УКМК: Өзбекстан тарап Матраимовду Кыргызстанга өткөрүп берди

Сүрөттүн булагы, Social media
УКМК билдирүү таратып, чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, өзбекстандык чек арачылар тарабынан кармалган кыргыз жарандары өткөрүлүп берилгенин ырастады.
Алар кыргызстандык жарандар Тилек Матраимов, ошондой эле Кочкорбаев Зиябиддинбек,Ахмедов Махсуд деп айтылат билдирүүдө. Булар 6-октябрда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн учурда өзбекстандык чек арачылар тарабынан кармалышкан.
Жогоруда ысымы аталган Тилек Матраимов Оштун Кара-Суу районунун акими. Ал бул кызматта сегиз жылдан бери иштейт. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция боюнча бир нече журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Райымбек Матраимовдун бир тууганы. Анын дагы бир агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты.
4-октябрда өткөн шайлоодо алдыңкы орунда алган "Мекеним Кыргызстан" партиясын ушул үй-бүлөгө байланыштырып келишкен эле. Шайлоонун жыйынтыгы массалык нааразылыктарга себеп болуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Демонстрацияларда коррупцияга аралашкандарды камакка алуу талаптары көтөрүлүп жатат. Учурда өлкөдөгү күч түзүмдөрүн тескеп жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев коррупция жана башка иштерге шектүүлөр чек арадан чыгып кетпеш үчүн атайын көрсөтмө берилгенин айтты.





