"Өнүгүү стратегиябыз даяр": Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, өлкөнүн калкына кайрылуу сөз менен чыгып сүйлөдү. Мамлекет башчы өзүнүн сөзүндө өлкөнүн экономикасын "эңшерилген", "казынан түбү түшкөн" деп белгилеп, кризистен чыгуу үчүн зарыл болгон биринчи кезектеги экономикалык, укуктук маанилүү чараларды атады.
Эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынган 5-Майда ошентип жаңы Конституция ишке кирди. Бул долбоор 11-апрелде болгон референдумда көпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынган эле.
Президент жаңы Конституцияга кол коердун алдында өлкөнүн түштүк чек арасына Тажикстан тараптан кол салуу болуп, 36 адам курман болду, 170 тен ашык адам жарадар болду, чек арага чектеш айылдар талап-тоноого учурады, жүздөй үй өрттөлдү.
Президент Баткендеги чек араны чырмаган чыр-чатактын чоо жайына токтолгон жок, бирок анын кесепеттерин жоюу боюнча аткарыла турган иштерди айта кетти. Тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала турган армия жана чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын камсыз кылган „элдик кошуундар" түзүлөрүн билдирди.

Сүрөттүн булагы, official
Кайрылууда Кыргызстандын тышкы саясаттагы негизги багыттары жөнүндө күтүүсүз эчтеке болгон жок:
"Бүгүнкү күндөгү алдыңкы жана конкреттүү тышкы саясат долбоору саналган Евразия экономикалык биримдиги менен кызматташууну тереңдетебиз. Биз эки тараптуу форматта, мамлекет башчыларынын Борбор Азиядагы жолугушууларынын, ошондой эле 5+1 форматтарынын алкагында иш алып барабыз деген ойдобуз".
Садыр Жапаров бүгүнкү кайрылууда айтылган сунуштар менен көрсөтмөлөрдүн баары президенттин өнүктүрүү стратегиясында каралганын билдирди.
"Өнүгүү стратегиябыз даяр. Мен аны министрлер кабинетине тапшырам, министрлер кабинети стратегияны ишке ашыруу программасын саналуу күндөрдө Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет".
Жаңы Конституция боюнча президент өкмөттү да өзү башкарат, ошондуктан өкмөт менен президент аппараты биригет. Аткаруу бийлигинде төрт багытта башкаруу блогу боло турганы айтылды. Министрлер Кабинети, Коопсуздук Кеңеши иштейт. Туруктуу Өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жана анын катчылыгы стратегиялык маселелер, ири инвестициялык долбоорлор, реформаларды даярдоо жана ишке ашыруу менен алектенет. Ошондой эле улуттук маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү, кыргыз коомунун кайра идентификациялоо багытында мамлекеттик катчы иш алып барат.
Садыр Жапаров көптөн бери айтылып келип, акыры көп талаш-талкуу менен Баш мыйзамга киргизилген элдик курултай институтунун маанисине да токтоло кетти.
"Биз „табигый башкаруу", „улутубуздун табиятына жараша башкаруу" концепциясын киргизебиз. Анын негизги жобосу — ар кандай чечим кабыл алуудан мурда жарандардын кызыкчылыктарын алдын-ала макулдашып алуу. Дал ушул себептен улам биз Конституцияга Курултай институтун киргиздик",-деди президент.
Президент өзү жыл сайын элдик курултайдын алдында аткарылган иштер жөнүндө отчет берип туруу ниети бар экенин айтты.
Президенттик башкаруу
Ошентип президент жаңы Конституцияга кол коюп, өнүгүүнүн жаңы барагын баштап отурган учур дүйнөдө пандемия күчөп, экономикалык кризис курчуп турган маалга туш келди.
Экинчи жагынан түштүк жактагы чек араларын чыр-чатак чырмап, чек арага чектеш айылдар бүлүнүп, кан төгүүгө алып келген окуялар жаңы бийликтин көп каталыктарын ашкере кылып койду.
Ошондуктан Садыр Жапаровдун алдында өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо үчүн түштүктөгү коңшулар менен чек ара чатагын курчутпай, акылга салып чечүү милдети турат.
Парламенттик шайлоону таза өткөрүү, коррупцияны ооздуктоо, улуттук ынтымакты чындоо андан да кем эмес мааниге ээ. Бул максаттын өтөсүнө чыгуу үчүн кыргыз бийлигин тушаган илдеттерден арылтышы керек дешет.
"Президент мойнунда зор жоопкерчилик турганын сезип жатат жана ал мурдакы президенттер чалынган каталыктарга жол бербеши керек: булар непотизм, ыкшоолук, жоопкерсиздик, коррупция. Садыр Жапаров кандай элди, кандай өлкөнү башкарып жатканын да унутпашы керек. Кыргыз эли акыйкатсыздыкка, өкүмзордукка чыдабайт, бийликтен куулган мурунку үч президенттин тагдыры, бирөөсүнүн түрмөдө отурганы мунун кашкайган күбөсү. Бийлик кош миздүү кылыч экенин, аны туура кармабаган адамдын кайра өз башына чабыларын унутпашы керек",- дейт коомдук ишмер Мүсүркүл Кабылбеков.
Жаңы Конституция боюнча Кыргызстан президенттик башкарууга кайра өттү. Эми бийликтин эки тизгин бир чылбыры президенттин колунда болот. Азыркы тапта анын колунан бийлик талашкан деле таасирлүү оппозиция жок. Ошондуктан тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Садыр Жапаров өзү айткандай, бүткүл эркин жана күчүн көргөзүүгө убакыт келди. (КС)










