддын мамилеси АКШ президенти Дональд Трамптын Пакистанды "калп жана алдамчылык" боюнча айыптоосунан кийин дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда турууда.
Мындай пикир Трамптын 1-январдагы биринчи твитинде айтылган. Ошондон бери Вашингтон Пакистанга коопсуздук жаатындагы колдоо көрсөтүүнү токтотуу тууралуу жарыялады.
Пакистандык саясатчылар буга тынчсыздануусун билдиргенге шашылды. Тышкы иштер министри өлкөлөр союздаш болбой калганын айтты.
Бирок мындай пикирлерге карабастан, иш жүзүндө эки тарап тең болуп жаткан окуяларга этияттык менен мамиле кылып жатат.
Америкалык чиновниктер коопсуздук боюнча жардамдын токтотулганын убактылуу экенин, Пакистан тараптын өлчөмүнө жараша, конкреттүү учурларда терроризм менен күрөшүү үчүн Исламабад короткон каражаттын орду толтурула турганын айтты.
Ошол эле учурда көптөр Хандын билдирүүсү көбүрөөк символикалык мүнөздө болгонун түшүнүп турат. Пакистан соңку жылдары ансыз деле АКШ менен бөлүшүп келген чалгын маалыматтарын кыскарткан.
Кызыкчылыктардын кагылышы
АКШ менен Пакистан 1950-жылдардын башында союздаш болгон. Анда америкалыктар Исламабадга экономикалык жардам көрсөтүп, коопсуздук жаатында кызматташып баштаган.
1959-1970-жылдар аралыгында Пакистан Пешаварга жакын жерде Борбордук чалгын кызматынын базасын түзгөн. Бул жерде Советтер союзунан келген радио кабарларды кармап, угуп турган.
1980-жылдары Ооганстандагы согуштун жүрүшүндө эки өлкөнүн байланышы тыгыз болгон.

Сүрөттүн булагы, EPA
Бирок 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы кол салуудан кийин эки өлкөнүн ортосунда кызыкчылыктар кагылышы орун алды. Америкалыктар Ооганстанга аскердик таасирин күчөтүүдө Пакистанды колдонду.
Келишим боюнча АКШ чалгындоо үчүн технологияны - угуучу каражаттар, учкучу жок учуучу аппараттарды колдонсо, Пакистан тарап кишилер аркылуу чалгын маалыматтарын жыйнаган.
Келишимдин баалулугу мында эле, АКШнын негизиги каршылашы болгон исламчыл согушкерлер Пакистандын түндүк-батыш райондорундагы чек аралаш аймактарда болуп, пакистандык көмөк аркылуу гана аларды жеңүүгө мүмкүн эле.
Бул жердеги келип чыккан негизги маселе - Пакистан 1980-жылдары Ооганстанга индиялык таасир үчүн күрөштө бул топторду колдонууну үйрөнгөн. Ошондуктан пакистандык бийлик бул баалуу инструментин жоготууну каалаган эмес.

Сүрөттүн булагы, AFP
Мындай жол менен Пакистан коомчулуктун алдында АКШ башында турган коалициянын Ооганстандагы иш аракетин колдой турганын айтып, иш жүзүндө бул топтор пакистандык чек араны кесип өтүп, Ооганстан менен чек арага жакын уруулар жашаган райондордо тамырлашына шарт түзгөн.
Деген менен пакистандыктар уруулар жашаган аймагында "Аль-Каиданын" лидерлерин жок кылуу жана кармоого АКШга чыны менен маалымат берип, көмөк көрсөткөн. Бирок Пакистан Ооганстандагы өзүнүн ишенимдүү кишилери катары колдонгон "Талибандын" бир дагы лидери кармалган эмес.
"Талибан" менен маселе
Жалгыз гана мындай учур 2010-жылы талибдердин негизги командири Молдо Бирадардын кармалышы болуп калды. Бирок көптөр Бирадардын жок кылынышында пакистандык таасирдүү чөйрөнүн колу болгон деп эсептейт.
Анткени ал акырындык менен Индияга жакындап жаткан ооган өкмөтү менен жашыруун тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн деп айтылат.
Пакистан АКШга пакистандык талибдер деп аталып жүргөн кыймылдардын бир катар командирлерине - Байтуллах Махсуд жана башкаларына сокку урууга жардам берген.
Анткени бул топтор 2007-жылы Исламабаддагы Кызыл мечитке кол салуу болгондон кийин Пакистан өкмөтүнө каршы чыккан.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
2014-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама Ооганстандагы аскерлердин санын кыскартуу тууралуу жарыялагандан кийин, Пакистан чек арадагы коопсуздукту сактоо үчүн уруулар жашаган аймактарында тазалоо операцияларын жүргүздү.
Пакистан өзүнүн кызыкчылыктарына коркунуч жаратат делген күчтөрдү Ооганстан менен чек арадан ары сүрүп чыгарды. «Достук манайдагы элементтерге» тийишкен эмес. Пакистандагы ири шаарларда - Кветта, Пешавар, Карачи, ал тургай Исламабаддын өзүндө талибдердин таасирдүү командирлерин көрүүгө болот.
Бул кырдаалдан алганда, АКШ пакистандык чалгынчылар тарабынан кандайдыр бир баалуу маалыматтарды алууну эсепке албай деле койсо болот. Ошол эле учурда эки тараптын тең кызыкчылыгына төп келген маалымат болсо дароо кубануу менен бөлүшөт.
Пакистан АКШга чыны менен кыйынчылык жарат турган жол - Ооганстанга өткөн кургактагы жолдордун жабылып калышы болор эле. Бирок азырынча Исламабад бул тууралуу эч кандай ишарат да берген жок.
Мындан дагы кооптуу жагдайды эксперттер Пакистан АКШда келип жаткан жүктөрдүн транзиттик бажы төлөмүн көбөйтүшү мүмкүндүгүн айтып жатышат.
("Аль-Каида" жана "Талибан" кыймылдары көп өлкөлөрдө , анын ичиндеКыргызстанда террористик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюусалынган).








