Коронавирустун "британ" штаммынын өзгөчөлүгү: катуу жөтөл, алсыроо

бейтап

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Коронавирустун "британ" штаммына таандык симптомдор: жөтөл, алсыроо, булчуңдардын жана тамактын оорушу, ал эми жыт сезбей калуу мурдагы "кытайлык" вариантындагыдай өтө катуу байкалбайт. Мындай түшүндүрмөнү Улуу Британиянын Улуттук статистика кызматы таратты.

Бул тыянак Covid-19 аныкталган Англиядагы алты миңдей кишиден алынган маалыматтарды изилдеп чыккандан кийин чыгарылган. Жыт сезбөө жана даам билбей калуу сыяктуу симптомдор жаңы штаммда азыраак. Ошого карабастан бул белгилер мурдагыдай эле илдеттин негизги симптому катары кала берет: жогорку температура, жөтөл, даам жана жыт сезбей калуу. Вирусту жуктуруп алгандарда оорунун ушул үч белгисинин жок дегенде бирөөсү байкалат.

Биринчи жолу Кент аймагында өткөн жылдын сентябрында аныкталган жаңы штамм вирустун алгачкы түрүнө караганда тездик менен тарап жатат. Ал Британиянын баардык аймактарынан табылды. Ошондон улам жаңы жуктуруп алгандар саны кескин көбөйүп кетти. Жыйынтыгында бийлик чектөө чараларын киргизүүгө аргасыз болду.

Жаңы штамм көбүрөөк өлүм-житимге алып келүүдө дегенге негиз бар. Бирок азырынча буга жетиштүү илимий далилдер жок.

Жаңы штаммды жуктуруп алган 3 миң 500 кишиден турган топтун:

  • 35% жөтөл
  • 32% алсыроо
  • 25% булчуңдардын жана дененин оорусу
  • 21,8 пайызында тамак оорусу болгон.

Мурдакы штаммы менен ооруган 2 миң 500 кишиден турган топто:

  • 28% жөтөл
  • 29% алсыроо
  • 21% булчуңдардын жана дененин оорусу
  • 19 пайызында тамак оорусу.

Жаңы штаммды жуктуруп алгандардын 15 пайызында жыт билүү жана 16 пайызында даам сезүү жоголгон. Вирустун баштапкы түрүнө кабылгандардын 18 пайызы даам жана жыт билбей калган.

Вирусолог жана молекулярдык онкология боюнча Уорик университетинин профессору Лоуренс Янгдын айтымында, Ухандан чыккан түрүнө караганда жаңы штаммда 23 түрдүү өзгөрүү байкалды.

"Вирустун структурасындагы айрым өзгөрүүлөр организмдин иммундук реакциясына таасирин тийгизип, инфекция козгогон симптомдорду пайда кылат",-деди окумуштуу.

Жаңы штамм организмге киргенде вирус тездик менен көбөйгөндүктөн инфекция денеге кеңири тарап, катуу жөтөлдү, булчуңдардын оорушу, алсыроону пайда кылат деди профессор Янг. (AbA)