Кош бойлуулукту аныктаган бака

A Xenopus Laevis frog

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1930-1970-жылдары баканын жардамы менен аялдын боюнда бар же жогу текшерилген

Африкалык тырмактуу бакага (же Xenopus бакасына) миллиондогон жылдар бою эч ким көңүл бурган эмес. 1930-жылдары бул түрдөгү бакаларга өзгөчө көңүл бурулду.

Көрсө, британиялык окумуштуу бакага ийне менен зара сайып көрүптүр. Белгилүү зоолог Ланселот Хогбен жаныбарларга ар түрдүү заттарды ийне менен сайып, алардын реакциясына байкоо жүргүзчү. Окумуштуу гормондордун жаныбарларга таасирин изилдеген.

Эксперименттердин биринде, окумуштуу кош бойлуу аялдын зарасындагы гормондор баканы жумуртка туудурганын кокусунан байкап калган.

Lab filled with jars of toads awaiting pregnancy test

Сүрөттүн булагы, Novartis AG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бака аялдын боюнда бар экенин так аныктагандыктан, жыйырма жыл бою он миңдеген бакалар тест катары колдонулган

Маурин Симонз 1960-жылдары Xenopus тесттен өткөнүн эстеди.

"Эсимден эч качан кетпейт. Ак халат кийген дарыгер сүйүнүп келип, "бака жумуртка тууду, сенин боюңда бар" деп кыйкырганын",-деди Маурин.

A cluster of millimetre-sized, black-and-white frog eggs

Сүрөттүн булагы, Novartis AG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абдан жөнөкөй тест, ургаачы бакага ийне менен зара сайылат, эгерде ал 5-12 сааттын ичинде жумуртка тууса, аялдын боюнда бар

Xenopus тесттер жалпыга жайылган эмес. Бакалар өзгөчө кырдаалдарда гана колдонулган. Маселен, дарыгерлер бул жаныбарды аялдын курсагында түйүлдүк же шишик экенин аныктоо үчүн колдонушкан.

Мауриндин боюнан эки жолу түшүп калган. Xenopus бакалары гана анын кош бойлуу экенин так айтып берген.

"Кызык эле, ушундай ыкма бар болгонуна шүгүр",-дейт Маурин.

Three female scientists in white lab coats smiling in front of some test tubes, one of them is injecting something into a test tube
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Xenopus тесттеринин атагы чыгып, кош бойлуулукту текшерген атайын лабораторийлер ачылган

Медицинанын тарыхын иликтеп жүргөн Жессе Олзинко-Гриндин айтымында, бака менен кош бойлуулукту текшерүү ыкмасы азыркы тесттерден эч айырмаланбайт. Бир гана учурда тесттерге болгон көз караш өзгөрдү.

"Таң калууга себеп жок. 1930-жылдары тест тапшырганын эч ким ачык айтчу эмес. Гезиттерде "кош бойлуу" деген сөз колдонулчу эмес. Ал биологияга байланышы бар болгондуктан, мындай сөздөр сөгүнгөндөй эле кабыл алынган".

Баканын жардамы менен кош бойлуулукту текшерген тесттерге карата көз караш өзгөрдү дейт тарыхчы.

A booklet with information about using frogs in pregnancy tests

Сүрөттүн булагы, BBC Ideas

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учурда колдонулган ыкма 1990-жылдары гана кеңири жайыла баштаган

"Аялдардын боюнда бар экенин тест аркылуу текшерүү азыркы доордун маданиятына айланды. Учурда кош бойлуу, көз жаруу ачык эле айтылат",-дейт тарыхчы Жессе Олзинко-Грин.

1970-жылдары кош бойлуулукту текшерүү үчүн жаңы ыкмалар пайда болгондон кийин гана, бул бакалар лабораторийден жаратылышка бошотулду окшойт.

Видеонун оригиналын англис тилинде BBC Ideas баракчасынан көрүңүз.

BBC Ideas logo